Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:16

Босогодо күткөн Түркия, талабы өзгөрбөгөн Евробиримдик


Европа биримдигинин комиссиясы Түркиянын биримдикке мүчө болуу ишинде бүгүнкү күнгө чейин басып өткөн жолуна баа берген 13-баяндамасын жарыялады.

8-ноябрда жарыяланган Еврокомиссиянын баяндамасында буга чейинки 12 баяндамага салыштырмалуу Түркиядагы реформаларга алда канча оң баа берилгени менен, анда расмий Анкарага бир катар талаптар коюлуп, айрым маселелерде сын пикирлер да айтылды.

Баяндамада басма сөз эркиндиги жана күрт тектүү адамдардын укуктарын кеңейтүүгө багытталган демократиялык аракеттердин токтоп калышы, Судьялар жана прокурорлор кеңешинин туруму алмашканы менен ага Адилет министирлигинин төрагалык кыла берүүсү айтылып, өлкөдөгү “Алави” тобуна мүчө мусулмандардын жана башка динге ишенгендердин эркиндиги, алардын көйгөйлөрүнүн чечилбей жатышы өңдүү жагдайлар сынга алынып, түрк өкмөтүн бул маселелерди тез арада чечүүгө чакырык ташталды.

Түркиянын өкмөт башчысы Режеп Тайып Эрдоган Евробиримдиктин баяндамасы жарыяланар алдында биримдикти Түркияны мүчөлүккө кабыл албоонун амалын жасоодо деп айыптады. Расмий Анкара Евробиримдиктин босогосунда күтө берүүдөн тажаганын баса белгилеген Эрдоган “Рейтер” агенттигине курган маегинде буларды айтты:

- Бизди 50 жылдан бери Биримдиктин босогосунда күттүрүп келишет. Биз дагы деле күтүп жатабыз. Бирок бул абал бизди да, Түркиянын коомчулугун да иренжитти.

Түркиянын Евробиримдик менен сүйлөшүүлөрү 2005-жылы башталган. Биримдиктин талаптарына шайкеш келтириле турган 35 тармактын бүгүнкү күнгө чейин бирөө гана ачылды. 13 тармак боюнча сүйлөшүүлөр башталып, 21 тармак али жабык бойдон турат. Түркия тез арада бардык тармактардагы иштерди баштоону каалаганы менен, өзгөчө Франция менен Кипр буга тоскоолдук жасап келет.

Еврокомиссиянын жооптуу өкүлү Стефан Фүле мүчө болуу жараянындагы эң олуттуу деп саналган Кипр маселесинде Анкараны жаңы кадамдарды таштоого чакырды:

- Түркия портторун Кипрдин грекиялык кемелерин колдонуусуна ачуусун талап кылган кошмо протоколду шашылыш түрдө ишке ашыруусу зарыл. Болбосо мүчөлүккө өтүү аракетинен оң жыйынтык чыкпай кала бериши мүмкүн.

Лондондогу Chatham House изилдөө борборунун “2010-жылдын мамлекет башчысы” аттуу сыйлыгын алуу үчүн Британияга барган түрк президенти Абдулла Гүл сүйлөшүү тармактарынын ачылышы үчүн Түркияга кысым көрсөтүүгө эч кимдин акысы жок экенин билдирди.

- Биз жан дилибизден Кипр маселесинин чечилишин каалайбыз. Бирок Кипрдеги гректерди шашылып Евробиримдикке кабыл алышты. Эми алар улам бир тоскоолдуктарды жаратып, Түркияны ийге келтирүүгө аракеттенип жатышат. Түркия бир катар кадамдарды таштап келди, бирок мындан эч кандай майнап чыккан жок.

XS
SM
MD
LG