Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:36

Кыштан чыкканга отун-суу жетет


Бишкек жылуулук-энергетикалык борбору
Бишкек жылуулук-энергетикалык борбору

Энергетика министрлиги кышкы жылуулук мезгилине Кыргызстан даяр деп билдирүүдө.

Өткөн аптада жааган кар абанын температурасы кескин төмөндөөсүнө алып келип, өзгөчө отун-суудан капарсыз шаардыктар качан жылуулук берилет деген суроо менен Бишкек ТЭЦин жана мэрияны карап калышкан.

Жылуулук 1-ноябрдан берилет

Акыркы күндөрдөн бери бир аз жылый баштаган күн мындан ары бир калыпта эле сакталарын, 21-октябрдан кийинки абанын температурасы +8 градустан өйдө көтөрүлбөсүн кыргыз гидрометеорологиялык борбору маалымдоодо.
Ушундан улам Бишкек ТЭЦи дагы, шаардык мэрия да быйылкы жылуулук мезгилин 1-ноябрдан калтырбай баштоого даяр экенин билдирди. Жылуулук адаттагыдай эле алгач бала бакчаларга, ооруканаларга, мектептерге жана башка социалдык обьектилерге берилет.

Бишкек ТЭЦинин башчысы Юрий Фриктин “Азаттыкка” айтышынча жылуулук-энергетикалык борбор толугу менен оңдоп-түзөөлөрдөн өттү, тиешелүү өлчөмдө мазут жана көмүр апкелинди:

- Бүгүнкү күндө ТЭЦтин кампаларында 223 миң тонна көмүр, 13 922 миң мазут бар, жана ошондой эле биз жыл аягына чейин 18 млн. метр куб газ жага алабыз. 2011-жылдын 1-кварталы үчүн “КыргызГаз” ишканасы менен 30 млн. метр куб көгүлтүр газ алуу боюнча келишим даярдалып жатат.

Юрий Фриктин айтуусунда дагы 6 800 тонна мазут апкелинет, жылуулук мезгилинин башталышына толук даярдык көрүлгөн.

Ушундай эле даярдык түштүк борбору – Ош шаарынын жылуулук-энергетикалык борборунда да көрүлгөнүн “Электр станциялары” мамлекеттик ишканасынын башкы деректири Медет Айткулов билдирди. Анын маалыматы боюнча Ош шаардык ТЭЦине 20 миң тонна мазут сатып алынмакчы, ушул тапта 6 миң тоннасы апкелинген.

Бишкек жана Ош ТЭЦтерин көмүр менен камсыздоо негизинен казакстандык көмүрчүлөрдүн эсебинен жүрүүдө. Анткени жергиликтүү көмүр казуучулар Ал эми жергиликтүү көмүр казуучулар азырынча аймактардын отунга болгон талабын канааттандырышууда.

Баа өзгөрүлбөйт

Жыл башынан тарта киргизилген бааларга ылайык көп кабаттуу үйлөрдүн тургундары 1 гикакалорий жылуулук үчүн 1050 сомдон төлөшчү. Бул баа апрелден кийин азайтылып, 750 сомго түшүрүлгөн.

Бишкек жылуулук тармактары ишканасынын башкы директору Мирбек Батакановдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча жылуулук үчүн элдин карызы бүгүнкү күнү 80 млн. сомду түзөт:

-Ушул акча да биз үчүн өтө керек болуп атат. Ошондуктан, абоненттер кечиктирбей, октябрдын аягына чейин төлөп коюшса жакшы болмок. Жылуулуктун тарифтери апрелден тарта түшүрүлгөн, ушул баа менен өзгөрүүсүз кете берет.

Жазында жылуулукка болгон карыз 396 млн. сомго чыккан, кийинчерээк баа төмөндөгөнүнө жараша карыздын өлчөмү да азайган.

Кара-Кечеде абал кандай?

Адистердин белгилешинче быйылкы жылы Кара-Кече көмүр кенинен жылдагыдай ири өлчөмдө көмүр казылып алынган жок. Бул апрель окуясынан кийинки кендеги айрым ири шахталарды улутташтыруу аракетине байланыштуу болду дешет алар.

Кыргызстандагы тоо-кен ассоциациясынын жетекчиси Орозбек Дүйшеев улутташтырылган ишканаларды андан ары иштетүүгө бөлүнгөн каражат кечигип жатканы кендин ишин аксатып жатат деген оюн “Азаттык” менен бөлүштү:
Кара-Кече көмүр кени.

- Кара-Кечеге мамлекеттик ишкана курабыз деген максат менен өкмөт 60 млн. сом акча бөлмөк. Аны бөлө албай жатканы иштин кечигишине алып келип атат. Мурдагы жеке менчик ишканалар кенди өз каалагандай иштете берип, эми алардын артынан тазалап, кайра иштетүү үчүн акча керек болуп жатпайбы.

Орозбек Дүйшеевдин айтуусунда ушул тапта Кара-Кече көмүр кенинен “Шарбон” ишканасы көмүр казууну улантууда.

Бийлик да, Бишкек жылуулук тармактары да, көмүр казуучулар да быйылкы жылы баалар кымбаттабай тургандыгын убада кылышууда. Кылычын алып кыш келип, кычыраткан суукта кандай болот, аны убакыт көрсөтөт.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG