Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:34

Түркия: келечек биримдикте


Түркиянын Стамбул шаарында 65 өлкөдөн келген 3 миңге жакын ишкердин катышуусунда 14-эл аралык бизнес форум өз ишин улантууда.

Форумдун ачылышында өкмөт башчы Режеп Тайып Эрдоган мусулман өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташтыктын келечеги жана Түркиянын Евробиримдик менен байланышы жөнүндөгү пикири менен тең бөлүштү.

“Түркия Батышка артын салып, багытын Чыгышка буруп жатабы” деген түкшүмөл ойлор али басыла элек маалда Стамбул шаарында 6-октябрда башталган 14-эл аралык бизнес форумда ислам өлкөлөрүнүн ортосундагы кызматташтыкты жана экономикалык карым-катнаштарды күчтөндүрүүнүн чаралары талкууга алынып жатат.

Түркиянын МУСИАД аттуу Эркин өнөр жай ишмерлери жана соодагерлер бирикмеси тарабынан уюштурулган форумду ачып, өкмөт башчы Режеп Тайып Эрдоган түрк экономикасынын учурдагы абалы жана келечектеги артыкчылыктуу багыттары тууралуу маалымат берди.

- Түркия дүйнөлүк каржы кризисин өзүнүн уникалдуу ыкмалары менен жеңип чыкты. Биз Эл аралык валюта корунан жардам сураган жокпуз. Түркиянын Эл аралык валюта коруна карызы 8 жыл мурда 23,5 миллиард доллар эле. Бүгүн 6 миллиард гана доллар калды.

Эрдоган “кошуна өлкөлөр менен проблема жок” деген ураан алдында жүргүзүлгөн тышкы саясаттан улам аймактагы өлкөлөр менен экономикалык мамилелер күндөн күнгө өсүп келатканын баяндап, мусулман өлкөлөрдү Түркияда иш жасоого үндөдү.

- Өлкөбүз ар бир тармакта ири инвестицияларга ачык. Жеке ишкерлер деңгээлинде болобу, биргелеше ишкана түзүү аркылуу болобу, көптөгөн иштерди жасоо мүмкүн.

2010-жылдын алгачкы жарымында экономикасынын өнүгүү темпи 11 пайыз болгон Түркия бул багытта Кытай менен жарышып жатат. Айрым европалык өлкөлөрдүн, анын ичинде Германия менен Франциянын каршылыгынан улам Евробиримдикке мүчө болуу тууралуу сүйлөшүүлөр ойдогудай жүрбөй жатканынан Түркия бул жаатта да ишин баштады. 6-октябрда Польшанын, 7-октябрда Австриянын тышкы иштер министрлерин коноктогон түрк өкмөтү, кийинки аптада Франциянын тышкы иштер министрин тосуп алып, мүчөлүк маселесин талкууга алат.

Өкмөт башчы Режеп Тайып Эрдоган Стамбулдагы форумда бул маселеге да өзгөчө токтолуп, Европа өлкөлөрүнүн дарегине сын айтты.

- Бизди Евробиримдикке кабыл аласыңарбы, же жокпу – биз үчүн эч кандай айырмасы жок. Эгерде Түркияны кабыл алгыңар келбей жатса ачык айткыла. Бизди бекер убара кылбагыла.

Борбор Азия өлкөлөрүн Батыш менен байланыштырган Жибек жолун куруу, биргелешкен ишкана ачуунун мүмкүнчүлүктөрү, глобалдык базардын келечектеги проблемалары, инвестиция тартуу, анын алдындагы бөгөттөрдү жоюу өңдүү маселелер талкууланып жаткан форум 10-октябрда жыйынтыкталат.

XS
SM
MD
LG