Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:08

Апрель окуялары: чындыктын жүзүн ачуу оңой болбойт


Бишкек, 7-апрель, 2010-жыл
Бишкек, 7-апрель, 2010-жыл

7-апрелде Ак үйдөн элге каршы ок ачкан деген шек менен Улуттук коопсуздук кызматынын убактылуу кармоочу жайында 4 айдан бери камакта жаткан мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы 7 кызматкеринин туугандары алардын камалышын саясий буйрутма деп эсептешет. Башкы прокурор Байтемир Ибраев алардын иши мыйзам чегинде терегелип жатканын билдирди.

Улуттук коопсуздук кызматынын абагында 4 айдан бери камалып жаткан Мамлекеттик күзөт кызматынын, "Альфа" тобунун мурдагы кызматкерлеринин ата-энелери жана жакын туугандарынын айтымында, алар аскердик милдетин аткарып, 7-апрель күнү "Форум" ишканасынын алдында эл чогулган жыйындын жанында коомдук тартипти камсыз кылууга көмөктөшкөнү барышкан.

Толкуган эл милиция кызматкерлерин жана атайын даярдыктагы "Альфа" тобун таш бараңга алышканда алар 3 снайпердик мылтык, 10 автомат, 8 тапанча, М-16 үлгүсүндөгү бир мылтыкты таштай качышкан. Ал жерден оор жаракат алган "Альфанын" жана күзөт кызматынын ондон ашуун кызматкери ооруканаларга жеткирилген.

"Учурда камакта жаткан 7 жоокер ал жерден качып, өкмөт үйүнүн жанына барганда аларга чөнтөк телефон аркылуу командирлери Ак үйдүн чатырына чыгууга буйрук бергендиги айкын болду. Алар элге каршы ок аткан эмес. Биздин маалыматка караганда ал жерде аскер кийимин кийип, бет-жүзүн жапкан жалданма ноендор да болгон»,-дейт камактагы 27 жаштагы жоокердин атасы Алымбек Ниязов.

Анын айтымында, камалган 7 жоокер апрель ыңкылабынан кийин кызматын өтөөнү улантышып, Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө жан сакчы болушкан. Алар президент Роза Отунбаеваны, вице-премьер-министр Азимбек Бекназаровду кайтарып, Ошко чейин барышкан.

- 7-апрелде биздин балдарыбыз аскер кызматкери болуп буйрук аткарышканы үчүн күнөөлүү болуп жатышат. Ал эми буйрукту берген кишилер, мисалы үчүн ошол эле Жаныш Бакиевдин 1-орун басары Нурлан Темирбаев, анын орун басары Байыш Эсенбай уулу сурак берип камалуунун ордуна, качып камалган жерден кайра чыгып кетип жатышат. Биздин балдардын күнөөсү мойнуна коюлуп, далилденбестен белгисиз узак мөөнөткө камалып жатат.

Алымбек Ниязов белгилегендей Азимбек Бекназаров май айында Ошто эл менен жолугушканда 7 көзгө атар кармалды деп жарыя салгандан кийин Мамлекеттик күзөт кызматынын 7 кызматкери жана штабдын жетекчиси Данияр Дунгановго кылмыш иши козголуп, камакка алынган.

Алардын ата-энелери жана жакындары укук коргоо органдарын тергөөнү адилет, калыс жүргүзүүнү, бийликтен акыйкаттуулукту талап кылышарын билдиришти.

Ал эми Башкы прокурор Байтемир Ибраев 7-апрелде Ак үйдүн чатырынан ок аткан делип шектелип кармалган көзгө атарлар боюнча тергөө иши аяктап калганын “Азаттыкка” берген маегинде белгиледи.

- Ушул кылмышка түздөн түз тиешеси бар делген адамдарга айыбы угузулуп, азыр камакта жатышат. Мурунку күзөт кызматынын жетекчиси Жаныш Бакиевдин орун басары болуп иштеп жүргөн Дунганов, Темирбаев. Күзөт кызматындагы “Арстан” деген топтун көзгө атарлары камакта отурушат. Улуттук кызматынын атайын “Альфа” деген тобунун командири Алмаз Жолдошалиев камакта жана “Альфанын” көзгө атарлары жоопко тартылып жатат.

Каймактары издөөдө, качан кармалары белгисиз

Башкы прокурор Б.Ибраев 9-апрель,2010-жыл.
Башкы прокурор белгилегендей, бул иш боюнча тергөө амалдары соңуна чыгып калганы менен тергөө тобу тарабынан алынган эки жарым миңге чукул ок атуучу куралдарды баллистикалык экспертизадан өткөрүү узакка созулуп, корутундусу чыга элек.

Б.Ибраев ошондой эле 7-апрелде элге каршы Ак үйдөн ок атылгандыгына байланыштуу кылмыш иши боюнча мурдагы президент Курманбек Бакиев, анын уулу Марат Бакиев, иниси Жаныш Бакиев, Улуттук коопсуздук кызматынын мурдагы жетекчиси Мурат Суталинов, вице-премьер-министр Данияр Үсөнов эл аралык издөөдө экендигин белгиледи.

Бул маселе боюнча Улуттук коопсуздук кызматынын ардагери, саясат талдоочу Орозбек Молдалиевдин пикиринде бул ишти тергөө амалдарына жана баллистикалык экспертизанын корутундусуна ылайык сот чекит коет. Бирок күзөт кызматынын камакка алынган 7 кызматкери өтө татаал кырдаалга туш келип калышты.

- Анткени булар буйрукту аткарбай койсо өздөрү жаза алып калышмак. Мурдагы бийликти билесиңер да балким аларды буйрукту аткарбаса ордунда эле атып салышмак.

Саясат таануучу Орозбек Молдалиев 2010-жыл, июнь
Орозбек Молдалиев белгилегендей, аскер кызматкерлери жөнүндө мыйзамды өзгөртүп, “жоокерлер кылмыштуу буйрукту аткарбаса, жоопкерчиликке тартылбасын” деген жобо киргизүү зарыл.

Анын көз карашында бул маселени моралдык жагынан караганда офицерлер кылмыштуу бийликке кызмат кылуудан баш тартып, оокаты өтпөй калса да кызматынан кетиши керек болчу.

7-апрель окуясынан кийин укук коргоо органдарынын айрым кызматкерлеринин расмий эмес маалыматына караганда “көзгө атарлар Ак үйдүн, Тарых музейинин, “Илбирс” ишканасынын жана Коргоо министрлигинин чатырынан элге карай ок чыгарышкан. Кармалгандардын арасында чет жактан келген көзгө атарлар да болгон”,-деген айың кептер айтылып жүрөт.

7-апрелде Ак үйдүн чатырынан көзгө атарлар тынч митингге чогулган элге каршы ок атып, натыйжасында 86 жаш жигит бейкүнөө каза болуп, 1500дөн ашуун адам денесинен ар түрдүү жаракат алышкан.

Бишкектеги нааразылык акциясы
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:51 0:00

XS
SM
MD
LG