Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:30

Энергетика: карыздар арифметикасы


"Камбар-Ата - 2" ГЭСин аягына чыгарууга 5 миллиард сом акча керек
"Камбар-Ата - 2" ГЭСин аягына чыгарууга 5 миллиард сом акча керек

Кыргызстандагы электрокомпаниялардын карыздары өсүп, тармактагы абалдын оңолбой жатышы ушу тапта Убактылуу өкмөттүн баш оорусуна айланууда. Адистердин ырасташынча, кыйла жылдардан бери келаткан энергетикадагы коррупциялык схема жоюлганы менен өлкөдөгү башаламандыктын салакасы тармактын кескин жанданышына тоскоолдук кылууда.

Акчалар кайда агууда?

“Электр станциялары” ачык акционердик коомунун апрелден берки дебитордук карызы 6,128 миллиард сомго жетип, арбын суу келгени иши жүрүшчү компания ушу тапта керектүү каражатты өкмөттөн суроодо. Өкмөт башчынын 1-орунбасары А.Муралиев тармак жетекчилери чогулган жыйында: “Ушинтип да иштөөгө болобу? Энергетиктер бюджетке акча түшүрүшү керек болчу. Айрым бөлүштүрүү компанияларынын дебитордук карызы көбөйгөндөн-көбөйүп баратат. Мурдагы коррупциялык схемалар жок, бирок жыйынтыгын көрө албай жатпайбызбы”, деп алакан жайды.

Кыргызстандын Энергетика министри Осмонбек Артыкбаев орусиялык “Интер РАО ЕЭС” компаниясы менен “Камбар-Ата – 1” ГЭС курулушу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын маалымдап, 1-гидроагреграты ишке киргизилген “Камбар-Ата – 2” ГЭС курулушун аягына чыгарууга дагы 5 миллиард сом сарп кылынарын жарыя кылды. Андай акчаны өкмөт таңкыстыкка белчесинен батып калган бюджеттен быйыл өөнөп бериши күмөндүү.

Жыл жыйынтыкталарга жакын энергокомпаниялар өкмөттөн үстөк пайызы жок карыз акча суроого өтүшөт. Өкмөттүн кышка камылга кандай жүрүп жатканын талкууга алган жыйынында “Кыргызгаз” акционердик коому Өзбекстан алдындагы карызы 1,7 миллион долларга чыгып, өкмөт мурда эле убада кылган 5,2 миллион доллар карыз акча бербесе Ташкен “көгүлтүр отун” агылчу түтүгүн дагы жаап коюшу мүмкүн экендигин эскертти. Ал эми калктын “Кыргызгаз” акционердик коому алдында карызы 162,3 миллион сомду түзөт.
Кайрадан кезек “тезеккеби?”

Энергетика тармагындагы абал дагы эле мындан 2 жыл илгерки жагдайдан анча деле айырмаланбайт. Болгон айырма бул жылы суунун арбын болушу. Мындан 2 жыл илгери деле а кездеги президент К.Бакиев энергия маселесин өкмөт элге жакшылап түшүндүрүшү керектигин баса белгилеген.

- Жанакы тезектер менен жагыш, тезектерди даярдаш район, облус жетекчилери, айыл өкмөттөр ушуну эске алышы керек азыр. Биздин элибиз муну туура түшүнүп, туура кабыл алыш керек. Азыртадан кышка даярданбасак, жанакы суунун запастары аз болгондуктан, биз аябай оор абалда калып калабыз.

Мына кечээки өкмөттүк жыйында президент Р.Отунбаева кышка даярдык начар экенин атайын белгилеп айтты. Өкмөт башчынын 1-орун басары А.Муралиевдин ырасташынча, энергетикадагы абал өзгөрүүсүз калууда.

- Биринчиден, бөлүштүрүү компанияларында жоготуулар көбөйүп кетти. Экинчиден, акча чогултуу жагы да начарлоодо.

Кыргызстандын Энергетика министри Осмонбек Артыкбаев жарым жылга жетпеген убакыт ичинде тармактагы абалды оңдоп ийиш мүмкүн эместигин ырастап, анын биртоп жүйөө-себептери бар экенине токтолду.

- Биринчиден, жанакы апрель окуялары, анан май, июнь окуялары болду. Анан элдин баары азыр өзүнө келе элек. Элдин арасында мурункудай төлөө тартиби жоголуп кетти. Себеби азыр төлөбөй койсок деле болот экен дегендер бар. Биздин ишибиз эл менен байланыштуу. Ошолор акча төлөсө биздин акчабыз чогулат. Эгер алар төлөбөсө чогулбайт. Анан көпчүлүгү жанагы өйдө-ылдыйга байланыштуу төлөгөнгө аракет кылат, болбосо төлөбөй деле коет. Себеби бизде башаламандык болуп атпайбы.

Коюндагы котур таш

О.Артыкбаев тармактагы абалдын кескин оңолуп кетишине ачык-тымызын бут тоскон эски күчтөр дагы эле арбын экенин белгилеп, энергия акысынын мурдагы калыбына келиши көрсөткүчтөрдүн төмөн калышына шарт түзгөнүн маалымдады. Энергетика тармагынын проблемаларын мыкты билген Жамалбек Түлөбердиев ушу тапта тармактагы коррупциялык схеманы жоюу аракети жасалып жатканын, бирок да ага каршылык күчтүү экенин белгилейт.

- Булар да колдон келгендин баарын жасап атат. Кышка даярдык жумуштарын, бардыгын. Себеби көп. Ошонун себебинен эки президент кетип калбадыбы. Башкаруу начар болуп. Азыр эми ошону оңдош керек. Оңдогонго аракет кылып атышат, жыйынтыгы кандай болот, көрөбүз.

Бөлүштүрүү компанияларында жоготууларды азайтуу аракети жасалып жатканын «Түндүкэлектр» ачык акционердик коомунун пресс-катчысы Гулия Мураталиева ырастап, компания автоматташтырылган системаны бара-бара элдин баарынын үйүнө чейин кое тургандыгын маалымдады.

- Ошол техникалык жоготууларды азайтыш үчүн биздин 35 киловольт чыңалуудагы подстанцияларда автоматикалык системалар коюлуп атат. Алар биздин Улуттук электр линиялары компаниясы менен чектеш жерлерде ошондой автоматтык системалар коюлуп жатат. Ал бизге мүнөт, саат сайын канча электр энергиясы келип түшкөнүн, канчасы жоголуп жатканын так көрсөтүп берет.

Кыргызстанда өндүрүлгөн электр энергиясынын теңинен көбүн пайдаланчу ири компания андай акылдуу автоматтык системаны качан толук коюп чыгары, ага чейин уурдоо, коррупциялык схема жоюлбай кала береби суроосу азырынча ачык калууда. Бөлүштүрүү компанияларында быйыл жарым жыл ичинде иштетилип чыгарылган 7 миллиард киловат саатка жакын электр энергиясынын 1,5 миллиардга жакыны коммерциялык, техникалык жоготууларга чыкты.

Энергетика министри О. Артыкбаев тармакты оңдоо катуу каршылыкка учурап жатканын деле жашырбайт.

- Ар бир деңгээлде. Атүгүл жогорку деңгээлде ушу биздин бийликтин арасындагылар да бар. Мен таң калып жатам. Ушу бийликтин арасындагы ушу маселени чече турган адамдар да ушуга каршылык көрсөтүшүп, оюндарды жасап башка максаттардын негизинде ошондой иш кылып аткан адамдар көп.

Мындай шартта, бийликке аралашкан аткаминерлердин ачык-тымызын бут тосууларына карабай калыпташкан коррупциялык схеманы жоюу кыйынга турарын энергетикадагы абал айгинелөөдө.

XS
SM
MD
LG