Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:15

Берлин 20 жыл илгерки окуяларды эскерүүдө


Бранденбург дарбазасы, Берлин, 8-ноябрь 2009-жыл
Бранденбург дарбазасы, Берлин, 8-ноябрь 2009-жыл

Берлин дубалынын кулашына бүгүн 20 жыл толду. Бириккен Германиянын борбор шаарында өтчү майрамдык иш-чараларга дүйнөнүн мурдагы жана азыркы лидерлери катышууда.

1989-жылдын 9-ноябрында чыгыш германиялыктардын калың тобу виза жеңилдиктеринен пайдаланып, Батыш Берлинге агылышкан. Бул окуя темир көшөгөнүн урашына, бир жылдан кийин болсо Германиянын биригишине алып келди.

Берлин шаарынын ортосундагы дубал немистерди гана эмес, 28 жыл бою континентти, дүйнөнү экиге бөлүп турду. Тосмо кансыз согуштун негизги символуна айланган.

1989-жылы Чыгыш Германиянын тургундары көчө демонстрацияларына чыгып, өкмөткө кысымын күчөтүшкөн. 9-ноябрда өкмөттүн маалымат өкүлү Чыгыштын жарандары Батышка тоскоолдуксуз бара алышат деп жарыялады. Бул кабарды уккан эл чек ара пунктарына агылды.

Түн ортосуна жакын чек арачылар тосмолорду ачууну чечишет. Батыш Берлиндин жашоочулары боордошторун шарап, таттуу шириндиктер менен тосуп алып жатышты.

Бүгүн да Берлинде майрамдык маанай өкүм сүрүүдө. Түштөн кийин өзү Чыгыш Германияда өскөн канцлер Ангела Меркел СССРдин мурдагы президенти Михаил Горбачев жана Польша оппозициясынын мурдагы жетекчиси Лех Валенса менен бирге Борнхолмер көпүрөсүндөгү эң эски чек ара пунктун кесип өтмөкчү.

Салтанаттарга орус президенти Дмитрий Медведев, Франция мамлекет башчысы Николя Саркози, АКШ мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон, Британ премьер-министри Гордон Браун катышат.

Клинтон бүгүн эртең менен Меркел менен жолугушуп, майрам менен куттуктады:

- Бул тарыхый күнү Берлинде болгонума сыймыктанам. Бул шаар немис эли гана эмес, Европа, Америка элдери үчүн, бүтүндөй дүйнө үчүн өзгөчө мааниге ээ. Мен канцлерди бүгүнкү күн менен гана эмес, ал жана өкмөтү жүргүзүп жаткан иштери менен куттуктайм.

Немистер кансыз согуш маалында дубалдан өтүүгө аракеттенип, курман болгон 136 мекендешин эскеришмекчи. Кечке жуук болсо Германия лидерлери жогорку даражалуу меймандар менен даңазалуу Бранденбург дарбазасынан өтүшөт. Андан тышкары дубалды символдоштурган 1 миңдей домино кулатылмакчы. Берлин тосмосунун урашы доминодой болуп, акыр аягында Чыгыш Европадагы коммунизмдин ойрон болушуна алып келген.

XS
SM
MD
LG