Шейшемби, Май 22, 2012 Бишкек убакыты: 00:08

Кыргызстан

Журналисттерге чабуул - сөз эркиндигине чалмабы?

Алматы шаарында ооруканада жаткан кыргызстандык журналист Геннадий Павлюк көз жумду. Ал Алматыдагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринин алтынчы кабатынан колу-буту таңылган абалда ыргытылганы айтылган болчу. 17-декабрь күнү оор абалда табылган журналист ошол бойдон эсине келген жок.

x
Текст көлөмү - +
Сөз эркиндигине чалма: А.Саипов, А.Ташиев, Г.Павлюк....?

Белгилүү журналист Геннадий Павлюк менен болгон кейиштүү окуяны жарандык коомчулуктун өкүлдөрү анын кесибине байланыштырышат. Соңку кездери ал “Ата-Мекен” аттуу интернет долбоорунун үстүндө иштеп, Өмүрбек Текебаев жетектеген “Ата-Мекен” партиясы менен тыгыз кызматташып келгени, анан эле 16-декабрь түнү Алматыда колу-буту байланган абалда алтынчы кабаттан ыргытылышы күдүк ойлорду жаратууда.

Ибрагим Рустамбек аттуу ылакап ысым менен белгилүү журналист Геннадий Павлюк “Белый Пароход” гезитин жана интернет баракчасын түзгөн. Орусиянын белгилүү маалымат каражаттары менен кызматташып келген. “Ата-Мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев болсо, маркум менен соңку кездери жаңы медиа долбоорун ишке ашыруу багытында кызматташып келгенин айтууда.

Учурда Алматы милициясы бул боюнча “адам өлтүрүү” деген негиз менен кылмыш иши иликтенип атканын айтууда.

“Кылым шамы” укук коргоо борборунун жетекчиси Азиза Абдрасулова дагы Г.Павлюктун өлүмү анын кесибине байланыштуу болгон дегенге кошулат. Укук коргоочунун пикиринде, соңку кездери журналисттерге чабуул күчөп, токмоктолуп, өлкөдөн качып кеткендерин кошпогондо киши колдуу болгондору да көбөйө баштады. Ошентсе да журналисттер коомчулугу биримдигин көрсөтө албай келишүүдө:

- Эң биринчиден журналисттердин биримдиги жок. Журналисттер бүгүн бир гезиттин журналистине кол салынып атабы, бир массалык маалымат каражаты жабылып атабы, бирөөнө карата сот иши жүрүп атабы, кол салуу болуп атабы же сөз эркиндигине коркунуч болуп атабы – башка журналисттер аларды маалымат катары гана чагылдырып, ошону менен токтоп калып атышат.

Президенттин Катчылыгынын Өз ара аракеттенүү кызматынын жетекчиси Илим Карыпбеков “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип, Катчылык өлкөдөгү журналисттердин сабалышы, токмоктолушуна байланыштуу ар бир ишти көзөмөлдөп, Ички иштер министрлиги, прокуратура, Улуттук коопсуздук кызматы менен биргеликте иш алып барып атышканын, журналист Г.Павлюктун өлүмүнө да тынчсызданып турушканын билдирди.

Ошондой эле ал бүгүнкү күнү маалымат каражаттарынын жетекчилиги өздөрү да журналисттердин коопсуздугуна көңүл буруулары керектигин, журналисттер өздөрү да алардын кесиби кооптуу экенин билип жүрүүлөрү зарылдыгын баса айтты:

- Эгер журналисттер тууралуу айта турган босок, ар бир журналист биринчи кезекте өзүнүн кесиби кооптуу экенин, бир эле учурда бир же андан көп кишиге алардын жазгандары, алып барган иштери катуу тийип калышы ыктымал экенин билгенден кийин, өзү дагы этияттык менен жүрүшү керек. Редакциялар, алардын жетекчилери - журналисттер түнгө чейин иштеп калып атканда аларды үйүнө жеткирүү чараларын, шарттарын түзүп бергенге аракет кылышы керек.

Укук коргоочулардын айтымында, журналисттердин сабалышы же өлүмүнө байланыштуу кылмыш иштеринин дайыны чыкпай калып атканы көп нерседен кабар берип турат. Бул биринчиден - Ички иштер министрлиги, Улуттук коопсуздук кызматы, Башкы прокуратура сыяктуу килейген органдардын абдан алсыз абалга келгенин же “бармак басты, көз кысты” деген принцип менен иштеп калганын көрсөтөт дешет. Ал эми маалымат каражаттарынын жетекчилери кызматкерлеринин коопсуздугуна баш оорутуп, журналисттер ар качан өз кесиби кооптуу экенин ойлонуп калган шартта өзүн-өзү цензуралоо күчөмөкчү.


Соңку окуяларга байланыштуу кайрылуулар да көбөйдү

Өлкөдө соңку кездери журналисттердин, саясатчылардын сабалышына, өлтүрүлүшүнө байланыштуу Бириккен элдик кыймылдын саясий кеңеши да жалпы элге кайрылуу жасады. Анда өлкөдө башкача ойлонгондор токмоктолуп, куугунтукталып, бийлик террору күчөгөнү айтылат.

“Бүгүн Кыргызстанда оппозициялык маанайдагы саясатчыларды өлтүрүп, сабап, болбогон шылтоо менен түрмөгө камап, аларга карата жок жеринен кылмыш иштерин козгоп жатышат. Оппозициялык саясий ишмерлердин, журналисттердин, бейөкмөт уюмдардын лидерлеринин, укук коргоочулардын жана алардын жакын туугандарынын өмүрлөрү күн сайын коркунучта. Азыркы бийлик каршы сүйлөгөндүн бардыгын колунан келишинче өлтүрүп же сабап, болбосо түрмөгө камай турганы ачык эле болуп турбайбы”,- делет БЭКтин кайрылуусунда.

Ошондой эле Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясы дагы “Журналисттер жана сөз эркиндиги коркунучта!” деген аталышта ачык билдирүү менен чыгып, өлкө жетекчилигинен журналисттердин коопсуздугун чыңдоо боюнча кечиктирилгис жана дайындуу чараларды көрүүнү талап кылышты.

“Кыргызстанда журналисттердин үстүнөн зомбулук кылуу максаттуу, эчтемкеден кайра тартпас жырткычтык мүнөзгө ээ болууда, алардын коопсуздугу камсыздалбай жатат. 2006-жылдан бери журналисттерге бардыгы 60тан ашуун кол салуулар болгон. 2009-жылы июлда өлкөнүн түштүгүндө журналист А. Ташиев өлтүрүлгөн, кийинчерээк башка бир журналист – К. Жолдошев катуу уруп-сабалган. Журналисттер кылмыш-жазык куугунтугуна көп алынууда: 2008-жылы ЖМК жана журналисттерге каршы 50дөн ашуун сот иштери катталган. 2005-жылдан бери саясий башпаанек издөө менен же өмүрлөрүнө коркунуч келгендиктен Ч. Орозобекова, Т. Бектенов, К. Биримкулов, Ж. Эдигеев, Х. Мажиева, С. Абдылдаев өлкөдөн чыгып кетишкен”,- деп айтылат социал-демократтардын билдирүүсүндө.

Ал арада бийлик өкүлдөрү 2009-жыл стабилдүүлүктүн, жакшы жакка өзгөрүүнүн жылы болгонун айтышууда.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Нагыз журналист
04.01.2010 18:29
Журналист деп атанган киши дароо эле өз жүзүн көрсөтүп койду. Журналист деген дайыма чындык издеш керек. Бийликтен башка кимге пайдалуу эле, биздин кесиптегилерге кол салуу? Сыргак Абдылдаев эмне болду? Алишер Саипов эмнеге атылды? Геннадий Павлюк эмнеге киши колдуу болду? Булардын же бизнеси болбосо, же саясаттан башканы жазышпаса, касташканы бийлик болсо, анан ким өлтүрүшү мүмкүн, бийликтегилер болбогондо? Сен журналист эмессиң. Сен кошоматчысың. Экинчи мындай атты алба.

кимден: Тоо гулу каяктан: Нарын
26.12.2009 19:51
Журналист сен озун кимсин. сен озун жузунду ача аласынбы. Бийликти эмнеге шайлайт, эмнеге Баш мыйзамдын гаранты болот. Анан сенден сурайлыбы, бийликтен сурайт сен экообузду коргой албаган. Ошон учун шайланып сен экообуз тологон салыктан жан сактайт, киши олтургондорду таба албаса кетсин. Бийликке жан тартпа тарчулар толуп атат. Чыныгы журналист болсон билмексин эмнеге олгон журналисттер учун бийликти куноолоп жатканыбызды. Сен даже Илимдин макаласын тушунбопсун. Ал бир жерден да оз пикирин билдирбептир

кимден: ШамАй каяктан: Астана
26.12.2009 11:32
Ойноп суйлоордон мурун бир аз ойлонуш да керек урматтуу бийликчил "журналист" тууган. Эгер кимдир бироо куноо кылган болсо аны тергеп, териштире турган сот, прокуратура деген акуйдун кареги менен кошо айланган атайын кызматтар бар экенин кулагыныз чалды беле деги? Кылмыштуу бийликтин тандаганы гана ушундай жол, аттырат,орттойт, уурдайт, уу салат, кабаттан ыргытып ырахат алат. Ушундай жапайычылыктан башка сиздин бийлигиниздин кыла турган иши болсо мурдумду туура кесип бергенге даярмын.

кимден: Журналистке каяктан: Бишкек
23.12.2009 18:01
Журналист терисин жамынган сиз кимсиз өзү? Өзүңүздүн жүзүңүздү ачпайсызбы? Калп эле журналист болумуш болуп, калем кармагандардын атын булгабай.
Жок. Жүзүңүздү ача албайсыз. Анткени ага эрк керек. Жүрөк керек. Тем более бийликтин кемчиликтерин сындап чыкканга. А сиз акырдан (Акуйдон) жеген жемиңизди акташ үчүн калп эле бирдеме чийгилеп отурасыз бул жерде. Бирөөнүн кайгысына табалабай жүрүңүз. Мындай тозок алеки заматта өз башыңызга келип калышы мүмкүн.

кимден: Журналист каяктан: Бишкек
23.12.2009 14:13
Бир жылдары Озбекстанда жаш ырчыларга кол салып, каза тапкен учурлары көп болгон. Ошондо мунун баарын белгилуу ырчы Ю. Усманова кылып атат деп жамандашкан эле. Анын сынары Кыргызстанда журналист кырсыкка учураса эле бийлик деп көө жапканга өтту. Эмне бийликтин башка кыларга иши жок дейсинерби. Адам өз тагдырын өзу кылат. Кылган кунөөсу учун башы менен жооп берет да. Токтоткулачы ушунун баары бийликтен деген сөзунөрду. Эл журт.

Назарда

Орусияда кыздарга кордук көрсөткөн "Патриот"

Орусияда айрым кыргыз кыз-келиндерди жүрүм-туруму үчүн кордоп-кодулаган кыргыз жигиттеринин “Патриот” деген тобу пайда болду. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма "Шайтан арабадагы" токсон жыл

Баткендин Кара-Бак айылында жашаган Улуу Ата Мекендик согуштун 90 жаштагы ардагери Айтпай ата согушка аттанаарда да велосипед менен аскер комиссариатына барган экен. (JsA/MiT)