Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:27

Эми коалиция баш катырмасы калды


Жаңы парламенттин алгачкы жыйыны, 10-ноябрь.
Жаңы парламенттин алгачкы жыйыны, 10-ноябрь.

Жаңы парламент алгачкы отурумунда президент сөз сүйлөдү. Бирок өлкө башчысы эч бир фракцияга коалиция түзүү милдетин тапшырган жок.

Жогорку Кеңештин депутаттары 10-ноябрда антын берип, өз ишин ырасмий түрдө башташты. Жыйынды мыйзам боюнча жаңы чакырылыштын эң аксакал депутаты Ташболот Балтабаев алып барды.

Күттүргөн жыйын

Парламенттин алгачкы жыйынына президент Роза Отунбаева катышып, өзүнүн куттуктоо сөзүн айтып, кайрылуусун жасады.
Президент Р. Отунбаева жаңы парламенттин алгачкы жыйынында сөз сүйлөөдө, 10-ноябрь.
Президент өз сөзүндө коалиция түзүү маселесине да токтолуп, баш мыйзам боюнча парламенттик көпчүлүктү түзгөн фракция өкмөттү түзмөктүгүн, бирок бир дагы партия алтымыштан ашык добуш ала албагандыгын айтты. Ошол эле баш мыйзам боюнча эми фракциялардын бирине президент Роза Отунбаева коалиция түзүү милдетин жүктөшү керек. Бирок парламенттин алгачкы отурумунда президент эч бир фракцияга коалиция түзүүнү тапшырган жок. Ал эми аксакал депутат Ташболот Балтабаев белгисиз мөөнөткө тыныгуу жарыялаганга аргасыз болду.



Кантсе да эми коалиция түзүү боюнча сүйлөшүүлөр Жогорку Кеңештин имаратына көчүп, бир айдан ашык күттүргөн парламенттин иши башталды. “Ата Мекен” фракциясынын төрагасы Өмүрбек Текебаевдин айтымында, президент фракция лидерлери менен бүгүн дагы бир жолу сүйлөшүп, эртең өз чечимин жарыялашы мүмкүн.

Кеңири коалиция түзүү демилгеси колдоо табабы?
Ө. Текебаев ант берип жатат.


“Ар-Намыс” фракциясынын лидери Феликс Куловдун пикиринде, жаңы парламент кеңири коалиция түзсө туура болмок. “Ар-Намыс” фракциясы кеңири коалицияга беш пайыздык чектен өткөн беш партиядан тышкары “Бүтүн Кыргызстан”, “Ак Шумкар”, “Замандаш” партияларын кошуу сунушун жасамакчы.

Ошондой эле Ф.Куловдун ырасташынча, эгер “Ар-Намыс” сунуштаган кеңири коалиция түзүү сунушу өтүп кетсе, анда премьер-министрлик кызматты эң көп добуш алган партияга берүү максатка ылайык. Ал эми калган кызматтарды сүйлөшүүлөр негизинде бөлүшсө болот.

“Республика” партиясы дагы кеңири коалиция түзүү демилгесин колдойт. Бирок бул партия “Ар-Намыстан” айырмаланып беш пайыздык чектен өтпөгөн партияларды коалицияга кошууну пландаган жок. “Республиканын” лидери Өмүрбек Бабановдун айтымында, алардын фракциясы 3 же 4 партия кошулган коалицияга деле даяр.
БШК төрагасы А. Сариев "Республика" партиясынын төрагасы Ө. Бабановго депутаттык күбөлүк тапшырууда.

Социал-демократтар фракциясы болсо буга чейин “Республика” менен биригүүгө даярдыгын билдирген болчу. “Ата-Журт” фракциясы менен “Ар-Намыстын” позициялары окшошуп кетет. Бирок “Ата-Журттун” лидерлери оппозицияда калууга деле ыраазы болушарын айтышууда.

"Ата-Журттун" лидерлери ант берүүгө келген жок

Айтмакчы, 10-ноябрь күнү эртең менен өткөн мандат тапшыруу аземине дал ушул “Ата-Журт” партиясынан азганекей гана депутаттар катышышты. Алардын арасында мурдагы премьер-министр Данияр Үсөновдун жубайы Динара Исаева да бар. Ал эми түштөн кийин өткөн ант берүү аземине Камчыбек Ташиев, Акматбек Келдибеков жана Садыр Жапаровдор келген жок.

Ак үйдүн алдындагы нааразылык, 10-ноябрь.
Жогорку Кеңешти курчаган темир тосмо жээгинде болсо “Мекен шейиттери”, “Айкөл Ала-Тоо” кыймылдарынын эки жүз чамалуу адамдары митинг өткөрүп, дал ошол “Ата Журт” партиясынын курамында мурдагы бийликтин көздөй адамдары бар экенин айтып, нааразычылык билдиришти.

Эми Жогорку Кеңештин кийинки жыйыны коалиция аныкталып калганда гана чогулат шекилдүү. Ал үчүн президент фракциялардын бирине коалиция түзүү милдетин тапшырышы керек. Парламенттин маалымат кызматындагылар да бир-эки күн ичинде президент өз чечимин жарыялап, кийинки жыйын келаткан дүйшөмбүдө болуп каларын болжолдошууда.


XS
SM
MD
LG