Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:04

Мураталы ажы Жумановдун сөөгү жерге берилди


Узакка созулган оорудан кийин каза тапкан Кыргызстандын мурдагы муфтийи Мураталы ажы Жумановдун сөөгүн акыркы сапарга узатуу зыйнатына арналган митингде маркумдун чечендигин, калыстыгын, патриоттуулугун жана элчилик касиеттерин жылуу эскеришти.

Ошол эле учурда Ноокаттагы иш-чарага катышкандар Борбор Азиядагы жаш муфтийдин тажиясы мамлекеттик деңгээлде уюштурулбагандыгына нааразы экендиктерин белгилешти.

Кыргызстандын мурдагы муфтийи Мураталы ажы Жумановдун сөөгү киндик каны тамган жери Ноокат районуна караштуу Ынтымак айылында акыркы сапарга узатылды.

Иш-чарага арналган митингде Ош облус губернаторунун милдетин аткаруучу Сооронбай Жээнбеков өлкөдө мусулман аттуунун бардыгы кайгыда олтургандыгын билдирди:

- Кечээ суук кабарды угуп кабыргабыз кайышып, абдан терең кайгыруу менен кабыл алдык. Инибиздин адамгерчилиги абдан бийик болчу. Кыргызстанда кандай гана иш болбосун, жакшылыгында да, абдан оор күндөрүндө да өзүнүн калыс сөзүн айтып, элди ынтымак-ырашкерликке жана тынччылыкка чакырып тураар эле. Эң мыктылыгы: жаш экендигине карабастан ислам динин кеңири жайылтууга өтө зор салым кошту.

Ал эми дүйнөлүк жаштар ассамблеясынын президенти, эл аралык ислам аалымдары уюмунун өкүлү Саид Баюми маркумдун элчилик жана калыстык касиеттерин жогору баалап, тууган-уруктарынын жана жердештеринин азасын тең бөлүштү:

- Жоготкон маркум Мураталы ажы менен жети жылдай чогуу иштештим. Аны менен чогуу-чаран жүздөгөн мечиттерди куруп, тапшырдык. Мындан тышкары жүздөгөн китептерди бирге бастыдык. Булардын катарында керемет Курандын котормосу дагы башка жыйнактар бар эле. Ыраматылык менен жанаша жашап, ысык мамиле түзүп жүрүп, анын анык жигит экендигине толук ынандым. Биз ислам дүйнөсүнө Мураталынын о дүйнө салгандыгы туурасында кабарлаганыбызда, жер шарынын булуң-бурчунан аза баракчаларын жолдошту. Мындай чын ыкластан көңүл айтууларын Кения, Сумал, Кувейт, Сауд Арабия өңдөнгөн он жетиден ашык мамлекеттер жөнөтүштү.

Өз сөзүндө Саид Баюми Мураталы ажы Жумановдун артында калган бала-чакасына ал жетектеген уюм мындан ары такай каралашып, өзгөчө камкордук көрүп тураарын жарыя кылды.

Мамлекеттик дин агенттигинин мурдагы директору, учурда илим менен шугулданган Өмүрзак Мамаюсупов биргезде ийиндеше иштешкен Мураталы ажы Жумановдун төмөнкүдөй сапаттарына токтолду:

- Менимче, Борбор Азия, ошондой эле бүтүндөй мусулман өлкөлөрү орду толгус жоготууга учурады. Анткени, эң негизгиси бул диний ишмер – элдин анык адамы эле. Бардык диндердин өкүлдөрүнө тегиз карап, кыска мөөнөттө асмандагы бир жылдыз сыңары жаркырады. Балким, Мураталынын баркына кийинчерээк түшүнөөрбүз. Жаштыгына карабастан тулку боюна дүйнөлүк маданиятты сиңирип, ушул жетишкендикти эл-журтка кеңири таратып, Кыргызстанымды дүйнөлүк өнүгүүгө кошом деп чарпылып жүрүп, калкына күндүзү тыным, түнү уйку көрбөстөн ак кызмат өтөдү.

Ошол эле учурда Ноокаттагы тажияга катышкандар Борбор Азиядагы жаш муфтийдин эмгеги адилет бааланбай калгандыгын, анын сөөгүн узатуу вазийпасы Убактылуу Өкмөт тарабынан мамлекеттик деңгээлде уюштурулбагандыгына нааразы экендиктерин белгилешти. Мындай пикир күткөндөрдүн бири – жергиликтүү молдо Алишер Жусуповду кепке тарттык.

- Мураталы ажы Жумановдун сөөгүн узатуу шаан-шөөкөтү өз деңгээлинде уюштурулбай калыптыр. Буга замандаштары капа болуп жатышат. Бийликтегилер ушул жигиттин кадырына тирүүсүндө жетишпеди эле. Жок дегенде көзү өткөн маалда анын өзүнө жараша сый-урмат көрсөтүп коюшса, соопко калышмак. Баарынан дагы бүгүнкү тажиясына Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү бүт катышса, өздөрүнө деле абийир болмок, - деди Алишер Жусупов.

Ошентип, маркумдун сөөгү анын осуятына ылайык өзү туулуп-өскөн Ноокаттын Ынтымак айылында жерге берилди.

37 жаштагы көрүнүнктүү диний ишмер Мураталы ажы Жуманов акыркы сегиз жыл бою Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи кызматын аркалаган. Быйылкы апрель ыңкылабынан кийин бул жумушунан өз арызынын негизинде бошонгон. Соңку үч-төрт айда ашказан рагы илдетине кабылып, ушул дарттын айынан 7-июлда таңгаа мал каза тапкан. Артында алмончоктой аялы жесир, үч кыз жана бир уулу жетим калды.
XS
SM
MD
LG