Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:46

Сабалган журналист Алмаз Ташиев көз жумду


Алмаз Ташиевди урган делген милиция кызматкеринин тил каты.
Алмаз Ташиевди урган делген милиция кызматкеринин тил каты.

12 күн мурда Ноокат районунда сабалып, оор абалда ооруканада жаткан журналист Алмаз Ташиев жекшембиде кечке жуук дүйнө салды. Жакындары аны милиция кызматкерлери себепсиз сабаганын билдирүүдө.

Буга чейин республикалык бир катар басылмаларда иштеп келген журналист, 32 жаштагы Алмаз Ташиев акыркы убакта “Агым” гезити менен кызматташып жүргөн. Ушул айдын башында ал өз иштери менен кичи мекени – Ноокат районуна барган.

Биз Алмаз Ташиев оор абалда райондук ооруканада жаткан убакта барып, окуянын чоо-жайын иликтөөгө алган элек.

Иниси Мелис Ташиевдин айтымында, бир тууган агасы Алмаз классташы Рустам Кулушев экөө 4-июлда эртең менен Ноокат районундагы Жаңы-Базар айылындагы милиция бөлүмчөсүнө паспортко документ даярдаганы барышкан. Ошо маалда ички иштер кызматкерлери аталган бөлүмчөгө (ПОМ) башчы болуп дайындалган Жеңиш Осмоновдун жаңы жумушун «жууп» олтурушкан.

- Жеңиш Осмонов Жаңы-Базар милиция бөлүмчөсүнө (ПОМго) начальник болуп барганын кесиптештери менен белгилеп, мас абалында кеңседен чыгып баратышканда, тиги экөө алдынан туш келген. Анан бир нерседен улам айтыша кеткен, - деп эскерет Мелис Ташиев. - Тигилер он төртөө болгон. Алмаз акемди дароо тепкилеп таштаган. Жанындагылардын айтымында, ПОМдун башчысы «алып барып РОВДга таштагыла» дегенине карабастан, талаага ыргытып ийишкен. Анан кайра алып келип, «башка айылдан токмок жедим деп мойнуңарга алып жазгыла!» дегенде көнбөй коюшкан. Дагы сабашкан. Акыры көз айнеги сынып, милиицияканада калган. Класташынын акыбалы жакшыраак. Милиция аны коркутуп койгонбу, айтор ооруканага жолобой жатат.

Мелис Ташиевдин ырасташынча, милициянын айрым өкүлдөрү агасын сабагандыгын адегенде эле мойнуна алышкан. Мындан тышкары чатактын эмнеден тутангандыгын тастыктай турган күбөлөр да бар.

Кепти улаган Абдивали Анарбаев - Алмаз Ташиевдин абасы:
Алмаз Ташиевдин жакындары

- Ичеги-кардын эзип ташташкан. Мурду сынган. Милициянын бирөөсү келип, «Ургандыгым анык, мас элем, эмне кылганымды билбеймин. Бирок бардык чыгымыңарды көтөрөм» деп түшүнүк кат жазып берди. Анысы мына!

Абдивали Анарбаев ошондо иниси биротоло эсине келгенден кийин өзүнө арыз жаздыртып, прокуратурага кайрыларын билдирген болчу.

Ноокат аймактык ооруканасынын неврология бөлүмүнүн башчысы Гүлмира Абдырахманова болсо токмоктолгон журналист Алмаз Ташиевдин саламатчылыгы улам начарлап бараткандыгын белгилеп, ал улам-улам акыл-эсин жоготуп коюп атканын, колу-бутун көтөрө албастыгын, мындай учурда эки деңгээлде текшерүү жүргүзүлбөсө так диагноз коюу кыйын болуп жатканын айткан эле.

Дарыгерлердин уруксаты менен реанимация бөлүмүндө жаткан Алмаз Ташиевдин бөлмөсүнө баш бакканыбызда, ал улам-улам онтоп атып, аны сабаган милиция өкүлү туурасында кыскача буларды баяндаган:
Алмаз Ташиев ооруканада оор абалда жаткан учуру, 8-июль, 2009-жыл.

- Үч-төрт жыл мурда мени токмоктогон милиция менен пикир келишпестиктер болгон, башка жумуш боюнча. Балким, ошого өчөгүшкөндүр. Ошол эле милиция Баткенде да чыр менен иштегендигин укканым бар. Сыягы, Ноокатта да ошол өнөрүн көрсөтүп, элге салык салып, бензин куйдуруп көнүп калса керек. Эң башкысы дале элдин жинине тийип жатыптыр.

Маркум журналист Алмаз Ташиев ошондо айыгып чыккандан кийин укугун коргоо максатында милициянын мыйзамсыз жоруктары туурасында Кыргызстандагы бардык органдарга даттанаарын ниет кылган эле.

Ноокат районундагы Жаңы-Базар милиция бөлүмчөсүнүн башчысы Жеңиш Осмонов карамагындагы кызматкерлер Алмаз Ташиевди токмоктогондугун четке какты. Анын айтуусунда, окуя болгон күнү журналист мас экендигин кесиптештеринен уккан.

- Журналист биздин кызматкерлерибиз тарабынан токмоктолгон эмес. Нөөмөтчүдөн сурасам, Алмаз мас экен. Каршылык көрсөтүп жатат, беттери шишиген деп айтышты. Мен аны ооруканага көрсөтүп, анан майда хулиганчылыгы үчүн административдик жазага тарткыла дегем.
Алмаз Ташиевдин апасы

Жеңиш Осмонов учурда иликтөө иштери жүргүзүлүп жаткандыгын, анын жыйынтыгы боюнча кеңири билдирүү жасашаарын маалымдаган.

Соңунда Ноокат районун прокурору Сүйүнбек Сатыбалдиевге жолукканыбызда, журналисттин сабалышы жөнүндө фактыны жеке көзөмөлүнө алгандыгын, окуяга милиция кызматкерлеринин тиешеси бардыгы аныкталса, алар сөзсүз жоопкерчиликке тартылаарын ачыктады.

Ошентип 10-июлда Ош облустук ооруканасына которулган Алмаз Ташиевге ал жерде операция жасалып, бирок ошол ооруканада эсине келбей, бүгүн 12-июлда кечке жуук дүйнө салып кете берди. Маркумдун тажыясы эртең өзү туулуп-өскөн Ноокат районундагы Жар-Коргон айылында өтмөкчү.

XS
SM
MD
LG