Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:58

Чатырда белгиленген майрам, тынчтык тилеген калк


Бул күнү бардыгы тынчтык тилешти.
Бул күнү бардыгы тынчтык тилешти.

Оштогу коогалаң учурунда талкаланган өзбек кварталдарынын жашоочулары тилек айтып, бата тартып Орозо айт майрамын чатырларда белгилешти. Анын ичинде Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Шарк айылынын тургундары да бар. Алар мусулмандар үчүн ыйык эсептелген Орозо айт майрамын быйыл башка жылдарга салыштырмалуу шаан-шөөкөтсүз тосушту.

Баш-калкасыз калган тургундар Орозо айт майрамын белгилөө үчүн убактылуу берилген чатырларга чогулушкан. Гүлноза Каримова буларды айтат:

- Биздин үйүбүз бүт күйүп кеткен. Эч нерсебиз жок. Ага-инилерибиз, жакын туугандарыбыз майрамда бизден кабар алып, тамак-аш алып келип беришти. Минтип аш басып, майрамды белгилеп жатабыз. Майрам жылдагыдай эмес, ушинтип суз. Биз бүгүн Айт майрамы менен куттуктап, тааныштарга да бара албай калдык. Өздөрү келип ал-абал сурап кетип жатышат.

Жыл сайын Орозо айт майрамында кыргыз досторуна айттап барып, өзү да аларды коноктоп келген айылдын 75 жаштагы тургуну Ташкул Рахмонов быйыл минтип жаңжалдан улам чатырынан чыга албай калганын өкүнүч менен билдирди:

- Биз кыргыз достор менен бирге намазга барат элек, чайханада чай иччү элек. Орозо күндөрү бири-бирибиздин үйлөрүбүзгө барып, тойдо да бир болчубуз. Эч кандай уруш жок эле. Сен кыргыз, сен өзбек деп бөлгөн киши жок. Эми минтип коогалаңдын айынан эч кимиси менен жолуга албай жатам. Алар менен сүйлөшкүм да келип жатат.

Рамазан айынын соңку күндөрү коогалаң кайра болот экен деген имиш кептер айылдыктарды чоң бушайманга салган. Айрымдар өз жакындарын, балдарын коопсуз аймактарга жөнөтүп жиберүүгө да аргасыз болушкан экен. Айтты мечитте намаз окуп тосуп жаткан Тахир Сабиров буларга токтолду:

- Минтип мечитте намаз окуп, кудаадан коркуп отурабыз. “Башка түшкөн ишти эми көз көрөт” деп. Көчөгө чыкканда балдарыбызды уруп коюп жатышат, анча мынча аялдарга да тийишип жатышат. Орозо бүткөндөн кийин да андай-мындай болот деген сөздөр көп чыгып жатат. Ушунун айынан да айылдын көп тургундары башка жактарга кетип калышты.

“Орозо айт майрамында болгон тилегибиз эле тынчылык” дешет Шарктын жашоочулары:

- Коогалаңды кыргыз да, өзбек да чыгарган жок. Кыргыздардын арасында деле жакшы адамдар бар, өзбектерде деле бар. Урушту ортодон башка күчтөр чыгарды. Биздин айылда турган кыргыз туугандарыбыз менен жакшы эле мамиледебиз. Алар менен урушкан деле жокпуз. Эмнеси болсо да ушундай кесепет чыгып кетти. Мындан ары эми тынччылык болсун. Элдер ынтымакта жашасын!

Ошентип быйылкы Орозо айынын соңу Шарктын тургундары үчүн коптонуу сезимин күчөтүп, ошол эле учурда жакшылыктар болсун деген тилектерине толуп турган учуру.

Июнь айындагы этникалык кагылышуу учурунда Ошто жүздөгөн турак-жайлар талкаланып, көптөгөн бүлөлөр баш калкасыз калган. Эл аралык уюмдар тарабынан берилген убактылуу баш калкалоочу чатырларда болсо да Айт майрамы белгиленип жатат. Кыргыз-өзбегине карабай бир эле тынчтык болсун деген тилек-баталар берилип, чагымчыл сөздөргө алданбоо чакырыктары ташталууда.

Тасмада: Эски Борбордук аянттагы айт намаз

Бишкекте Жогорку Кеңештин имаратынын алдындагы Эски аянтта таңкы саат 8ге белгиленген орозо айт намазына 50 миңден ашуун киши (диниятчылардын баамында - 70-80 миңдей мусулман) катышты. Бишкек, Кыргызстан. 2010-ж., 10-сентябр. MiT.

Эски Борбордук аянттагы айт намаз
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:25 0:00
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG