Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:54

Күркүлдөрдүн миллиондорун "күрөп" бергендердин изи табылды


Башкы прокуратура Бакиевдердин каржылык пирамидасын түзгөндөрдүн банк эсептериндеги камоону алып салышкандыктан миллиондогон акчалар сыртка чыгарылып кеткенин билдирүүдө.
Башкы прокуратура Бакиевдердин каржылык пирамидасын түзгөндөрдүн банк эсептериндеги камоону алып салышкандыктан миллиондогон акчалар сыртка чыгарылып кеткенин билдирүүдө.

Бакиевдердин жакындарынын банк эсептерине коюлган камак негизсиз алынгандыктан миллиондогон каражат өлкөдөн чыгарылып кеткен.

Апрель окуясынан кийин Бакиевдердин жакындарынын банк эсептериндеги миллиондогон акча каражаттарын өлкөдөн чыгарып кетүүсүнө көмөктөшкөн прокуратура кызматкерлерине кылмыш иши козголду. Валерий Белоконь, Турсун Турдумамбетов, Михаил Надель жана Евгений Гуревичтин сыяктуу Бакиевдердин жакындарынын өлкөнүн ичиндеги банк эсептерине койулган камак прокуратура тарабынан негизсиз алынып салынган.

Чуулгандуу чуунун чубалып чыгышы

Натыйжада миллиондогон каражат өлкөдөн чыгарылып кеткен. Буга катышы болушу мүмкүн деген шек менен учурда айрым жооптуу кызматкерлерге иш козголуп, Бишкек шаарынын прокурору Кубанычбек Абылов жана анын орун басары Манас Нишанов кызматтарынан четтетилишти.

Башкы прокурор Кубатбек Байболов апрель окуясынан кийинки прокуратура жетекчилигинин ишмердүүлүгү иликтенип жаткандыгына токтолду:
Башкы прокурор Кубатбек Байболов "Азаттыктын" студиясында, 6-октябрь, 2010

- Акаев менен Бакиев учурундагы прокуратура ошол бийликтин камчысына айланып, көбүнэсе саясатка кийлигишкен болсо, апрель окуясынан кийинки прокуратура беш айдан бери мүлктү мыйзамсыз бөлүштүргөндөрдүн каражатына айланган. Мына ушуга байланыштуу азыр тири укмуш кылмыштардын бети ачыла баштады. Ошолордун ичинде мүлктү мыйзамсыз камоо жана мыйзамсыз бошотуу учурлары бар. Маселен Бакиевдердин каржылык пирамидасын түзгөндөрдүн банк эсептериндеги камоону алып салышкан. Анын кесепетинен миллиондогон акчалар сыртка чыгарылып кеткен.

7-апрель күнү кечинде өлкөдөгү банктардан 170 миллиондон ашуун АКШ доллары өлчөмүндө каражат которулуп кеткендиги аныкталган. Бул боюнча Улуттук банктын жетекчилигине кылмыш иши козголгон.

Көзөмөл коюлса банктагы акчаны кантип “көчүрүп” кетишти?

Бирок андан кийин дагы акча каражаттарынын сыртка которулуп кеткен учурлары катталган. Апрель окуясынан кийин укук коргоо органдарын көзөмөлдөө милдети Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Азимбек Бекназаровго жүктөлгөн. Ал прокуратура органдарынын жетекчилерин алмаштыруу укугуна ээ болуп келгендиги айтылып жүрөт.

Ошол эле учурда прокуратура тарабынан шектүү делип тоңдурулган банк эсептерин кайрадан ачууга Убактылуу өкмөттүн башка мүчөлөрүнүн таасири болгондугу айтылды.

А. Бекназаров маалымат жыйынында, 14-сентябрь, 2010
Азимбек Бекназаров
айрым банктык операцияларга киргизилген чектөөлөр банк салымчыларынын арызы жана ошондогу каржы министри Темир Сариевдин өтүнүчү менен алынып салынгандыгын белгилейт:

- Эми прокуратура органдары кайсы бир эсептерди камаганда, арыз түшкөн да. Мисалы, ошол эле Т. Сариев мына камалып калды деп чыккан. Банк салымчыларынын митинги болгондугун билесиңер чектөөлөрдү алып салгыла, иш жүрбөй калды дешип. Арыз берилгенде ар бир эсеп текшерилип туруп анан камактан бошотулат. Анан ошол убакта Кудай урбайбы Бакиевдердики экендигин алар билип туруп, анан камактан бошотуп койушса. Ар бир эсепти ачып бергиле деп прокуратурага кайрылганда, текшерилип анан бошотулат.

Билбейм десең кутулдуң...

Ошол мезгилдеги каржы министринин милдетин аткаруучу Темир Сариев ишмердүүлүгүнө убактылуу чектөө киргизилген банктардын иштешине уруксат берилгендигин жокко чыгарбайт. Ошол эле учурда ал мындай чектөөлөр банк салымчыларынын муктаждыктарына байланыштуу жана текшерилгенден кийин гана алынгандыгын кошумчалады.

Т. Сариев, 24-июнь, 2010
Темир Сариев
ошол эле учурда Бакиевдердин жакындарына таандык жаңыдан табылган банк эсептери тоңдурулуп, кайра ачылгандыгы тууралуу маалыматы жок экендигин белгиледи:

- Аталган адамдардын ар кайсы банктарда эсептери болгон жана аларды тоңдургандан кийин кайра ачып, бошотуп жиберишкен дегенди тактап көрүш керек. Мен бул тууралуу билбейт экем. 8-апрелде бардык банктарга чектөө коюлган. Андан кийин текшерүү болуп, улам-улам банктар иштесин деп камактар алына баштаган. Эми ошолор менен байланышы бар, үлүшү бирге каржылык уюмдар көп экен да. Ошолор боюнча иликтөө жүрүп жаткан. Карап көрүш керек.

Буга чейин айрым банктардын акча сактоочу уячаларынан жыйырма бир миллион долларга жакын каражат табылган. Аталган каражаттын айрымдарынын ээси ким экендиги белгилүү болсо, көпчүлүгүнүкү аныкталбай калган. Башкы прокуратура аталган банк эсептериндеги каражаттардын кандай мыйзамсыз жолдор менен алынгандыгы жана алардын кандай “таасирдүү, ууру” чөнтөктөрдөн орун тапкандыгы боюнча чуулгандуу материал жакында коомчулукка жарыялана тургандыгын убада кылды.

XS
SM
MD
LG