Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:21

Кичинекей Ширин жардамга муктаж


Жол кырсыгынан жабыркагандардын саны күн санап өсүүдө.
Жол кырсыгынан жабыркагандардын саны күн санап өсүүдө.

КАМАЗга урунган 5 жашар Шириндин колсуз калышына дарыгердин айыбы жок. Ал оор абалда жаткан кыздын жанын сактап калуу үчүн ушундай чечим кабыл алууга мажбур болгон. Талас облустук хирургия бөлүмүнүн ишин текшерүүгө барган атайын комиссия ушундай жыйынтык чыгарды. Ал эми кызды майып кылып, пара берип кутулам деген айдоочунун үстүнөн кылмыш иши кайрадан козголду.

Таласта оор жүк ташуучу машина коюп кеткен 5 жашар Ширинге Талас облустук хирургия бөлүмүндө операция жасалып, ал эки колунан ажыраган. Шириндин апасы Роза Мукадилова кызынын мындай абалда калгандыгына дарыгерлерди күнөөлөгөн. Анткени дарыгерлер Шириндин колун ата энеси менен кеңешпей туруп кесип салышкан.

- Бул жакка реанимацияга келгиче колун көргөн эмесмин. Каталкадан кызым “Апа, менин колдорум кана?” дегенинен, шейшебин ача салсам чыканактары сербеңдеп көрүндү. Ошол жерден эс учумду жоготуп коюпмун. Ал врач колунан келбегенден кийин кызымды дароо эле шаарга жөнөтсө. жок дегенде бир колу аман калат беле...

Роза Мукадилованын мындай дооматынан кийин окуянын чоо жайын иликтөө үчүн Саламаттыкты сактоо министрлигинде атайы комиссия түзүлүп, алар Талас облусунда болуп кайтышты.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин башкы хирургу Мирбек Шаршекеевдин айтымында, комиссия операция кылган врач Жолдошалы Үркүнбаевдин аракетинен эч кандай катачылыкты таба алган эмес. Анткени эки колу тең бырчаланып, терисинде гана илинип, өзү кансырап оор абалда түшкөн кызга мындан башка чара көрүү аргасы калган эмес. Шашылыш абалдан улам операция кыздын туугандары менен кеңешилбей туруп жасалган:

- Албетте бир катачылык кеткен. Дарыгерлер кыздын ата энесинен жазуу түрүндө операцияга уруксат албай калышкан. Бирок абал ошондой болуп калган. Анткени ата-энеси өзү стрессте турса, анан аларга барып “кол койгула, анан операция жасайбыз” деп күтүп турганда да туура эмес болуп калмак. Дароо оор абалда түштү, ошол замат аны операцияга алып кетишкен. Оперция туура кылынган, башка арга жок болчу. Кыз кансырап бара жатса, уруксат сурап жооп күтүп отуруу мүмкүн эмес да. Дарыгерлер кайра анын өмүрүн сактап калышты. Убакытты чое берсе инфекция деген нерсе канга түшүп кетсе, андан да жаман болот эле.

Ширин азыр Бишкектеги №3 балдар ооруканасында дарыланып жатат. Ал баш аягы беш операцияны башынан кечирди. Азыр денесинин сыйрылган жерлери аздан айыга баштаган. Төшөктөн туруп, чуркап ойногонго жарап калган Ширин эсине түшө калганда колун сурап коет, дейт апасы:

- “Эми жакшы болуп калбадымбы, колумду качан салып беришет? Салып берсе кетет элек” деп жатат. Бул жактагы врачыбыз да “мен кызга эмне деп жооп берип, эмне айла кылып чыгарам” деп кошо кайгырып жатат. Эч тартынбаган кызым бар эле, азыр ак халатчандарды көрсө эле жүрөгү түшөт. Биз угуп жатабыз, Германияда 17 миң еврого кол салат экен деп. Бирок ал кандай протез экенин билбейм.

Мирбек Шаршекеевдин айтымында, азыр кызга жардам берүү мүмкүнчүлүгү каралып жатат. Анткени өсүп турган кызга кандай протез салуу керектигин чечүү керек. Мунун бардыгы Шириндин колдорунун орду толугу менен айыкканда айкын болот дейт адис:

- Биз азыр адистер менен кеңешип жатабыз. Териси жакшы бүтсө, анан 3 айдан кийин көрөлү деп турабыз. Протездер Кыргызстанда да коюлат. Косметикалык жана жарым механикалык протездер бар. Жарым механикалык протездер чыканактан ылдый коюлат. Ал менен кичине кашык, тарак кармай алат. Бирок азырынча ушундай кол салабыз деп айтуу кыйын. Айыккандан кийин байкап көрөбүз. Колдон келген жардамды беребиз.

Ал эми Ширинди тебелетип качып кетип, 50 миң сом пара берип бошонгон Анаркул Кермалиевдин үстүнөн кылмыш иши кайра козголду. Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Бакыт Сейитовдун билдиришинче, азыр тергөө иштери кайра жандандырылды.

- Кылмыш иши жабылып калган да. Азыр облустук тергөө башкармалыгында тергөө иштери уланып жатат. Баягы экспертизалар кайра жүргүзүлүп жатат. Анын баары жыйынтыкталгандан кийин иш сотко өткөрүлөт. Буга чейинки ишти жаптырып салган тергөөчү жумуштан айдалган жана бул ишке тиешеси бар кызматкерлердин бардыгына сөгүш жарыяланган.

Парламентте да жакынкы күндөрдө Ширинге байланыштуу маселе көтөрүлгөн. Анда депутат Динара Молдошева 50 миң сом пара алып, ишти жаап салган тергөөчүгө иш козголбой, анын жөн гана жумуштан кетирилгендиги көп суроону жаратарын билдирген. Депутат айымдын билдиришинче учурда бул ишти толук кандуу иликтөө боюнча өкмөткө кат жолдонду.

Тасмада: "Азаттык+" Ширинге барды

"Азаттык плюс" жаштар берүүсүнүн кабарчылары жана белгилүү ырчы Мирбек Атабеков дарыланып жаткан Шириндин ал-ахыбалын сурап, ал жалгыз болбогонун көрсөтүү үчүн ооруканага барып келишти. 14-октябрь, 2009-ж. MiT.

"Азаттык+" Ширинге барды
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:24 0:00
  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG