Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:04

Түркия: жер титирөө оор жоготууларга алып келди


Элазыгдагы каргашалуу күн
Элазыгдагы каргашалуу күн

8-мартта Түркиянын түштүк-чыгышында орун алган зилзаладан жапа чеккендерге жардам көрсөтүү иштери уланууда. Элазыг шаарында күчү 6 баллга жеткен жер титирөө 51 кишинин өмүрүн алып, жүздөгөн адам жараат алды.

Жер титирөөнүн боло турганын бир жылдан бери айрым сейсмологдор айтып келгени менен, таңга маал калк уктап жаткан кезде болгон зилзала жергиликтүү бийликтин шаштысын кетирди.

Кырсык орун алары менен аймакка барышкан вице-премьер-министр Жемил Чичек, мамлекеттик министр Жевдет Йылмаз, курулуш министри Мустафа Демир, саламаттык сактоо министри Режеп Акдаг жана айрым аймактык депутаттар өкмөт тарабынан көрүлчү чараларды талкууга алышты.

Элазыг шаарында 20 күндүн ичинде 25 жолу жер силкинген. Инөнү университетинин геология бөлүмүнүн башчысы, профессор Мехмет Өнал журналисттерге бул 20 жолу силкинүү алдыдагы чоң кырсыктан кабар берерин белгилеп, Чыгыш Анатолия аймагында орун алган Элазыг шаарында мындан кийин дагы көп силкинүүлөр болушу ыктымал экенин билдирди.

Стамбул техникалык университетинин металлургия факультетинин окутуучусу, профессор Нажи Гөрүрдүн айтымында, жергиликтүү калктын жер титирөө тууралуу маалыматы болбогону жана бийликтин сейсмологдордун эскертүүлөрүнө кулак төшөбөгөндүгү жоготуулардын оор болушуна алып келди. Өкмөт башчы Режеп Тайып Эрдоган жергиликтүү архитектуранын өзгөчөлүгү болуп эсептелген чопо тамдардын кесепети жаман болгонун белгиледи:

- Бул аймакты бүтүндөй кайра куруу зарыл. Ошон үчүн өкмөттүн алдындагы Курулуш мекемеси - ТОКИ ал жерде зилзалага чыдамдуу турак жайларды куруу үчүн иштерди баштады.

Жаңы турак-жайлар курулуп бүткөнгө чейин үй-жайынан айрылган айылдардын тургундары кыштын чилдесинде чатырларда кантип күн өткөрөөрү белгисиз. Стамбулдагы Кандилли Сейсмология борборунун башчысы Мустафа Эрдик калкты зилзаладан зыян тарткан турак жайларына кирбөө тууралуу эскертти.

- Кийинки бир жылдын ичинде көптөгөн силкинүүлөр болду. Кийинки кылымдын ичинде 5 баллдан күчтүү жер титирөө бул аймакта катталбаган эле. Тилекке каршы, бул кийинкиси абдан күчтүү болду жана бул тектоникалык сыныктагы кубулуштарды кылдат байкап барууга туура келет. Жердештерибиз зыянга учураган турак жайларына кайта кирбеши керек.

Табият кырсыгы боюнча Түркияга көптөгөн өлкөлөрдүн жетекчилери көңүл айткан телеграммаларды жиберишти. Кыргызстандын президенти Куманбек Бакиев Түркия президенти Абдулла Гүлгө жолдогон телеграммасында “кыргызстандыктар бир тууган түрк элине чын дилинен боор толгоп, туугандарынан, жакындарынан ажырап, оор жоготууга дуушар болгон адамдардын аза кайгысын тең бөлүшөөрүн” билдирди.

XS
SM
MD
LG