Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:45

Ош: милиция башчысынын өлтүрүлүшү боюнча сот үзгүлтүккө учурады


Айыпталуучулар сот залында, 29-сентябрь.
Айыпталуучулар сот залында, 29-сентябрь.

Кара-Суу милициясынын башчысы А. Султанов менен айдоочусу У. Шамурзаевдин мыкаачылык менен өлтүрүлүшү боюнча сот ишинин үзгүлтүккө учурашына шектелгендерге карата жабыркаган тараптын чуу салуусу себеп болду.

Райондук милиция башчысы Адылбек Султанов айдоочусу Уран Шамурзаев менен июндагы коогалаң учурунда Нариман айылына сүйлөшүүгө барган учурда мыкаачылык менен өлтүрүлгөн.

Соттолуучулар зомбулукка кабылдыбы?

Бүгүнкү сот ишинде айыпталуучулардын биринин адвокатына да зомбулук көрсөтүлгөн. Жактоочу Тайыр Асанов кечээ айтыпталуучулардын бир катарына тартип коргоочулар тарабынан күч колдонулушу боюнча кылмыш иши козголуусун айтам деп бүгүнкү сот ишинде жабырлануучу тараптын ур-токмогуна кабылганын айтат:

- Кечээ кечинде аскер формасындагы адамдар айтыпталуучуларга күч колдонгондугу белгилүү болгондуктан бүгүн сотто ошол күч колдонуу боюнча фактыларды каттоо жана кылмыш ишин козгоону төрага менен прокурордон сурандым. Анан ошол жердеги жабырлануучулардын жакындары баары мени ур-токтмокко ала баштаганда качып кутулууга туура келди. Мен эл аралык коомчулукка, биздин күч органдарга, өлкө жетекчилигине адвокаттардын коопсуздугун сактап бергиле деп кайрылмакчымын. Себеби адвокаттар мыйзам чегинде иштин так жана адилеттүү каралышына жардам берет. Азыр бизге эле эмес, үй-бүлөбүзгө карата да ачык эле коркутуулар болуп, өмүрүбүзгө коркунуч туулуп жатат.
Сот залынан

Адвокат Таир Асанов июнь окуясында шектелүүчүлөргө карата тагылган айыптарды күч менен моюнга алдыруу фактысы боюнча август айында прокуратурага жазган арызына дале жооп болбогонун да кошумчалады.

Ошол эле учурда бүгүн “Жарандык коом коррупцияга каршы” коомдук уюму да июнь окуясы боюнча шектелип, соттолуп жаткандарга ар тараптуу зордук-зомбулуктар болуп жатканы тууралуу билдирүү таратты.

Деген менен Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Батыр Нышанов июнь окуясы боюнча айыпталып жаткандардын коопсуздугу көзөмөлдө экенин билдирүүдө.

Жараянды жүргүзүп жаткан Кара-Суу райондук сотунун судьясы Бакыт Усупбеков болсо эгер жабырлануучу тарап эртең да кызуу кандуулукка алдыра турган болсо иш белгисиз убакка чейин токтотулушу ыктымал экендигин жарыялады.

Жабырлануучу тараптын нааразылыгы

Июндагы тополоңдо Кара-Суу райондук милиция башчысы, полковник Адылбек Султанов жана анын айдоочусу Уран Шамурзаевдин мыкаачылык менен өлтүрүлүшү боюнча соттук жараян кечээ (29-сентябрда) башталганда эле жабырлануучулардын нааразылыгы коштогон. Жабырлануучу тарап сот башталгандан тарта эле тергөө иштери начар жүргөн деген нараазылыктарын билдиришип, кылмышка түздөн-түз тиешеси бар делген июндагы тополоң мезгилинде Кара-Суу район акиминин орун басары болуп турган Шаятовду, Нариман айыл өкмөтүнүн башчысы Шадманов жана башка элди күшкүттөгөндөр кармалбаганын, суракка алынбаганын айтышты.

Талаптарды уккан соң ишти карап жаткан Кара-Суу райондук сотунун судьясы Бакыт Усупбеков иш жарым жартылай кайра тергөөгө жибериле турганын ачыктап, бирок соттук кароо улана бере турганын билдирди.

Мыкаачылык менен өлтүрүлгөн милициянын полковниги Адылбек Султановдун жактоочусу Зухра Абдурахманова да тергөөдө карама-каршылыктар бар экенин айтты:

- Тергөө мезгилинде көп нерселер такталбай калган, ошон үчүн биз ишти кайра тергөөнү сурасак ал жарым-жартылай канаатандырылды. Сотко керектүү бир катар далилдер жок. Буюртмачылар табылган эмес. Эпизоддор түшпөй калган. ДНКнын бүгүнкү күнгө чейин жыйынтыгы жок. Бирок ошого карабастан сот башталып калды. Биз буга нараазыбыз.

Адылбек Султановдун зайыбы Гүлзада Султанова болсо, август айынан бери тергөө начар жүрүп жатат деп милиция органдарына какшап келет:

- Телефон боюнча эле айтсам. Күйөөм 13-июнда өлтүрүлсө, мага беш күндөн кийин СМС келип жатат. Күйөөмдүн номеринен өзбек тилинде “мен тирүүмүн” деген билдирүү келди. Ошол эле түнү Ош облустук ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары Нурдиновго телефон чалсам “Сиздин күйөөңүз өлтүрүлгөн, шектелгендер кармалды. Эми СМСтин кереги жок. Анын мааниси да жок” – дейт. Эмнеге мааниси жок?! Ким менин үстүмдөн мыскылдап жатат, күйөөмдү кимдер өлтүрдү, күйгүздү? Күйөөмдүн эки sim-карталуу телефонундагы толгон-токой номерлердин ичинен менин номеримди кантип тапты. Ал жерде “аялым” деп да жазылган эмес. Жөн гана Гүлзада деп сакталган болчу. Ушул нерселер, дагы башка фактылардын бири да тергөөгө киргизилбей калган. Бул адилетсиз тергөө

Кечээки сот жараянына да жабырлануучу тараптын элүүдөн ашуун жакындары, БУУнун адам укугу боюнча корунун өкүлдөрү, тартип коргоочулар, жактоочулардан башка соттолуп жаткандардын бир дагы тууганы катышкан эмес.

13-июнда Кара-Суу районунун ички иштер бөлүмүнүн башчысы, милициянын полковниги Адылбек Султанов менен анын айдоочусу, милиция кызматкери Уран Шамурзаев Нариман айылына сүйлөшүүгө барган жеринен мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Кийинчерээк Адылбек Султановдун денеси өрттөлгөн, Уран Шамурзаевдин денеси башы жок абалда табылган эле.

Бул кандуу окуя боюнча шектелип жаткан 10 кишинин соту 29-сентябрда башталган. Ишти Кара-Суу райондук соту кароодо.

Ызы-чуу менен коштолгон сот
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:37 0:00

XS
SM
MD
LG