Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:08

Гаитидеги кырсыкка жамынып, калп сүйлөгөн медиаберендер


Россия өкмөттүк Russia Today сайты.
Россия өкмөттүк Russia Today сайты.

Гаитиде 12-январда болгон зилзаладан кийин Венесуэла, Россия жана Ирандын өкмөттүк маалымат булактары апаат АКШ жашыруун куралды сынагандан улам болгонун жарыша кабарлашты.

Берегидей маалыматты Венесуэланын ViVe TVcы Россиянын Түндүк флотуна шилтеп кабарласа, Москванын англис тилдүү РТ телеканалы Венесуэла лидери айтты деп билдирди.

"Өрдөктү" оболу ViVe TV учурду

Гаитидеги эсепсиз адамдардын өмүрүн жалмап, дагы 1,5 миллиондой адамды там-жайсыз калтырган 12-январдагы зилзала Венесуэла, Иран жана Россиянын өкмөттүк маалымат каражаттарынын ырасташынча, табигый кырсык эмес, АКШнын “кара сантайлыгынын жемиши” экен.
АКШлык аскерлер Порт-о-Принстеги Гаити президентинин сарайына чукул жерде күзөттө турушат. 21-январь 2010


Мындай маалыматтын булагы оболу Венесуэланын өкмөттүк ViVe TVcынын сайты болду. Анын сайты 18-январда Россиянын Түндүк деңиз флотуна шилтеп, АКШ деңиз куралдарын сынап, Гаитини аңтар-төңтөр кылды деп, 9-январда Калифорниянын Юрика шаарында болгон зилзала үчүн да АКШнын деңиз флоту жооптуу экенин жазды. Жаңы курал келечекте Иранга каршы колдонулат, деп кошумчалайт ViVe TVcынын сайты.

Калпты Russia Today кайталады

Анын артынан эле бул кабарды Венесуэла президенти Гуго Чавес сөзмө-сөз кайталады жана эстафета Москванын англис тилдүү Russia Today телеканалына өттү. Англис тилинде чыкчу орус телеканалы - Russia Today 20-январда мындай кабар берди:

- Венесуэланынын лидери Уго Чавес Гаитидеги алаамат жер тирөөнүн артында АКШ турганын айтып, Кошмо Штаттарды кайрадан Кудай менен ойноодо деп күнөөлөдү. Испандардын “АВС” гезити Чавестин “АКШнын деңиз күчтөрү Гаитинин жээгинде кубаттуу жер тербетүүнү жарата алчу куралды сынады” деген сөзүн жазды. Чавес (АКШнын) түпкү максаты Иранды кыйратып, басып алуу экенин кошумчалайт.

Бирок россиялык телеканал испан гезитинен (“АВС”) айрымаланып, маалымат булагы Россиянын Түндүк деңиз флоту экенин айткан жок. Деги эле Russia Today Гаитидеги жер титирөөнү чагылдырууда анти-америкалык теманы кеңири пайдаланды. Атүгүл АКШ кризисти пайдаланып, “Гаитини басып алууда” дегенге чейин барды.

Венесуэла президенти Хуго Чавес АКШнын 1 долларын көрсөтүүдө. Каракас. 23-январь 2005
Анти-америкалык "өрдөктү" Иран да учурду

Бул өнөктүктүн үчүнчү сүрөөнчүсү Иран болууда. 23-январда Ирандын PRESS TVсы АКШнын Түштүк бирикмесинин орун басар командири, генерал-лейтенант Кен Киин зилзала учурунда Гаитиде жүргөн деген маалыматты көбүртүп-жабыртып жиберди. Атап айтканда, АКШ супер куралды сыноо Гаитиге чоң алааматты алып келерин билип, Кен Киинди мурдатан өлкөгө жиберген деп тыянак чыгарды.

Генерал-лейтенант Кен Киин азыр Гаитиде куткаруу жана гуманитардык иштерди аткарып жаткан АКШлык аскерлерди жетектөөдө.

Иран өкмөттүк PRESS TV телеканалы ошондой эле бул окуяга АКШнын жана Россиянын массмедиасы, анын ичинде Fox News жана Russia Today "өзгөчө көңүл буруп жатканын" эскертти.

Чынында, америкалыктардын Fox News телеканалы президент Чавести серкеге салыштырып, анын жүрүм-турумун шылдыңдаган кабарлар менен чектелген.

Russia Today этегин кантип жапты?

Баса, Russia Today 20-январда Россиянын ИНТЕР ФАКС агенттиги тараткан маалыматты берип, өзүнүн Гаитидеги жер титирөөнүн себебине байланыштуу кабарын төгүнгө чыгарды. ИНТЕР ФАКСтын билдиришинче, Түндүк деңиз флотунун өкүлү Атлантика деңизинде жайгашкан флоттун Гаитидеги зилзалага тийиштүү эч кандай маалымат таркатпаганын билдирип, кырсыктын себеби жөнүндө кээ бир маалымат булактары жайылткан кабарды “курулай калп” деп атаган.

Гаитиде катуу зилзала болду
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:03 0:00

XS
SM
MD
LG