Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:57

АКШнын мамлекеттик департаменти Орусияны сынга алды


АКШнын мамлекеттик департаменти адам укуктарынын өткөн жылдагы абалын талдаган кезектеги докладын жарыялады. Докладды түзгөндөр Орусиядагы кырдаал керагар кеткенин, улуттук коопсуздук кызыкчылыктарына шылтоолоп, өкмөт жарандык эркиндиктерге жапырык жасоону улантканын көрсөтүшөт.

Документте Орусияда журналисттерге кысым көрсөтүү, Түндүк Кавказда киши өлтүрүү мурдагыдай эле уланууда деп айтылган.

АКШнын мамлекеттик департаментинин документинде бир жыл ичинде көрүнүктүү укук коргоочу Наталья Эстемирова баш болгон укук коргоочулар менен 8 журналист өлтүрүлгөнү белгиленет.

Докладда “бийликтин массалык маалымат каражаттарынын редакциялык саясатына түздөн түз кийлигишүүсү Орусияда маалымат каражаттарын көз каранды абалга дуушар кылды. Алардын эркин ой-пикир айтуусун бошоңдотту. Сын материалдарды басуудан качыруу үчүн көз карандысыз маалымат каражаттарына азыр да кысым көрсөтүү уланууда. Бул же тигил журналистти коркутуп-үркүтүү акыры келип, алардын өзүн-өзү цензуралоого алып келди” деп айтылган.

Мамдепартаменттин документинде Түндүк Кавказдагы абал өзгөчө катуу сынга алынган. “Чеченстан, Ингушетия жана Дагестанда тергөөсү жок, соту жок дайынсыз жоголгондордун саны артууда. Мындан сырткары тартип коргоо органдарынын кызматкерлерине кол салуу да көбөйдү” деп айтылат.

Human Rights Watch уюмунун жетекчилеринин бири Рейчел Денбердин баамында, Орусияда адам укугунун оңолбошунун өзгөчө себеби бар:

- Жагдайдын начарлашы биринчи кезекте укук коргоочулар менен журналисттерди өлтүрүү фактыларынын артып кетишине байланыштуу. Экинчиден, бул кылмышка баргандардын жазага тартылбашына да байланыштуу. Мындан тышкары сөз эркиндигине кысым жасалууда.

Орусиянын премьер-министри Владимир Путин өткөн жылы 6-февралда журналисттерге буларды айткан:

- Сөз эркиндиги жана адам укугуна байланыштуу кандай гана маселе болбосун, аны талкуулоого Орусия даяр.

11-мартта Мамлекеттик департамент жарыялаган докладга орус бийлиги азырынча пикирин билдире элек. Ошол эле учурда өлкөдө бийликтин уруксатысыз митингдерди өткөрүү акыркы маалда кыйла кулач жайууда. Мындай митингдерде экономикалык гана эмес, саясый да талап койулуп, адегенде өкмөт башчы Путиндин кызматтан кетиши талап кылынууда.

Ал эми айтылуу адвокат Михаил Трепашкин буларды белгилейт:

- Путиндин саясаты миңдеген күнөөсүз адамдарды эркинен ажыратты. Бир кыйла адамга саясий негизде өкүм чыгарылган.

Мамлекеттик департаменттин документинде орусиялык укук коргоочуларга шилтеме жасалып, Алексей Соколов, Зара Муртазалиева, Валентин Данилов, Игорь Сутягин, Михаил Ходорковский жана Платон Лебедев саясий туткундар деп таанылган.

XS
SM
MD
LG