Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:09

Буюртма өлүмдөр Кыргызстанда өнөкөт болуп калдыбы?


Санжарбек Кадыралиевдин сөөгү 16-апрелде Куршабдагы туулган айылына коюлду
Санжарбек Кадыралиевдин сөөгү 16-апрелде Куршабдагы туулган айылына коюлду

14-апрелде Жогорку Кеңештин депутаты Санжарбек Кадыралиев киши колдуу мерт болду. Бул трагедия Кыргызстанда буюртма киши өлтүрүүлөр тыйылгандын ордуна кайра өнөкөт көрүнүшкө айланып баратканын көрсөттү. Күч органдары уюшкан кылмыштуулукка каршы мажүрөөлүк кылып жатабы же кылмыш чөйрөсү бийликтин башына чыгып алганбы деген убайым суроолор кыргыз журтун ой-санаага салып турган чагы.

Белгисиз бирөөнүн аткан огунан мерт болгон Жогорку Кеңештеги “Ак жол” фракциясынын депутаты Санжарбек Кадыралиевдин сөөгү 16-апрелде Куршабдагы туулган айылына коюлду. Эртеси Жогорку Кеңеш бул маселени ачык сессияда талкуулап, күнөкөрдү табуу үчүн ыкчам аракеттерди көрүүнү Башкы прокуратура, Коопсуздук комитети жана Ички иштер министрлиги баштаган күч бийлигине тапшырды.

Мамлекеттик ишмерди өлтүрүү фактысы боюнча козголгон кылмыш ишин азыр ИИМ иликтеп жатат. Кылмыштын бети ачылгандыгы тууралуу маалымат тарай элек. Министрликтин Тергөө башкармалыгы азыр депутатты өлтүрүүгө саясий, кылмыштык жана коммерциялык себептер түрткү болушу мүмкүн деп, ушул үч болжолдун тегерегинде иш алып барууда.14-апрелден бери 500 кишиден маалымат суралганы, Казакстанга оперативдүү эки топ жиберилгендиги, ок аткан киши түшкөн автоунаа табылганы жөнүндө маалымдалды.

Министрдин орун басары Сабырбек Курманалиевдин Жогорку Кеңеште билдиргенине караганда тергөөдө депутаттын өлүмүнө себепкер деп жаткан үч божомолдун кылмыштык жана коммерциялык өңүтүнө көбүрөөк басым жасалууда:

- Биз болжол менен ушул үч тарапты иштеп атабыз. Бүгүн саясий жагы боюнча бизде эч кандай күнөм саноо жок. Ал боюнча токтодук. Эки жагы калды азыр. Же кылмыштык териштирүүлөр же коммерциялык жак.

Анткен менен саясатчынын өлүмүн саясий өлүм деп, аны кыйла өңүттөр менен негиздегендер чыгууда.

- Санжар Кадыралиевге атылган ок Санжар Кадыралиевге атылган жок. Бул бийликтин пешенесине атылды. Бийликтин өкүлдөрү иштегиле эми жакшылап, - деген чакырык таштады депутат Ибрагим Жунусов парламенттин сессиясында.

Кыргызстандагы өнөкөткө айланып бараткан буюртма киши өлтүрүүлөрдү саясатка оодаргандардын бири депутат Алишер Мамасалиев муну алдыда турган президенттик шайлоо, өлкөдөгү туруксуз саясий кырдаал менен негиздеди:

- Мунун бардыгы кылмыш дүйнөсүнүн азыркы бийликти, анын ичинде тартип коргоо системасын тоготпоо аракети экендигин далилдеп турат. Депутаттын өлүмү кылмыштуулук активдешип баратканын көрсөтүп атат. Жаза жок экенин сезүү өзүм билемдикке алып барууда. Бул жалгыз-жарым факт эмес, өнөкөт болуп баратат. Кылмыштуулук экономикада эле эмес, жалпы коомдо таасирдүү орунду ээлеп атат.

Бийлик адамдарынын атып өлтүрүлүшү кылмыш дүйнөсү менен бийликтин коюн-колтук алышып кетишинин натыйжасы экендиги коомчулукта калыптанып калган пикирлердин бири. Мындай көрүнүштөргө чек коюу талаптары менен жарандык коом нечен курдай акцияларды уюштурганы да бар. Анткен менен буюртма жол менен киши өлтүрүүнүн аягы сууган жери жок.


2005-жылдагы 24-март окуясы
Мурдагы бийлик тушунда ички иштер министри болуп турган Кеңешбек Дүйшөбаевдин көз карашында мамлекетте кишинин үрөйүн учурган кылмыштуу окуялар бийликти күч менен алмаштыруунун туундусу болууда:

- Мунун бардыгы менин оюмча 2005-жылы болгон окуяларга байланыштуу деп эсептейм. Анткени биз бардыгыбыз билебиз да, март айында 2005-жылдагы окуяда криминалитеттин ролу кандай болуп, азыркы бийликтин келишине кандай зор салым кошконун. Андан кийин дагы бийлик криминалитет менен абдан тыгыз байланышта болуп, аларга бир топ эле жардамдарды берип кол кабыш кылып келишпедиби. Ага мисал кылып айтканда, криминалитеттин ачык түрдө бийлик органдарына койгон талаптары. Өзгөчө ошол кезде премьер-министр болуп турган Ф.Куловду кызматтан кетирүү талабы. Ошондо президент оппозициянын митингисине чыкпай коюп, бирок криминалитет аянтка талап коюп чыкканда өзү чыгып барып, алар менен кол алышып учурашып, ошол жерде талаптарын аткарууга убада бергендери күбө болуп турбайбы.

Санжар Кадыралиев март ыңкылабынан бери ок “жеп” өлгөн төртүнчү депутат. Буга чейин депутаттар Жыргалбек Сурабалдиевди, Баяман Эркинбаевди, Тынычбек Акматбаевди да ушинтип атып кетишкен. Атып өлтүрүлгөн Рысбек Акматбаевди да айрым талдоочулар парламенттик шайлоодо жеңишке жеткен саясатчылардын катарына кошуп жүрүшөт.

Алишер Саипов
Буюртма жол менен өлтүрүлгөндөрдүн узун тизмесине акыркы жылдары журналист Алишер Саипов, спортчу Раатбек Санатбаев, каскадер Үсөн Кудайбергенов өңдүү атту-баштуу кишилер кошулушту. Жалпысынан акыркы беш жылда буюртма жол менен өлтүрүлгөндөрдүн саны отуздан ашкандыгы айтылууда.

Ал эми Жогорку Кеңешке тикелей байланышкан акыркы окуя – депутат Руслан Шаботоевдин жана депутат Жусупжан Жээнбековдун уулу Бахтияр Амиражановдун дайын-дарексиз жоголушу болду. Былтыр күздөн бери ИИМ ишкер менен саясатчынын изин таба элек. Министрдин орун басары Сабырбек Курманалиевдин акыркы маалыматына караганда депутаттын дагы эле изи жок, аны менен катарлаш жоголгон ишкер табылаарынан үмүт бар. Бирок анын өлүү-тирүүсү жөнүндө милиция унчукпайт.

Медет Садыркулов кырсыктап күйүп кетти деген автоунаалар
Коомчулук буюртма жол менен өлтүрүлгөндөрдүн катарына 13-апрелде автоунаада мерт болушкан президенттик администрациянын мурдагы башчысы Медет Садыркуловду, президенттин алдындагы илим изилдөө стратегия институтунун мурдагы башчысы Сергей Слепченкону жана алар түшкөн “Лексус” автоунаасынын айдоочусун да кошууда. Бирок ИИМ тергөөнүн жыйынтыктары тууралуу маалымат берген жери жок, мурдагы администрация башчысы түптөөгө катышкан “Ак жол” партиясы башында турган парламент деле бул маселени көтөрүүгө ниети жоктой. Бул окуяга байланыштуу түзүлгөн парламенттик комиссиянын деле аты эле болбосо, эч кандай укуктарга ээ эмес. Бул маселени Кадыралиевдин өлүмүн караган парламент сесссиясында депутат Галина Куликова козгоду:

- Садыркуловдун, Слепченконун жана Сулаймановдун өлүмү боюнча жүрүп жаткан тергөөдөн улам мен Санжарбекке карата жасалган кылмыш иши ачыларынан күмөнүм бар. Эч кандай депутаттык комиссия, биздин иликтөөлөрүбүз жардам бере албайт деп мен силерди ишендирип коюн. Мына биздин комиссия менин суранычым боюнча прокуратурага тергөө кандай жүрүп жаткандыгы жөнүндө документтерди бергиле деп сурап кайрылды эле. Бизге бир жарым барак кагазга маалымат каражаттарында жазылган гана маалыматтарды жазып жөнөтү коюшту. Бир айдан ашты, 18 экспертизанын 11инин гана жыйынтыгы чыкты. Экспертизалардын жыйынтыгын биз билбейбиз, көрө элекпиз, биз ошолорду сураганбыз.

Мына ушул өңдүү үрөй учурган көрүнүштөр кайталанат деп кооптонгон саясатчылар менен коомдук ишмерлер себебин таап, буюртма кылмыштарга каршы чараларды күчөтүүнү талап кылышууда;

- Чынын айтыш керек, иш өтө начар. Профилактикалык иш жок. Бир гана митингге чыкпагын, чыксаң камаласың деген бар. Башка жок, ОПГ (уюшкан кылмыштуу топ-автор) же башкалар боюнча. Ушу ОПГ боюнча бир сунуш бар да ОПП (уюшкан кылмышкерлер партиясы) деп Конституцияга кошуп коюш керек анда,- деп нааразы болгон депутат Жусупжан Жээнбеков кылмыштуулукка каршы күрөшүүнү алдын алчу чараларды күчөтүүдөн баштоо керек дейт.

Маселен, депутат автоунаалардын мамлекеттик номерлерин алмаштырууга, автоунааны айдоого ишеним катка көзөмөлдү күчөтүү, видеобайкоочу аппараттарды коюу керек дейт.

Укук коргоочулар болсо адамдардын коопсуздугун камсыздоого жарамсыз болуп калды деп ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин, Коопсуздук Комитетинин башчысы Мурат Суталиновдун кызматтан кетишинен көрүп турушат. Оппозициянын ишениминде бийликти толук алмаштырып, системаны өзгөртмөйүнчө коомдун коопсуздугуна коркунуч туудурган кырдаал кала берет.

СДП фракциясынын өкүлү Роза Отунбаева парламент сессиясында сүйлөгөн сөзүндө күч бийлиги өз милдеттерин көз карандысыз аткарууга кудуретсиз деп билдирди:

- Күч кызматтарынын бири-бирине шылгап жатышы булардын үстүнөн караган орган бар деген ой жоруума негиз берип атат. Ал чынында эле бардык каражаты, акчасы, саясий мүмкүнчүлүгү бар бул кызмат менимче мамлекеттик күзөт кызматы.

Бул өңдүү билдирүүлөрдү бийликчил жана ага ыктаган күчтөр оппозициянын саясий упай топтоо далалаты деп, президент Курманбек Бакиев баштаган аткаруу бийлигин кескин сындардан калкалап турушат. Маселен, “Ак жол” фракциясынын мүчөсү Кубанычбек Жолдошев парламент күзөт кызматы күч бийлигин башкарып турат деген көз карашты кескин четке кагып, Кадыралиевдин өлүмүнөн саясат жасап жатат деди.

Кандай болгон учурда да укук коргоочу Азиза Абдырасулова кылмыш дүйнөсүндөгү адамдарга бийликти көздөй жол ачылып калгандыгын танууга болбойт дейт:

- Кылмыш дүйнөсүндө жүргөн белгилүү эле адамдар мамлекеттик иштерге тартылып, депутаттык мандаттарга ээ болуп калышты. Кылмышкерлер дүйнөсү алар үчүн тар болуп мамлекеттик башкарууга аралашып, башкарууну колго алуу аракеттери болуп калды.

Бийлик менен кылмыштуу топтор жуурулушуп кетти деген дооматы бийлик өз кезегинде төгүндөп турат:

- Кылмышкерлер менен аралашкан эч нерсе жок. Күрөш жүрүп атат аларга каршы, мыйзам чегинде. Былтыр активдүү 98 кылмышкер кармалган. Быйыл 8ди кармадык. Биз күрөшкөнгө күчүбүз жетет. Жакында биз бул кылмышты ачабыз, - деди парламент сессиясында ИИМдин орун басары Сабырбек Курманалиев.

“Ар намыс” партиясынын лидерлеринин бири, мурдагы милиция кызматкери Эмил Алиевдин көз карашында канчалык актанганы менен кылмыштуулукка каршы күрөштө бийликтин алсыз болуп тургандыгы анык. Мыйзамды так аткармайынча бул өксүктү толтуруу кыйын дейт саясаты.

Укук коргоочу Азиза Абдырасулова мамлекетти башкарууга адамдарды тандоо кудурети аз болуп жатканын айтат. Бул өз кезегинде чыныгы мамлекеттик көз караштагы инсан менен мыйзамга жат аракеттер аркылуу эл алдына чыга келген адамдарды айырмалоого тоскоолдук кылууда. Бул жагынан алганда укук коргоочу эл башыларды туура тандап алууга кудурети жетпей жаткан шайлоочулардын өздөрүнүн дагы моралдык жоопкерчилиги бар экенин эскертет.


  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG