Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:35

Тажик бийлиги ислам окуу жайларынан студенттерин чакырып алууда


Карачинин Жамия Бенуриа мечитиндеги медресенин студенттери сынак маалында.
Карачинин Жамия Бенуриа мечитиндеги медресенин студенттери сынак маалында.

Пакистан менен Египеттин диний окуу жайларына окуп жаткан жүздөгөн тажикстандык жаштар мекенине кайтарылууда.

Бул эки өлкөдөгү Тажик дипломаттары чет жерде ырасмий уруксаты жок окуган студенттер Ата журтуна ыктыярдуу түрдө кайтарылып жатканын билдиришти. Ал эми Билим берүү министрлигинин жооптуу кызматкеринин түшүндүрүшүнчө, студенттерге мыйзамсыз же жарым өкмөттүк медреселерде Куран гана окутулгандыктан, алар өлкөгө чакырылып жатат. Кыргызстандан чет өлкөлөрдөгү ислам окуу жайларында окуган жаштардын саны да беймаалым.

Дүйшөмбүдөгү диний-дүниябий мектептин студенттери.


Ислам дүйнөсүнө ачылган эшик жабылууда

Cовет өкмөтү кулаганга дейре чет өлкөлөрдөгү ислам окуу жайларына бийлик ишенген саналуу гана адамдар жөнөтүлгөн. 1990-жылдардын башынан экс-советтик Борбор Азиянын, айрыкча Тажикстан менен Кыргызстандын жаштары сырт өлкөлөрдөн каалагандай билим алуусуна кеңири жол ачылды. Мусулман жаштар көбүн эсе Египет, Түркия, Сауд Арабиясы, Пакистан, Йемен жана башка өлкөлөрдө окушат. Диний окуу жайларга алар негизинен өз алдынча кетишкен. Алардын ичинде Каирдеги атактуу “ал-Асхар” университетине катар, маалыматтарга караганда, Пакистан же Йемендеги радикалдуу топтордун медреселеринде окугандар да бар.


Быйыл августта Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон чет өлкөлөрдө медреселерде окуган балдардын ата-энелерине кайрылып, балдары радикалдуу исламчыл топтордун жетегине өтүп кетпес үчүн, аларды мекенине чакырып алгыла деп сураган. Ошондуктан кээ бир серепчилер ислам окуу жайларында окуган тажик улан-кыздарды өз журтуна кайтаруу жараянын президент Рахмондун береги сураныч-буйругун аткаруу үчүн жасалган кадам катары баалашат. Бирок Тажикстандын Исламабаддагы элчиси 10-ноябрда Пакистанга өлкөдөн мыйзамсыз же уруксатсыз келип окуп жүргөн 200дөн ашуун студент артка жөнөтүлгөнүн билдирди. “Бүгүнгө карай Пакистандын чоң медреселеринде окуган студенттердин дээрлик баары-204 талаба өлкөгө жөнөтүлдү,”-деди элчи Зубайдулло Зубайдов “Азаттыктын” тажик бөлүмүнө берген интервьюда. Дипломаттын айтымында, дагы 100дөн ашык студент жол киреге акча күтүшүүдө.

Каирдеги "ал-Асхар" мечити.

Египетте окуган 130дан ашуун студент өлкөгө кайтарылганын Каирдеги Тажик консулу Мухаммад Музафаров маалымдады. Консулдун айтышынча, "Египет өкмөтү ырасмий квота бергенден кийин өлкөгө кеткен береги жаштар бир-эки жылдын ичинде Билим берүү министрлиги менен Дин боюнча мамлекеттик комитеттин жолдомосу менен кайра келип окуусун уланта алышат".

Музафаров ошол эле учурда Египеттеги окуунун сапаты жөнүндө эч кандай кооптонуу жок экенин баса белгиледи. Бирок, Дүйшөмбү аэропортунда Египеттен келчү небересин күтүп турган Салмон деген киши Тажик бийлиги кысым жасаганга байланыштуу чет өлкөдөгү студенттер мекенине кайтып жатканын “Азаттыктын” кабарчысына айткан. Салмон аксакалдын небереси Каирдеги белгилүү “ал-Асхар” университетинде окучу.


Каирде бир нече жылдан бери төрт баласы менен жашап жаткан Рукия деген тажик аял бийлик өкүлдөрү бөтөн жерде дин жолунда окуган балдардын үйлөрүн кыдырып, балдарын чакырып алууну талап кылышканын айтат. “Кимге өз өлкөсү жакпасын. Египеттен адамдар ыйлап кетип жатышты. Бийлик адамдары алардын ата-энесине келип, балдарын чет өлкөдөн чакырып алууну талап кылышкан экен”,-дейт Рукия айым.


Сырттагы медреселерде канча кыргызстандык окуганын ким билет?

Бишкектеги чоң мечиттеги жума намаз учуру. 24-июль, 2009

Кыргызстанда да араб өлкөлөрүндөгү, ошондой эле Түркия, Пакистан жана Малазияда диний билим алып жүргөн студенттер бар. Дин иштери боюнча өкмөттүк комиссиянын башчысы Болотбек Абдракманов ал студенттердин саны буга чейин эсепке алынбаганын жана буга чейин диний билимдүү болууну каалагандардын баары эле сырт жактарга өз алдынча кетип жатканын айтты:

- Бизде так маалымат жок. Биз азыр чет өлкөлөрдөгү диний окуу жайларда билим алып жүргөн жаштарды тактап жатабыз. Эмне үчүн дегенде, көп жылдардан бери бул жараян өкмөт жактан да, муфтият тарабынан да көзөмөлдөнбөптүр. Себеби биздин жарандар жолдомосуз эле барып, өз алдынча окуп калышат.

Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Чубак ажы Жалилов да аларда чет өлкөлөрдө окуп жүргөн жаштардын так саны тууралуу муфтиятта маалымат жок экенин өкүнүч менен белгиледи:

- Тилекке каршы бизде андай маалымат жок. Себеби көпчүлүк туугандарыбыз бизге айтпай туруп эле өздөрү жасалма кагаздар менен кеткен. Былтыр чет мамлекеттерге биздин студенттер боюнча кат жөнөтсөк, Пакистан жана Малайзиядан гана ырасмий жооп келди. Башка өлкөлөрдөн жооп болбоду.

Диний комиссиянын башчысы Болотбек Абдракмановдун айтымында, кыргыз бийликтеринде чет өлкөлөрдө ислам окуу жайларында өз алдынча барып окуп жаткандарды чакырып алуу ниети жок. Анткен менен Абдракманов айрым жаштар радикалдуу топтор көзөмөлдөгөн медреселерде билим алышы этимал экенин жокко чыгарган жок.

“Ал деле мүмкүн. Эмне дегенде, биз аларга мына бу окуу жайга бар деп айтпагандан кийин кээ бирлер өз жолу менен кетип, ошондой (радикалдуу топтор көзөмөлдөгөн) окуу жайларга кирип калуусу мүмкүн. 100 процент андай болбойт деп эч ким да айта албайт,”-деди Кыргыз өкмөтү алдындагы дин иштери боюнча комиссиянын башчысы Болотбек Абдракманов.

XS
SM
MD
LG