Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:05

К.Бакиевди «батькасы» кайтарып бербейт, ошентсе да


Белорус жаштары К.Бакиевди Кыргызстанга кайтарууну талап кылышууда
Белорус жаштары К.Бакиевди Кыргызстанга кайтарууну талап кылышууда

Кыргызстандын Убактылуу өкмөтү мурдагы президент К.Бакиевди кайтарып берүү жөнүндө Белорусияга өтүнүч жөнөттү. Аз илгери белорус президенти кызматын таштоо арызын жазып берген К.Бакиевди өлкөсүнө өткөрүп бербей турганын билдирген. Ошондон Убактылуу өкмөт өтүнүчүнүн ишке ашары күмөн.

Бадырайта жазылган арызды балта кеспейт

Убактылуу өкмөт башчынын орунбасары Азимбек Бекназаровдун айтуусунда, Кыргызстанга кызматын таштап качууга мажбур болушкан эки президент тең кайтып келишсе жакшы болор эле. Жаңы бийлик аларга калыс тергөө, адилет сот түзүп беришке кызыкдар. Ал эми 7-апрелдеги канабайрамды уюштурууга катыштыгы бар деп айыпталынып жаткан 12 адамдын бешөө кармалып, сурак беришүүдө.

- Бакиев Курманбекке сырттан айыбы 97, 305-беренелер боюнча угузулуп, 2010-жылдын 4-майында сот тарабынан камакка алуу боюнча санкция алынды. Документтер даярдалып аны кармап Кыргызстанга алып келүү үчүн Белорусия бийлигине жөнөтүлдү.

2002-жылкы Кишинев конвенциясына таянып Кыргызстандын Башкы прокуратурасы К.Бакиевди Белорусиядан кармап берүүнү талап кылууда. Ушул жылдын 4-майында Убактылуу өкмөттүн атайын декрети менен мурдагы президенттен кол тийбестиги алынган.

7-апрелдеги калаймандын башкы күнөкөрү деп эсептелинип жаткан Кыргызстандын мурдагы президенти К.Бакиев өз колу менен жазып берген кызматтан кетүү тууралуу арызын танып, Минскиден өлкөсүн укуктук талаага келүүгө чакырык таштоодон тажай элек.

- Убактылуу болсо да мыйзамдуу бийликти орнотуш үчүн мен алардын талапкерин колдошко даярмын.

Минскиге жеткенден кийин башкача сүйлөп калган Кыргызстандын экс-президентин кайтарып бербестигин ырастап, “Европанын соңку өкүмдары” атына конгон Белорусиянын президенти Александр Лукашенко жашаялмет К.Бакиевге мамлекети камкордук көрүп жатканын айтууга өттү.

- Мага азырынча эч ким расмий түрдө кайрыла элек. Эмитен эле ачык айтып коеюн андай кайрылуудан бир да майнап чыкпайт. Антсе өздөрүнүн эле кадырын кетирип алышат. Лукашенконун оозунан кандай жооп сөз чыгарын алар деле билишет. Кыргызстандын президенти Белорус мамлекетинин жана президентинин коргоосунда турат.

Белорусиядан ыргытылган таш Орусияга тийүүдө

Саясат таануучу А.Князевдин пикиринде, А.Лукашенконун дымактуу билдирүүсү Кыргызстанга караганда Орусия бийлигине көбүрөөк кыр көрсөткөндөй таасир калтырат.

- Биринчи иретте бул Орусияга карата ишаара. Эмдиги жылдын башында Белорусияда президенттик шайлоо өтөт. Өлкөнүн социалдык-экономикалык жагдайы, саясий абалы деле тынч эмес. Бул аралыкта эмнелер жасалганын-жасалбаганы шайлоочулар алдында айтылышы керек. Ошондон ал өзү үчүн опурталдуу экенине карабай Орусияга төш кагып жатпайбы.

А.Лукашенконун К.Бакиевге баш калка бериши кийинки кездери байкала баштаган Орусия менен Белорусия ортосундагы салкын-суз мамилени элине түшүндүрүп беришине кадыресе жүйөө болушка жарады. Эмнеликтен Орусия мындан беш жыл илгери элинин жаалынан чочуп кызматын таштап кеткен А.Акаевди батырып, ошондой эле мамилени К.Бакиевге жасабай койгону, кыязы, белорус президентин тынчын алып жаткан окшойт.

Саясат таануучу Токтогул Какчекеевдин ырасташынча, орус менен белорус президенттери ортосундагы саясий оюнда К.Бакиев баш калкасы А.Лукашенконкун колундагы кадырлуу карта катары жүрүүдө.

- К.Бакиевди “туз көзүр” болбосо да “алтылык көзүр” катары кармап олтурат. Эртеңки күнү Конституция кабыл алып, жаңы мамлекет ордуна келип, парламент иштегенде айтат. “Эми силер легитимдүү болдуңар. Эми силерге К.Бакиевди берем” дейт. Бул баягы созулган оюн болуп атат.

Оюн аягына чыкканча өзүн Кыргызстандын президенти атоодон тажабаган К.Бакиевге баш калка бергенин колко кылып Белорусиянын түшпөс президентинин келаткан шайлоо алдындагы саясий упай топтоо аракети улана бермекчи.

XS
SM
MD
LG