Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:22

Иракта мунай чатагы курчуду


Ирак өкмөтү менен араздашкан Күрт автономиясы ушу аптада сырткы базарга мунай жөнөтүүнү токтотту. Талаштын чордонунда “Күрт автономиясынын аймагындагы чет элдик мунай компанияларына акыны ким төлөйт?” деген суроо жатат.

Ырасмий Багдад менен Күрт регионалдык өкмөтү-КРӨнүн тиреши эбактан бери кабыл алынбай келаткан мунай боюнча мыйзамдын зарылдыгын дагы бир ирет кашкайта көрсөттү. Береги мыйзам Ирактын кирешесинин олчойгон бөлүгүн берген мунайдын кирешесин региондор менен бөлүшүүнүн жолун иретке салмак.

Ирак. Күртистан регионунун президенти Масуд Барзани.
Талаштын жүйөсүн Лондондо чыгуучу “Petroleum Argus“ жумалыгынын редактору Самира Кавар айым мындай түшүндүрөт:

-Ирак өкмөтү, айрыкча, Мунай министрлиги кара май борбордук өкмөттүн башкаруусунда болуш керек деп санайт... Премьер-министр Малики да күчтүү борбордук бийликтин жактоочусу. КРӨ федерализмдин бошоң формасын каалайт. Азыркы чатак мунайдан түшкөн кирешени кантип бөлүштүрүү керек, мунай кендерин ким иштет жана келишимдерге ким уруксат берет деген маселеден
Жумушчулар Киркук мунай кенинен өндүрүлгөн мунайдын агымын текшеришүүдө.
келип чыгууда.


Мунайдын кирешесин бөлүшүү боюнча мыйзам жок шартта КРӨ автономиялык аймактагы мунайдын кендерин өздөштүрүү боюнча чет элдик компаниялар менен отуздан ашуун келишим түзгөн. Бирок сыртка мунай улуттук боро менен агып, анын пайдасын да Багдад көрөт.

Ирактын мунай министри Хусейн Шахрестанинин сөзүнчө, КРӨ учурдагы жобого ылайык мунайды экспорттоодон түшкөн пайданын 17 процентке жакынын алышы керек. Бул акчаны күрт өкмөтү аз деп санайт.

Учурда Күрт автономиясында күнүгө 40 миңден 50 миң баррелге чейин кара май өндүрүлөт. Келерки бир-бир жарым жылда, эксперттердин эсебинче, күнүмдүк өндүрүш 100 миң баррелге жетет.

Кавар айымдын айтышынча, Күрт өкмөтү мунай экспортунан алган акча өкмөттүн чыгымдарына жана чет элдиктердин эмгегин төлөгөнгө жетпесин билип туруп, Багдад менен чатакташууда.

-Багдад өлкөдө мунай өндүрүүнү көбөйтпөй жатканда, биз мунай экспортун көбөйттүк деп өз аброюн көтөрүүгө аракет кылууда”, -дейт Самира Кавар.

Нури Маликинин өкмөтү болсо учурдан пайдаланып, борбордук өкмөттүн ролун күчөтүүчү мыйзамдарды парламенттен өткөрүп алууга тырышууда.

Күрт регионалдык өкмөтү мунайды июнь айынан тарта сырткы базарга сата баштаган. Анын жалпы улуттук экспорттогу катышы бир тамчыдай гана. Ирак күнүнө 2 миллион баррел мунай экспорттойт. (1 баррелде 159 литр мунай бар).

XS
SM
MD
LG