Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:08

Депутаттарга күбөлүк жана төш белги тапшырылды


БШК төрагасы Акылбек Сариев "Ата Мекен" партиясынан шайланган Ширин Айтматовага депутаттык төш белги тагууда.
БШК төрагасы Акылбек Сариев "Ата Мекен" партиясынан шайланган Ширин Айтматовага депутаттык төш белги тагууда.

Аземдин алдында БШКнын төрагасы А.Сариев сөз сүйлөп, депутаттарга мандат тапшыруу иштери атайлап создуктурулбаганын дагы бир жолу баса белгиледи.

Акылбек Сариев БШКнын ишинде тажрыйбасыздыктан улам мүчүлүштүктөр кетиши мүмкүн экенин айтып, аны туура түшүнүүгө чакырды. “Утулуп калган партиялардын сотторго тынбай арызданып жатканы өкүнүчтүү”,-деп билдирди А.Сариев.

Депутаттардын аксакалы, “Ата Мекен” партиясынан депутат Ташболот Балтабаев Жогорку Кеңештин алгачкы отуруму бүгүн түшкү саат 2де башталарын маалымдады. Ага президент Роза Отунбаева катышат.
Депутаттарга мандат тапшыруу аземи.

Ал арада кабарчыбыздын маалымдашынча, Жогорку Кеңеште депутаттык төш белги жана күбөлүк тапшыруу аземине “Ата Журт” партиясынан 4-5 гана депутат катышты. Партия лидерлери дээрлик жок. Отурумга катышкандардын арасында Жылдыз Жолдошева жана мурунку өкмөт башчы Данияр Үсөновдун жубайы Динара Исаева бар.

Ж. Жолдошева кечээ “Азаттыкка” партия ичинде айрым талапкерлерге кысым болуп жатканын, бирок мындай кысымдарга карабай депутаттыктан баш тартпай турганын айткан.

БШКнын мүчөсү Жеңиш Акматов бүгүн “Азаттыкка” курган маегинде соттук териштирүүлөргө байланыштуу депутаттарга күбөлүк өткөн аптада эмес, бүгүн тапшырылганын билдирди:

- Биз депутаттык мандатты өткөн аптада тапшырмак элек. Бирок “Мекен шейиттери” кыймылы жаңы парламенттин мүчөлөрүн каттоо жараянын токтотуу тууралуу өтүнүч менен Биринчи Май райондук сотуна кайрылган болчу. Аталган сот алардын арызын канааттандырган жок. Биздин маалыматтар боюнча алар Жогорку Сот бутактарына кайрылышкан жок. Мындан башка дагы бир катар соттук териштирүүлөр биздин пайдабызга чечилди. Азыр жүрүп жаткан сот процесстери шайлоонун жыйынтыгына таасирин тийгизе албайт. Ошондуктан биз парламент депутаттарын каттап, аларга мандат тапшыра берүүнү чечтик.
Жаңы чакырылыштагы парламент

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 10-октябрда өткөн. Шайлоо жыйынтыгы боюнча 5 партия 5 пайыздык босогону багындырып, парламентке өткөн. Алар: "Ата Журт", КСДП, "Республика", "Ар-намыс" жана "Ата Мекен" партиялары. Шайлоо жыйынтыгына ылайык, парламентте "Ата Журт" 28, КСДП 26, "Ар-намыс" 25, "Республика" 23, "Ата Мекен" 18 орунга ээ болду. Азырынча бул партиялар ортосунда коалиция түзүлө элек.

Быйыл кабыл алынган Баш мыйзамга ылайык парламенттин курамы 120 депутаттан турат. Жогорку Кеңеш мурдагы Өкмөт үйүнө жайгашып, ошол жерде ишин жүргүзөрү кабарланган. (EBM/ZKo)

Депутаттардын тизмесин бул жерден көрө аласыз.

XS
SM
MD
LG