Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:01

Орусияда журналистти сабап кетишти


Журналист Олег Кашин, 2009-жылдын 20-августунда тартылган сүрөт.
Журналист Олег Кашин, 2009-жылдын 20-августунда тартылган сүрөт.

Ишембиге караган түнү Москвада «Коммерсант» гезитинин журналисти Олег Кашинди кимдир бирөөлөр ырайымсыздык менен сабап кетишти. Шаардын №36 ооруканасына жеткирилген журналистке операция жасалып, эс-учуна келе албаган бойдон жатат.

Орусия президенти Дмитрий Медведев өлкөнүн Баш прокурору менен Ички иштер министрине Олег Кашиндин ишин иликтөөнү өзгөчө көзөмөлгө алууну тапшырды. Окуя боюнча «Киши өлтүрүү максаты менен кол салуу» беренеси менен кылмыш иши козголду.

Олег Кашин иштеген «Коммерсант» орусиялык көзгө басар бир нече либералдык маанайда чыкчу гезиттердин бири. Интернеттеги блогу да кыйла өнүккөн чыгаан журналист башы жарылып, мээси чайкалып, манжалары бычырап, жото жилиги чорт сынганы дайын болду. Тил оозуна келе элек. Доктурлар машине жардамы менен жасалма дем алдырып, кармап турушат.

Олег Кашинге кол салуу журналисттин ишмердигине байланыштуу экенин «Коммерсант» баш редактору Михаил Михайлин айтат:

- Бейбаштык, карактап тоноо экен деш мүмкүн эмес. Эмне дегенде, Олегдин баштыгында кымбат баалуу техника, ай-пад, чөнтөк телефон, акча, документтери болгон. Баары ордунда. Кол салгандарды алар кызыктырган эмес.

Кылмыш иши балким мындан оор берене менен алмашарын Орусия прокуратура астындагы иликтөө комитетинин ырасмий өкүлү Владимир Маркин билдирди:

- Журналист турган үйдүн эшигине орнотулган аппаратта кол салгандар экөө экени тартылып калган. Алар экени чын болсо анда кылмыш иши башкача болуп которулат.

Олег Кашиндин көп макаласы Химки токоюн коргоо кыймылына арналган. Баса, Химки токоюн коргоочулардын бири Константин Фетисов да кимдир бирөөлөр тараптан 4-ноябрда таяк жеп, ооруканада эсине келе албаган бойдон жатат.

Серепчилер айтышынча, эки кол салуунун буюртмасы бир. Анын натыйжасы – буларга окшогон мыкаачылыкты көргөн жарандар суу жүрөк болуп калышууда. Бөйдө жерден көзү тазаланып, же денсоолугу жабыр тартаарын түшүнүү – аларды жалтак кылууда.

Орусия журналисттер үчүн эң коркунучтуу өлкө катарына кирет. Оппозициядагылар жана либералдык маанайда жазчу журналисттер кылмышкерлер курманы болуп турушат. Укук коргоочулар менен журналисттер кесиптик уюмдары Орусия бийлигин маалымат каражаттарында иштегендерди коргоп берүүсүн өтүнүп, кол салган кылмышкерлерди таап, жазасын берүүнү талап кылып келгени белгилүү. Ушул күнгө дейре Анна Политковская менен Наталья Эстемирова жана канчалаган журналисттерди өлтүргөндөрдү бийлик кармай албай келет.
XS
SM
MD
LG