Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:15

Берлин дубалы кыргыз окуучулардын көзү менен


9-ноябрда Бишкек шаарындагы №5 компьютердик гимназиянын 11-классынын тарых сабагы Берлин коргону, анын кулашы тууралуу болду. Мектепте дал ушул күнү ушул теманын өтүлүшү да жөн жеринен эмес эле.

Мындан туура 20 жыл илгери, 9-ноябрда капиталисттик-коммунисттик системаны бөлүп турган Берлин дубалы уратылып, Германиянын батыш менен чыгыш калкы кайрадан бир мамлекет болуу мүмкүндүгүнө жетишкен.

Берлин дубалы 1961-жылы тургузулган жана глобалдык карама-каршы туруудагы эң белгилүү символ катары каралган. Бул окуя башка өлкөлөрдөй эле Кыргызстандын да мектеп программаларына киргизилген. Бул тема 9-11-класстарда өтүлөт.

Тарых мугалими Илим Байболотова окуучулар да ушул окуяга кызыгып, коргондун туруш себептери, кулашы тууралуу көп суроолорду беришерин “Азаттыкка” айтып берди:

- Тарых болгондон кийин окуучулар муну да билиш керек. Кээ бир учурда окуучулар кызыгып, уккандарын, билгендерин мисал кылып айтып калышат, сурашат. Бул бир жыл же эки жылдык нерсе болбогондон кийин бул тема мектеп программасында сөзсүз окулуп, окуучулар билүүгө тийиш.

Илим Байболотованын айтымында, Берлин коргону туурасында маалыматтар Советтер союзу кулагандан кийин гана кененирээк айтыла баштаган.

- Берлин коргону турган учурда эл арасында көп нааразычылыктары, демонстрациялары, качуулар, өлүмдөр көп болгон да. Ошонун баарын ал кезде тарых деле чындыкты айткан эмес да.

Берлин дубалы тууралуу окуучулар эмне дейт?

Ариет: - Экинчи дүйнөлүк согуш бүткөндөн кийин эки келишимдин алдында ушул дубал курулган болчу. Тынчтык келишими деп ошондон чыккан да.

Бакай: - Бир мамлекет бөлүнүп кетип, ортосун Берлин дубалы бөлүп турган. Ал кулагандан кийин гана кошулушкан. Дубалдын кулаганы алар үчүн жакшы эле болду. Анткени ошондон кийин өнүктү, болбосо өнүгө албайт болчу.

Иманалы:
- Берлин дубалы - Германиянын ортосунан, тогуз көчөдөн өтүп, бөлүп турган дубал болгон. Түштүктөгүлөр түндүккө, түндүктөгүлөр түштүккө өтө алган эмес. Социалисттер массалык түрдө көчүп баштаганда, ошолорду өткөрбөш үчүн курулган дубал болгон. Ал жерди кайтарып турушкан, өткөндөрдү атышкан. Негизи эле бул адам укугу жагынан караганда дубалдын кулаганы туура эле болду. Анткени адам кайда барат - өз эрки да.

Узундугу 155 чакырымга жеткен дубал ГДР жана ФРГны бөлүп турган. Башкача айтканда, капиталисттер менен коммунистердин чеги ошол жерден өткөн. Анын 43 чакырымы Берлин шаарынын ичи менен өтчү. Дубалдын бийиктиги 3 метр 60 сантиметр келген. 302 жерге сакчылар жайгаштырылып, ал жерлерге чекти кайтаргандар турушчу. Ошол дубалдын алынып салынышы - чоң державалар болуп эсептелген АКШ менен СССРдин тил табышына жараша болгон.

Тасмада: Берлин дубалынын кулаганына 20 жыл

Берлин дубалы ураганына жыйырма жыл толду. Бул окуяны утурлай Бишкектин көчөлөрүндө "Сиз бул тууралуу кабардарсызбы?" деген суроо узаттык. MiT.

Берлин дубалынын кулаганына 20 жыл
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:01 0:00
XS
SM
MD
LG