Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:38

Чындыктын чыркырап ийилиши


И.Исаковду Алайдагы жердештери колдоп чыкты, 11-январь, Гүлчө.
И.Исаковду Алайдагы жердештери колдоп чыкты, 11-январь, Гүлчө.

Бишкек гарнизондук аскер сотунун Исмаил Исаковду 8 жылга эркинен ажыраткан өкүмү өлкөдө ачык саясий террор күчөй баштаганын көрсөткөнүн белгилеген БЭКтин билдирүүсүн 13-январда парламенттеги СДП фракциясы да колдоп, саясий куугунтуктоолор күчөп баратканын ырастады.


Р. Отунбаева: Эки бөлмө үчүн сегиз жыл берүү - абийирсиздик


Парламенттеги социал-демократиялык фракциянын жетекчиси Роза Отунбаеванын айтуусунда, Исмаил Исаковдун эки бөлмөлүү үйдү уулуна берип коюшу ашып барса кызматтык жоопкерчиликке тартууга негиз берчү тартип бузуу болчу. Бирок да эки бөлмө кызматтык үй үчүн мурунку коргоо министрин 8 жылга эркинен ажыратуунун артында азыркы бийликтин атаандаштарынын үшүн алып коюу, саясий буюртма турат.

- Кыргызстандын элине-жерине ушунча кызмат жасаган, аброю өйдө, мына ушундай адамга катаал шарттагы түрмөгө камоону бериш бул айбандык, бул абийирсиз иш. Ошон үчүн зээнибиз кейип, жаныбыз ачып турат.

Өткөн жылы Балыкчы окуясына тиешеси бар делинген 18 адам сот жообуна тартылды. Бишкек гарнизондук сотунда бир жылга жакын созулган териштирүүлөр деле катаал жаза менен жыйынтыкталарынан Исмаил Исаковдун өзү деле шек кылбай, анын чоо-жайын жашырбай айтып келди.

- Тез аранын ичинде ишти козгой коюп булар бардыгын коркутуп-үркүтүп, басып, ушундай деп айтасыңар дегени азыр чыгып жатат. Мына өзүңөр да катышып отурасыңар. Мына, бардыгы качан чыгып жатат? Ноябрда. Июнда өздөрү да текшерип баары жакшы деп кетишкен. Ошондуктан мен айтып кетет элем. Бул түздөн-түз саясий заказ болгон.

Бийлик элдин үшүн алууну көздөп жатабы?

Коопсуздук кеңештин мурдагы катчысы Мирослав Ниязовдун ырасташынча, Балыкчы, Бишкек, Петровкадагы соттоолор бийлик атаандаштарынын сесин басып, элдин үшүн алып, каалагандай ээн-жайкын башкаруу азгырыгынан чыгууда.
Каалагандай башкаруу үчүн И. Исаковго окшогон инсандарды жок кылыш керек болгон деп ойлойм.
М. Ниязов

- Билгенибизди жасайбыз деп. Ошон үчүн Исмаил Исаковго окшогон, анан дагы башы көрүнгөн мыкты-мыкты кыргыздын инсандарын тебелеп-тепсеп жок кылыш керек. Ошентип улуттун бүт баарын коркутуп, анан бир кожоюндун бутунун алдында элдин баары жатсын деген ой менен болуп атат дейм.

Парламенттеги “Ак жол” фракциясынын мүчөсү Ажыбай Калмаматов соттор чыгарган өкүмдөрдү талкууга алыштын, анын туура же натуура экенин жалпыга жарыя кылыштын кажаты жок, деген пикирде. Коюлган кинелердин туура же туура эместигин сот гана аныктап, сот гана чечүүгө укуктуу.
Сот чечимин комментарийлеген туура эмес деп эсептейм.
А. Калмаматов

- Биз эми баары бир ишенимди, милдетти ошол сотторго такканбыз да. Ошон үчүн мен өзүм соттордун чечими туура эмес же туура деп, соттордун өзүнө комментарий бергендин өзү туура эмес, деп эсептейм.

Анткен менен Кыргызстан жарандардын укугун, эркиндигин кысмакка алган, сот адилеттигин камсыз кыла албаган, сөз эркиндигине шарт түзө албаган эркин эмес өлкөлөр катарына кошулганын эл аралык уюмдар, мына жакында эле “Фридом Хаус” уюму 2009-жылкы отчетунда жарыя кылды.

Исмаил Исаков 2008-жылы 10-октябрда президент К.Бакиевдин кадрдык, ички жана тышкы саясатына каршы экенин билдирип Коопсуздук кеңеш катчысы кызматынан баш тарткан. Анын себебин генерал И.Исаков: “авторитардык бийлик принциптери жайылып баратат. Сот жана мыйзам сактоо органдарында коррупция, паракорлук күчөөдө. Бул жөнөкөй адамдардын кызыкчылыгын коргоодон көрө акчасы көптөрдүн кызыкчылыгына багытталгандыгына байланыштуу", - деп түшүндүргөн.

Тасмада: Бишкекте Исмаил Исаковдун камалышына нааразылык билдирген ачкачылык акциясы башталды

9 адам ачкачылык акциясын баштады
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:29 0:00

XS
SM
MD
LG