Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:48

Апрель окуясынын каармандары эскерилди


"Ата-Бейиттеги" эскерүү, 15-ноябрь.
"Ата-Бейиттеги" эскерүү, 15-ноябрь.

7-апрелде курман болгондордун жакындарына жана ыңкылапка катышкандарга “Апрель элдик революциясынын баатырлары” төш белгиси тапшырылды.

15-ноябрда Курман айтка карата “Ата-Бейит” мемориалдык комплексинде 7-апрелде курман болгондорду эскерүү иш-чарасы өткөрүлүп, ага президент Роза Отунбаева баш болгон мамлекеттик кызматкерлердин жана 7-апрель окуяларынын каармандары катышты. Мындан кеминде жети айдан ашык убакыт мурда өкмөт үйүнүн алдындагы ок атышуулардан улам курман болгондорго арналып куран окулду.

"Ыйык максаттар үчүн күрөшүп келе жатабыз"

Күндүн экинчи жарымында Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук Филармонияда ыңкылапта курман болгондорго жана ага активдүү катышкандарга “Апрель элдик ыңкылабынын баатырлары” төш белгиси тапшырылды. Кеминде 380 адамга төш белги менен кошо 10 миң сомдон акчалай жардам көрсөтүлдү.
Президент Роза Отунбаева апрель окуясында курман болгондордун жакындарына сыйлык тапшырууда, 15-ноябрь.

Иш-чарада сөз сүйлөгөн президент Роза Отунбаева апрель окуялары максатына жеткен-жетпегени көпчүлүк калкты ойлондуруп жатканын белгилеп, өлкөдө референдум өтүп, Башмыйзамдын кабыл алынышын, парламенттик шайлоонун таза өтүшүн ыңкылаптын бирден-бир жеңиши катары баалап өттү. Мындан сырткары апрель окуяларына байланыштуу соттук иш адилет чечим менен аяктаарына ишенимин билдирди:

- 7-апрелдеги кандуу окуяга түздөн-түз тиешеси бар деп эсептелинген адамдардын үстүнөн сот жараяны башталат. 28 адам сот жообуна тартылып жатат. Алардын ичинде мурдагы президент Бакиев анын жакын жак жөөкөрлөрү да бар. Мен бул сот процессине өч алуу катары мамиле кылбоону сиздерден суранат элем. Анткени биз сиздер менен бирге өтө ыйык максаттар үчүн күрөшүп келе жатабыз.

Өз сөзүндө президент каргашалуу күнү демонстранттарга каршы ок чыгаргандар жана буйрук бергендер тиешелүү жазасын алаарын билдирип өттү.

"Тазаланууну каалаганбыз"

“Апрель элдик революциясынын баатырлары” төш белгисине ээ болгон катышуучулар жана курман болгондордун жакындары өкмөт тарабынан бурулуп жаткан көңүлгө ыраазычылыктарын билдиришкени менен алардын ичинде ыңкылаптан кийинки абалга нааразы пикирлерин билдиргендер да болду. 7-апрелде өкмөт үйүнүн алдында ок атуу учурунда ийнинен жарадар болгон Бишкек тургуну Данияр Ашыралиев өлкөдө жана коомдо мурдакы бийлик өкүлдөрүнөн тазалануу болсо, апрелдеги аракеттер толук аткарылмак деген пикирин билдирди:
"Ата-Бейиттеги" эскерүү, 15-ноябрь.

- 7-апрелде кылган аракетибиз 100 пайызга аткарыла элек. Биз негизи тазаланууну каалаганбыз да. Люстрация болуп, тазаланып өлкөбүзгө жакшы жашоонун алып келгенге аракет кылдык. Эми дагы эле аракет кылабыз. Мисалы коңшу өлкөлөргө окшоп бейпилдикте жашаганды каалайбыз. Мейли биздин муун өтүп кетет. Кийинки муунду ойлоп отурабыз.

Сыйлык тапшыруу аземинде белгилүү болгондой, апрель окуяларынын курмандыктарына “Ата-Бейит” мемориалдык комплексинде жана борбордук аянтта эстелик тургузуу иштери кийинки жылдан баштап колго алынат. Мындан сырткары бул окуялардан жабыркагандар үчүн көп кабаттуу үй куруу аракеттери уланууда.

7-апрель окуясында 87 адам каза болуп, миңдей адам жаракат алган. Буга чейин ыңкылапта каза болгондордун туугандарына миллион сомдон акчалай жардам берилген. Апрелдеги өкмөт үйүнүн жанындагы ок атууларга тиешеси бар деп эсептелген, мурдагы атка минерлер да арасында болгон 28 адамдын соту 17-ноябрда Спорт ордосунда өтөөрү күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG