Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:21

“Санпа” окуясы боюнча айыпталгандарга жаза суралды


Соттолуучу Гафуржан Абдурахманов жана башкалар. 11-ноябрь, 2010-жыл
Соттолуучу Гафуржан Абдурахманов жана башкалар. 11-ноябрь, 2010-жыл

“Санпа” окуясы боюнча сот иши 12-ноябрда Ноокен райондук сотунун имаратында улантылат. Анда жактоочулар менен соттолуучулар жарыш сөз сүйлөйт.

11-ноябрда жарыш сөз алган мамлекеттик айыптоочулар 19 соттолуучунун күнөөлөрү толук далилденди деп эсептеп, сотко алардын бардыгына жогорку жаза чектөө жагын сунуштады.

Соттук материалдарга ылайык, 12-13-июнда Ош – Бишкек жолунун Топурак-Бел ашуусунан түшө бериш ченинде пахта тазалоочу “Санпа” заводунун айланасында жазыксыз 9 жүргүнчү мыкаачылык менен өлтүрүлгөн, таанылбаган бир адамдын сөөгү табылган, эки киши дайынсыз жоголгон.

Соттолуучу айыптарды четке кагууда

Кечээ мамлекеттик айыптоочулардын жарыш сөзү соттолуучулардын күбөлөрү суралып, акыл-эси талаш туудуруп келаткан айыпталуучу Гафуржан Абдурахмановго тиешелүү маселе четке кагылгандан кийин башталды.

Милициянын ардагер подполковнигинин жактоочусу ага соттук-медициналык иликтөө дайындоо жагын өтүнгөн. Республикалык психикалык оорукананын дарыгери А. Маматовдун белгилешинче, кылмыш жасаган кезинде Г. Абдурахмановдун ден соолугу жайында болгон.

Гафуржан Абдурахманов “массалык башаламандыктарга катышкан”, “жардыргыч зат менен (Ф-1 үлгүсүндөгү граната менен) маңзаттарды сактаган” деп айыпталууда. Соттун жүрүшүндө ал жабырлануучулардын “Санпа” окуясында болгондугу тууралуу көрсөтүүлөрүн четке какты:



Мамлекеттик айыптоочулардын жарыш сөз маалында жасаган баяндамасына ылайык “Санпа” окуясы боюнча кармалып, темир кашагада отурган 19 соттолуучунун күнөөсүн аныктоого жабырлануучулар менен күбөлөрдүн көрсөтүүлөрү, далил буюмдар менен тергөө материалдары жана соттук иликтөөлөр жетиштүү болду.

Айыптоочулар ошол далилдерге таянуу менен 18 адамды өмүр бою эркинен ажыратып, үй-мүлкүн мамлекет пайдасына чегерүү жагын соттон өтүнүштү. Алар: Лукманжан Абдурахманов, Абдурашид Янгибаев, Кахрамон Мамажанов, Абдумомин Абдуваитов, Муродил Абдуваитов, Махамадрасул Абдурасулов, Сирожидин Мойдинов, Тожидин Абдуллаев, Абдулбоки Мамадалиев, Абдулазиз Салиев, Жалалидин Садыков, Мамтали Юсупов, Ихтияр Хамдамов, Усманали Отамирзаев, Баходыр Жалалов, Исламбек Атабеков, Гафуржан Абдурахманов, Фуркат Абдужоббаров.

Ал эми айыпталуучулардын аксакалы, 19-соттолуучу (мурда Сузак районундагы “Москва” колхозунун башкармасы болуп иштеген) Усманжан Аблазовду 25 жылга түрмөгө кесип, үй-мүлкүн конфискациялоо жагы суралды. Аталган соттолуучуларга адам өлтүрүү, массалык башаламандыктарга катышуу, улуттар аралык кастыкты козгоп, адамдарды барымтага алуу, бирөөлөрдүн мүлкүн талап-тоногон деген айыптар коюлган. Сузак райондук прокурорунун жардамчысы Өмүрбек Сарыбаев:

- Баходыр Жалаловдун айыптары соттук-медициналык экспертизанын корутундулары, күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү, далил буюмдар жана кылмыш ишиндеги материалдар менен толук далилденет. Андыктан Баходыр Жалаловду жазаларды жарым-жартылай кошуу менен үй-мүлкүн конфискациялоо жана өмүр бою эркинен ажыратуу жагын сурайм.

Жабырлануучулардын өтүнүчү

Түшкө чейин болгон соттук отурумда милициянын ардагер полковниги Б. Жалалов соттолуучу У.Абзаловдун чакыруусу боюнча “Санпада” басым жасабастан кармалган адамга сурак жүргүзгөнүн жана ал тууралуу тасмага тиешеси жок экенин билдирген.
Бирок Усманжан Аблазов мамлекеттик кызматтагы күбөлөрү сотко чакырылбаганын жана элдин көзүнчө өзүнүн ак экендигин ырастоого даяр экенин айтат.



Анткен менен өткөн аптада губернатор Б.Асанов менен беттештирүү чагында У. Аблазов “Санпа” заводунда эртең менен жана түштөн кийин саат 2 жарымда болгондугун, ал жерде өрттөлгөн унааларды көргөндүгүн айткан эле.

“Санпа” заводунун жанында иниси болгон жабырлануучу Аскарбек Караев облуста башаламандык башталганда туш тарабынан тосулган Сузак айылына сырттан адамдар кире албаганын, андагы адамдар үч күн бою жергиликтүү бийлик башчылары менен облустун комендантын да Сузакка жакындатышпаганын айтты. Аскарбек Караев Ош - Бишкек жолу менен жүргөн жазыксыз адамдарга кол салып, кармалган кишилерден башка азыр качып жүргөн адамдарды да кармоону өтүндү:



Мамлекеттик айыптоочулар жогорку жаза сураган айыпталуучулардын катарында милициянын ардагерлери, полковник Баходыр Жалалов жана милициянын подполковниги Гафуржан Абдурахманов да бар.

Жактоочулардын бири Кубаныч Муратбеков соттолуучу Б. Жалаловдун күнөөлөрү далилденбегенин билдирди:

- Мен ага андай жаза суралышына каршымын. Ашыкча сурады прокурор, себеби 339- берене бар ал боюнча төрт жыл сурашы керек эле. Статьялар да ашыкча коюлган, ошон үчүн аларды далилдеп берсин прокурор. Бул жерде Баходыр Жалаловдун күнөөсү жок.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG