Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:34

ЖОЛ ЖҮРҮҮДӨГҮ КООПСУЗДУК ТЫНЧСЫЗДАНДЫРУУДА


Бүгүн 26- июлда Ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин төрагалыгы астында өлкөдөгү жол кыймылынын коопсуздугунун абалы боюнча жыйын өткөрүлдү. Жыйынга ИИМдин МАИ башкармалыгынын жетекчилиги, Ош, Бишкек шаардык, бардык облустук ички иштер башкармалыктарынын жетекчилеринин орун басарлары, облустардын МАИ бөлүмдөрүнүн башчылары, шаардык, аймактык, район аралык экзамендик-каттоо бөлүмдөрүнүн жетекчилери катышты. Жыйында жолдо жүрүү эрежелери сакталбай жатканы, жол кырсыктарынын себептери, аны жоюу чаралары тууралуу кеп болду.

Кыргызстандагы жол кыймылынын коопсуздугунун абалы боюнча чукул жыйында өлкөнүн МАИ башкармачылыгынын жетекчиси Болот Борбиев өткөн алты айдын ичинде эле 1892 жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 460 адамдын өмүрү кыйылганын айтып, чаралар көрүлүп жатканы менен МАИдеги коррупция жоюлбай жатканын моюнга алды.

- Чынында эле жол кырсыктары көп катталууда. Алты айдын жыйынтыгынада эле 1892 жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 460 адамдын өмүрү кыйылып, эки минден ашуун адам жаракат алышкан.

Ички иштер министри Молдомуса Конгантиев чукул чакырылган кеңешмеде Ош, Жалалабат шаарларындагы борбордук көчөлөрдүн жээктеринде жөө жүрүүчүлөр өтүүчү жайларда дүкөн, ашкана куруп, соода кылууга уруксаат берген шаар жетекчилигине, архитекторлорго нааразчылыгын билдирип, аларга каршы МАИ кызматкерлери чара көрбөй жатканын сынга алды.

-Силер эмнени көзөмөлгө алып жүрөсүңөр! Эмне үчүн жөө жүрүүчүлөр жүрүүчү жолго дүкөн, ашкана салууга уруксаат берген архитекторго чара көрүү үчүн шаар жетекчилерине кайрылбайсыңар. Өз ишиңерди таңкы саат алтыда шаарлардын көчөлөрүн көзөмөлгө алуудан, текшерүүдөн баштооңор зарыл.


Айдоочулардын документтерин текшербей, автоунаанын техникалык абалын көзөмөлгө албаган МАИ кызматкерлери пара алганы аныкталса дароо иштен айдалаарын министр Молдомуса Конгантиев катуу эскертти.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Бакыт Сейитовдун айтымында өлкөдө жол кырсыктарынын көп катталышы, айрым МАИ кызматкерлери жол коопсуздугуна көзөмөл кылуунун ордуна айдоочуларга айып салып, акча алуу менен алек болгондуктан жана кызмат учурунда эки МАИ кызматкерин атып кетишкендиктен чукул жыйын өткөрүүнү шарттады.

Жыйында ички иштер министри Молдомуса Конгантиев МАИ кызматынын иш- аракетине канаттанбагандыгын билдирип, айрым жетекчилерге жол коопсуздугун сактоону тез арада уюштуруу үчүн мөөнөт берип, эскертти.

Бишкектин тургуну Нурлан Акматовдун пикиринде МАИ кызматкерлери жол коопсуздугун көзөмөлгө алуунун ордуна айдоочуларга айып салып акча алуу менен гана чектелип, өз чөнтөгү үчүн гана иштеп калган. Ошондуктан МАИ тармагына чыныгы реформа керек.

Жыйында жөө жүрүүчүлөр да жол эрежелерин сактабай көчөлөрдү каалаган жеринен кесип өтүп, кырсыкка кабылып жатышканы, өлкө аймагындагы жол белгилерин уурдап кетүү фактылары көп катталганы жана көчөлөрдүн аң-чөнөктөрү көп экени айтылды. Ал эми мас абалында автоунаа айдагандарга катуу чара көрүлөрү белгиленди.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG