Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:23

Кыргыз журналисттерине биримдик жетишпейт


Киши колдуу болуп көз жумган журналист Алишер Саиповду кесиптештери унутпай эскерип турушат
Киши колдуу болуп көз жумган журналист Алишер Саиповду кесиптештери унутпай эскерип турушат

8-сентябрь - журналисттердин эл аралык тилектештигинин күнү. Бул күндү белгилеп туруу чечими 1957- жылы Бухарестте журналисттер уюмдарынын конгрессинде кабыл алынган.

Журналистердин эл аралык тилектештигинин күнүн негизги мааниси дүйнөдөгү маалымат каражаттарынын өкүлдөрү өз укугун коргой билүүсүнө тыгыз байланыштуу.

«Журналисттер» коомдук бирикмесинин жетекчиси Марат Токоевдин айтымында, Кыргызстандагы ММКнын айрым өкүлдөрүнүн сабалып, куугунтукталып, соттолгон жагдайлар журналисттер арасында тилектештикти аргасыз жаңыдан гана пайда кылып келатат.

-Өлкөдө канчалаган журналисттер, теле алып баруучуларды сабап кеткен учурлар болду. Башка өлкөлөрдүн ММК өкүлдөрү менен биздикин салыштырууга такыр мүмкүн эмес. Азыр башка бир журналисттин башына келип жаткан кырдаал, эртең башка кесиптештердин башына келип калаары толук мүмкүн.

Марат Токоевдун пикиринде өлкөдөгү журналисттердин ички мамилеси бир кожоюндун же бир топтун көз карашынын чегинде чечилип, ортодо оппозициячыл, өкмөтчүл сыяктуу оң жана сол жээктерге бөлүнүү, ажырым бар.

Эл аралык “Заман Кыргызстан” гезитинин башкы редакторунун орун басары Абдыкерим Муратовдун пикиринде өлкөдө кийинки кездерде журналисттик кесип коркунучтуу, кооптуу болуп баратат.

-Себеби бул кесиптеги адамдарды сыйлабагандык, алардын жумушун урматтабагандык болсо, экинчиден журналисттердин дүйнөлүк ММК өкүлдөрү сыяктуу өздөрүнүн анчалык кадыр- баркы жоктугуна байланыштуу. ММКда бир “балалык оору” тургансыйт. Айталык кимдир бирөөлөрдүн жеке керт башына асылуу, айрымдарды атайын шылдыңга алуу, чындыкты бурмалоо сыяктуу фактылар да кезигет.

“Назар” гезити менен соттошуп жаткан “Айат-пресс” жумалыгынын башкы редактору Жылдыз Мусабекова “учурда Кыргызстанда журналисттердин эч кандай тилектештиги жок, атаандаштыгы гана бар деген пикирин “Азаттыкка” билдирди.

- Азыр Кыргызстанда журналисттердин жүз пайыз тилектештиги жок деп так кесе айталам. Бизди өкүндүргөнү журналисттердин ынтымагы жок. Бири-бирине тилектештигин билдире албайт. Себеби ар бир гезиттин артында атаандаштык, биринчи болуу аракети жатат. Биз тилектешпей эле “Назар” гезитинин башкы редактору Бабырбек Жээнбеков менен соттошуп жатабыз. Ал бизди эле эмес, Кыргызстандагы бир нече гезиттерди сотко берди. Маселен, чет өлкөлөрдө бир журналист туткунга туш болсо, бүт дүйнө жүзүндө жана башка агенттиктер кошулуп аны боштондукка чыгарабыз деп акция өткөрүшөт. Ал эми Кыргызстанда канча журналистти атып, сабап кетти, камады. Айрым кесиптештерибиз эч кандай реакция кыла алган жок. Болгону ошол окуяны чагылдырды, бирок адамдык же алардын укугун коргогон учурду кезиктирүүгө болбойт.

“Назар” гезитинин башкы редактору Бабырбек Жээнбеков ачууга алдырып, такталбаган маалыматтарды жарыялаганы үчүн бир нече гезитти сотко бергенин ачык айтып, саясатчылардын жолуна түшпөй, журналисттер ынтымакка келип, тилектеш болуу ниетин билдирди.

Ал эми “Кыргыз туусу” гезитинин башкы редактору Кыяс Молдокасымов болсо журналисттердин тилектештигин коомдогу абал менен көбүрөөк байланыштырат. Анын баамында эки жээкке бөлүнүү Акаевдин мезгилинде болсо, учурда журналисттерде мекенге күйгөн жана күйбөгөн ажырым бар.

- Бизде тилектештик жок дегенге болбойт. Акаевдин бийлиги учурунда бири өкмөтчүл, бири оппозиция, бири тууганчыл болуп бөлүнгөн болсо, азыр журналисттер да мекенге күйгөн жана күйбөгөн агым менен кетип баратат. Мен мекен үчүн күйгөн журналисттердин ушундай тилектеш болушун кубаттайм.

Учурунда абакта олтуруп чыккан журналист Жыпаркүл Арыкованы, белгисиз бирөөлөр сабап кеткен Сыргак Абдылдаевди, куугунтукталып чет өлкөлөрдө баш паанек кылып жүргөн бир нече журналисттерди колдоо катары чакан акциялар да уюштурулган.

Сыргак Абдылдаевдин апасы Гүлжамал Абдылдаева уулу чет өлкөнүн биринде ден соолугун чыңдап жатканын айтып, айрым журналисттер тилектештик кылып, учурунда жардам бергенине ыраазычылыгын билдирди.

Соңку жылдарда Кыргызстанда журналисттер Алишер Саипов менен Алмаз Ташиев киши колдуу болуп көз жумду. Ал эми Кайрат Биримкулов, Чолпон Орозобекова, Жеңишбек Эдигеев, Турат Бектенов, Хабира Мадиева, Сыргак Абдылдаев сыяктуу бир катар журналисттер чет өлкөлөрдө качкын катары баш паанектеп жүрөт.


XS
SM
MD
LG