Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:05

"Санпа" окуясында жабыркагандар көрсөтмө берүүдө


Июнь айындагы коогалаңда жабыркаган Кайрынса Кайназарова сотто көрсөтмө берүүдө, 14-июнь.
Июнь айындагы коогалаңда жабыркаган Кайрынса Кайназарова сотто көрсөтмө берүүдө, 14-июнь.

Сузак райондук соту июнь айындагы мыкаачылык менен он адам өлтүрүлгөн окуяны териштирүүнү улантты.

12-13- июнь күнү Ош-Бишкек жолунун Топурак-Бел ашуусунан түшө бериштеги пахта тазалоочу “Санпа” заводунун жанында миңдей адам чогулуп, алар жол менен жүргөн адамдарга кол салышкан. Соттук материалдарга ылайык, бул окуяда 10 адам мыкаачылык менен өлтүрүлүп, өрттөлүп, эки адам дайынсыз жоголгон. Бул кандуу калаба боюнча улуттар аралык араздашуу менен адам өлтүрүүлөргө, массалык баш аламандыктарга катыштыгы жана жарандардын мүлк байлыгын талап-тоноогонго, каракчылык кылганга тиешеси бар деп шектелген 19 кишиге айып коюлган.

Соттолуучу коюлган айыптарга макул эмес

Бейшемби күндөгү сотко айыпталуучулардын баары катышып олтурду. Анда мамлекеттик айыптоочулар өткөн жолку сот жыйынында катышпай калып, бүгүн сотко алгач ирет алынып келинген соттолуучулар Усманжан Аблазов менен Абдрасуловго айыптоо корутундусун угузду. Бирок алар териштирүүнү баштаар алдында коюлган айыптар менен макул эмес экендиктерин билдиришти.

Соттолуучу Усманжан Аблазов: “Мен ал жерде бир мүнөт да болгон эмесмин. Буга далилдерим бар. Мага күнөө койгон адам менен беттешкенге даярмын. Бүгүнкү күнгө дейре эч ким мени менен беттештириле элек. Айыбымды мойнума албаймын” - деп жооп берди.

Анткени менен окуяда жабыр тарткан адамдар аны жана соттолуучуларды ошол жерден көргөндүгүн таанышып, кимисинин колунда кандай курал-жарак, күйүүчү зат болгондугунан бери айтып беришти. Жабырлануучу Камил Асеиновдын берген көрсөтмөсү боюнча, ал окуя маалында уруп-токмоктолуп, ок тийип жарадар болуп, Сузак райондук ооруканасында дарыланып жатканда соттолуучу У. Аблазов барып , “сен бул жерден кетпейсиң, сени өз колум менен мууздаймын” деп коркуткан.

Туугандарынан айрылган жабырлануучулар У. Аблазов менен бирге соттолуучулар милициянын ардагер подполковниги Г. Абдурахмановду жана милициянын отставкадагы полковниги “Санпа” окуясын уюштурушкан жана ошол окуяга катышкандардын жетекчилери деп, каргап-шилеп, сөгүп өз жакындары набыт болгондой эле соттолуучуларга да өлүм каалап, айрымдары бата да кылып ийишти.

Сот иши бир топко созулчудай

Соттун бул жолку олтурумунда он жабырлануучу көрсөтмө берди. Кылмыш иши боюнча жалпысынан 44 адам жабырлануучу, 91 киши күбө катары көрсөтмө берүүгө тийиш. Жабырлануучулардын көрсөтмөлөрүнө ылайык июнь айында Ош-Бишкек жолун “Санпа” заводунун жанынан торогон адамдар жол менен ары-бери өткөн айдоочулар менен жүргүнчүлөргө аёосуз мамиле кылышкан.

Зордук-зомбулугу жагынан соттолуучулар (жөн эле мылтык менен атып өлтүрбөй, бычак менен союп, көздөрүн оюп, кулак-мурдун кесип, тишин күбүп, өлүктөрдү ай-талаага таштап, 7-8 жашар бала менен дагы бир кишинин өлүгүн көмөлү дегендерди коркутуп) фашисттерден да ашып түшкөндүгүн белгилеп өтүштү.

Жалал-Абадда ишкерлик кылган Кайрынса Кайназарова да кызы жана дагы бир келиндин эки баласы менен бирге “Санпа” окуясына туш болуп, колу-буту, кабыргалары сынганын, төрт айдан бери дарыланып жүрсө да, оң көзү көрбөй калганын айтты. Ал ур-токмоктон кийин эсин жоготкон. Кыйладан кийин көзүн ачканда, кызы экөөнүн бетине бензин куюп, чүпүрөктү күйгүзүп, өрттөмөк болуп жатканын көргөн, оң колу күйгөн.

“Аялдарга тийбейбиз дедик элек го”, деп кимдир-бирөө сүйлөгөндөн кийин кылмышкерлер адепсиз жоругун токтотконун эстеп өттү. Ал соттолуучуларга ошол жерде жоготкон 400 миң сом акчамдан сырткары бузулган ден-соолугумду ким кайрып берет деп доо койду.

Күбө катары көрсөтмө берген Тургунай Камалова соттолуучулардын айыбын мойнуна албай, “Кудай көрүп турат, айыбыбыз жок” дегенине чыдай албай, “Санпа” заводунун жанында өлтүрүлгөн эжеси менен келининин өлүмү үчүн кудай силерге кандай караар экен деген суроосун берди. Т. Камалованын айтымында, келининен эмчекте баласы калган, эжеси болсо Ош шаарында төрт өзбек адамды багып жүргөн экен, анын бири балдары карабай койгон өзбек кемпир, экинчиси үйүнөн айдалган өзбек келин экен.

Соттук жыйын 21-октябрда улантыла турган болду.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG