Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:23

"Гена, биз сени эч качан унутпайбыз"


Геннадий Павлюк Кара-Ойдо жерге берилди. 2009-жылдын 24-декабры.
Геннадий Павлюк Кара-Ойдо жерге берилди. 2009-жылдын 24-декабры.

Киши колдуу болуп өлтүрүлгөн журналист Геннадий Павлюктун сөөгү 24-декабрда өзүнүн керээзи боюнча Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылындагы христиандар мүрзөсүнө коюлду.

51 жашта өмүрү кыйылган журналистти башында улуу жубайы Лена Павлюк менен атуулдук никедеги экинчи жубайы Ольга Колосова туруп, акыркы сапарга узатты.

Маркум менен коштошууга келген туугандары, достору, кесиптештери ичтери ачышып, журналисттин жакшы сапаттарын айтып, эскерип жатышты.

Журналист менен “Аргументы и факты", “Белый Пароход” гезиттерин бирге түптөгөн Николай Кунченько кесиптешинин “саясый буйрук менен өлтүрүлгөнү ачык эле болуп калбадыбы” деп билдирди.

Маркумду жакшы билген дагы бир кесиптеши Азиза Расулованын айтымында, кылмышкер журналистти өлтүрүү менен басма сөз эркиндигине сес көрсөткүсү келген. Бирок бул окуя ага кайрак болду дейт:

- Кесипкөй журналисттерди атып өлтүрүп салуу менен бизди коркуткусу келип атышса керек! Андай эмес, биз кайра чыйралдык! Коркпойбуз!

Геннадий Павлюк акыркы жылдары Чолпон-Ата шаарындагы эс алуу үйүндө көбүрөөк иштей баштаганын анын досу, “Аргументы и факты” гезитинин Ысык-Көлдөгү фотожурналисти Владимирь Боровик эскерип, топурак салып атып, мындай деди:

- Гена бул жерден 6-декабрда кетип атканда калтырган байлыгын кимге кандай бөлүштүрүү жагын айтып, өлсөм да Ысык-Көлгө көмгүлө деген эле. Билбейм эмнеге антти. Досу катары туугандарына ыраазымын, анын акыркы керээзи боюнча Гена мына сен да көл жанында түбөлүк жатасың!

Г. Павлюк “Ата Мекен” атуу маалымат сайтын ачуу боюнча ири долбоорду ишке ашыруунун үстүндө иштеп жатканын белгилеген “Ата Мекен” партиясынын лидери Ө.Текебаев, ал баштаган ишти сөзсүз улантып, аягына чыгарышарын айта кетти:

- Ал өзү келип бизге “Биздин жашообузга балким 10, 15 жыл калгандыр, келгиле биздин балдарга жакшы жашоо, таза өлкөнү калтыралы" деген эле. Ал акыйкаттык үчүн күрөшүп атып кетти. Ал артына эркин коомду түптөп калтырайын деген. Биз анын аягына чыгабыз, Гена кылмышкер да табылып, өз жазасын алат, биз сени эч качан унутпайбыз!

Ал өзү келип бизге “Биздин жашообузга балким 10, 15 жыл калгандыр, келгиле биздин балдарга жакшы жашоо, таза өлкөнү калтыралы" деген эле. Ал акыйкаттык үчүн күрөшүп атып кетти.
Г. Павлюкту акыркы сапарга узатууга “атамекенчилер” Ө.Текебаев, Д.Чотонов, А.Шыкмаматов жана коомдук ишмер Аскар Айтматов да келип катышты. А.Айтматов Павлюктун жалгыз уулу Ярославга көнүл айтып атып, атасы “Комсомольская правда” гезитинде да мыкты эмгектенгенин эскерди.

Айтматовдун жубайы Анара Насирова аталган гезиттин башкы редактору болгондуктан улам Геннадий Павлюк менен таанышып калган.

Тасмада: Геннадий Павлюк менен коштошуу

Алматыда мерт болгон кыргызстандык журналист Г. Павлюктун сөөгү 23-декабрда Бишкекке алынып келди. Жакындары маркум менен коштошууда.

Геннадий Павлюк менен коштошуу
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:35 0:00

XS
SM
MD
LG