Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:15

Адам укуктары: Кыргызстанда абал кейиштүү


АКШ Мамлекеттик катчысы Хилари Клинтон
АКШ Мамлекеттик катчысы Хилари Клинтон

АКШнын Мамдепартаменти Адам укуктарынын абалы боюнча 2009-жылды иликтеген баяндамасын жарыялады. Баяндаманын Кыргызстанга арналган бөлүгүндө белгисиз жагдайда адам өмүрү кыйылган фактылар, мыйзамсыз кармоолор жана камоолор, маалымат каражаттарынын эркиндигинин чектелиши, жарандардын эркин жыйындарды өткөрүү укуктарынын басмырланышы, оппозициялык лидерлердин камалышы, коррупциянын күчөшү жана башка толгон-токой кейиштүү көрүнүштөр көрсөтүлгөн.

"Бул баяндамалар дүйнө жүзүндөгү адам укуктарын коргоодо тайманбастан күрөшкөн активисттер үчүн, адам укуктарын бузууда ким алдыда экендигин талбастан баяндаган журналисттер, окумуштуулар үчүн жана кайсы гана жерде болбосун адам укутарын коргоону максат кылган мамлекеттер, анын ичинде биздин өзүбүздүн өкмөтүбүздү кошкондо өтө маанилүү курал”, - деди АКШнын мамкатчысы Хилари Клинтон Адам укуктарын коргоону жүзөгө ашыруу боюнча жаңы баяндаманын жарыяланышына байланыштуу маалымат жыйында.

Аталган докладдын Кыргызстан тууралуу бөлүгүндө адам укуктарынын төмөнкүдөй көйгөйлөрү белгиленет: жарандардын өкмөткө карата өз оюн билдирүү укуктарынын чектелиши, белгисиз жагдайдагы адам өмүрүнүн кыйылышы, кыйноо, укук коргоо органдары тарабынан адам укуктарынын тепселиши, бети ачылбаган кылмыштар, түрмөлөрдөгү начар абал, негизсиз кармоолор жана камоолор, мыйзамдын көз карансыздыгынын жоктугу, бейөкмөт жана оппозициялык уюмдарга карата мамлекеттик тараптардан болгон кысым, көз карандысыз медиага басым көрсөтүүлөр, тынч чогулууларды уюштурган лидерлердин камалышы, качкындарга тийиштүү деңгээлде бийлик органдары тарабынан көмөк көрсөтүлбөгөнү, коррупциянын өсүшү, аялдарды, майыптарды, этникалык жана диний, гендердик азчылыктарды басынтуу, балдар укуктарын басмырлоо, адам сатуу жана балдар эмгеги боюнча укуктардын бузулушу орун алган.

2009-жылкы баяндамада Кыргызстанда жаңы көрсөткүч - мамлекет тарабынан бейөкмөт жана оппозициялык уюмдарга карата болгон кысым киргизилген.

АКШда жашаган саясатчы Равшан Жээнбеков жаңы жарык көргөн Мамлекеттик департаменттин баяндамасы менен таанышып чыгып,
“Азаттыкка” өз оюн билдирди:

- Мамлекеттик Департаменттин билдирүүсү боюнча Кыргызстандагы азыркы абал абдан кыйын. Алар И. Исаковду, Э.Бөлөкбаевди жана аны менен бирге жаткан эки кыргыздын Петровкадагы жигитин, А. Жекшенкуловду өзгөчө бөлүп белгилешкен.

Мамкатчы Клинтон бул жолку сөзүндө дагы эки нерсеге басым жасады: биринчиси, күзүдө Улуттар Уюму тарата турган Адам укуктары боюнча билдирүүгө АКШ дагы өз көз карашын кошо тургандыгын; экинчиси, ар кайсы мамлекеттердеги бейөкмөт уюмдарга көбүрөөк көңүл буруп, колдоо көрсөтүлөөрүн айтты.


2009-жылдагы Кыргызстандын Акыйкатчы институту даярдаган баяндамада өлкөдөгү адам укуктарынын абалы канааттандырарлык, ошол эле учурда башкаларга үлгү болоорлук да нерселер бар экени айтылган. Акыйкатчы Турсунбек Акун тынч жыйын, көчө жүрүштөрүн, нааразылык иш-чараларын өткөрүүгө болгон укуктун сакталышы боюнча проблемалар арбын экенин белгилеген.

Мамлекеттик Департаменттин Адам укуктары боюнча жылдык баяндамасы 34 жылдан бери такай жарыяланып келет. Баяндама бардык өлкөлөрдө адам укуктары жаатында кылдат иликтөөлөрдү жүргүзүп, анын жыйынтыгын дүйнөлүк коомчулуктун назарына алып чыгат.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG