Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:11

Апрель окуялары боюнча сот 15-ноябрга белгиленди


Бишкек, 7-апрель, 2010-жыл
Бишкек, 7-апрель, 2010-жыл

Апрель окуялары боюнча сот 15-ноябрга белгиленди. Сот өтө турган Спорт ордосун тиешелүү шартта жабдуу маселесинен улам бул жараян жылдырылып келген болчу.

7-апрелдеги Ак үйдүн алдындагы жана борбордук аянттагы кандуу окуя боюнча соттук териштирүүнү Бишкек аскер гарнизондук соту карамакчы. Буга чейин 25-октябрга спорт сарайында өтүшү белгиленген сот жараяны уюштуруу иштеринин начар даярдыгынан улам белгисиз мөөнөткө жылдырылган.

Жогорку соттун маалымат катчысы Бактыбек Рысалиевдин айтымында, соттук жараян 15-ноябрда өтмөй болду.

- Бүгүнкү күндө сот өтүүчү Спорт сарайы негизинен жабдылып бүттү десек да болот. Бул Кыргызстандын тарыхында эң ири соттук жараян десек да жаңылышпайбыз. Ага 28 айыпталуучу жана алардын жакындары, ар кандай октон жаракат алгандар, күбөлөр, жактоочулар, мамлекеттик айыптоочулар, бейөкмөт уюмдардан, журналисттер болуп 500дөн ашуун кишинин катышуусу күтүлүп жатат. Азыр тийиштүү даярдыктар негизинен бүттү десек болот.
Бишкек, 7-апрель, 2010-жыл

Маалыматка ылайык, соттук жараянга 18 адвокат, жети мамлекеттик айыптоочу катышат.

Вице-премьер-министр Азимбек Бекназаров кызыкдар тараптардын баарынын катышуусунда сот процессин ачык-айкын өткөрүү үчүн атайын Спорт ордосу тандалып алынганын билдирген.

7-апрелде Ак үй алдында атылган октон 87 адам набыт болуп, миңден ашууну жаракат алган. Сотко окко учкандардын үй-бүлөлөрүнөн бирден өкүл катышат.

Мына ушундай жүздөгөн адамдын катышуусунда өтө турган соттук жараянды чагымчыл күчтөр пайдаланып кетпейби деген кооптонуулар коомчулукта айтылып келет. Анын үстүнө мындай кооптонуу июнь коогалаңы боюнча өтүп жаткан сот процесстеринен улам да жаралууда. Анткени түштүктөгү кандуу коогалаң боюнча өткөн соттордо жабырлануучу тарап адвокаттарга жана соттолуп жаткандардын жакындарына кол тийгизген учурлары катталган.

Бирок 7-апрелде октон каза болгондордун жакындары тарабынан түзүлгөн “Мекен шейиттери” коомдук уюмунун жетекчиси Осунбек Жамансариев бардыгы мыйзам жана тартиптин негизинде өтөрүн, эч кандай чагымчыл аракеттерге алдырбай тургандарын ишендирип кетти.

- Ар бир үй-бүлөдөн бирден киши болуп, 80 кишидей катышат. Абдан катуу тартип бузган нерселерге барбайбыз, жөн эле барып катышабыз. Баары мыйзам чегинде эле өтөт. Ал эми биз бири-бирибизди алты айдан бери билип калдык. Чагымчылдар ким экенин ошол жерден эле билип коебуз.

"Альфа” кызматынын апрель окуясындагы ролу тууралуу маалымат жарык көрдү

7-апрель күнү курал колдонууга буйрук берген жана аны аткарган деген шек менен жыйырма сегиз адам айыпталып жатат. Алардын ичинде “Альфа” кызматынын сегиз кызматкери бар. Учурда алардын баары үй камагына чыгарылган.

Виталий Пономарев
Ал арада Орусиядагы “Мемориал” укук коргоо борборунун башчысы Виталий Пономаревдун “Альфа” кызматынын апрель окуясындагы ролу тууралуу маалыматы жарык көрдү. Анда апрель окуясы учурунда куралсыз элге ок атты деп күнөөлөнүп жаткан бир катар күч кызматкерлеринин адвокаттар, журналисттер жана укук коргоочулар менен маектешүү учурунда берген көрсөтмөлөрү ачык жазылган. Автор бул маалыматтар Бишкектеги кандуу окуяны ар кандай айыңдарга караганда так баалоого мүмкүнчүлүк түзөт жана апрель окуясын иликтөөгө алган мамлекеттик комиссиянын үстүрт докладына караганда маанилүү деп эсептейт. Алфачылардын адвокаты Кайрат Загибаев:

- Биздин тартип коргоо органдары бизди жана элди коргойт деп ишенебиз. Ал эми жабырлануучу тарап деле биз тарапка жаман нерсе жасабайт деп ойлойбуз. “Альфанын” адвокаттары үчүн сотту көчөдө өткөрсө да баары бир. Биздин күнөөбүз жок. Айга алып барып сот өткөрсө деле болот, башкысы акыйкаттуу өтүш керек. Негизинен Ак үй алдында бир да көзгө атар, элге ок аткандардын бири да кармалган эмес.

ИИМ: Коопсуздук камсыз болот

7-апрелде элге ок атты жана катыштыгы бар деп айыпталып жаткандардын, ошол эле "альфачылардын" күнөөсүн бир гана сот аныктай турганын 9-ноябрда маалымат жыйынында вице премьер-министр Азимбек Бекназаров белгиледи. Ал эми коопсуздук маселеси колго алынып, тийиштүү чаралар көрүлүп жаткандыгын ички иштер министринин коомчулук менен байланыш жана маалымат борборунун жетекчи орун басары Рахматулло Ахмедов билдирди.

- Бүт иш аракеттер коопсуздук жакка багытталып жатат. Азыр бардык маселелер чечилүүдө. Керектүү иш-чаралар иштелип чыккан. Милиция, тартип коргоо кызматкерлери керектүү даярдыктан өтүп, даяр турушат.

7-апрелдеги окуяга тиешеси бар делген мурдагы коргоо министри Бакыт Калыев, мамлекеттик күзөт башчысынын орун басары Нурлан Темирбаев, штаб жетекчиси Данияр Дунганов тергөө абагында отурушат. Ушундай эле айып тагылып жаткан мурдагы үлкөн чиновниктер Элмурза Сатыбалдиев, Нурлан Турсункулов, Оксана Малеваная жана Каныбек Жороев камалып, кийин үй камагына бошотулушкан. Ал эми Курманбек, Жаныбек, Марат Бакиевдер, Данияр Үсөнов, Мурат Суталинов жана “Арстандын” командири Эсенбай Байыш уулуна эл аралык издөө жарыяланганы менен азырынча жыйынтыгын бере элек.

Башкы прокурор Кубатбек Байболов КМШ менен кылмышты иликтөө жана тергөө жаатында болгон келишимдердин бардыгына карабастан, өтүнүчтөр азырынча анчейин колдоого алынбай жатканын “Азаттыкка” берген маегинде да белгилеген. Булар сотко чейин кармалбай турган болсо, мыйзам боюнча сотто аларга карата сырттан өкүм чыгарылат.

"Азаттыктын" архивинен: Бишкектеги нааразылык акциясы, 7-апрель, 2010-жыл.

XS
SM
MD
LG