Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:40

Ирак мунай кендерин четэлдиктерге ачык соодада сатты


Ирак мунай-газ кендерин өздөштүрүү боюнча ачык тендер өткөрдү. Шейшемби күнкү жарыша соодада Британиянын ВР жана Кытайдын CNPC компаниялары кирген эларалык консорциум Ирактын түштүгүндөгү килейген Румайла мунай кенин иштетүүгө укук алды. Келишимдерди кардарларга сатуу кандай жүрүп жатканы Ирак телевидениесинен түз көрсөтүлүп жатты.

Премьер-министр Нури Малики шейшемби күнү Багдадда жарыш сооданы ачып жатып, четэлдик инвестицияга ачык тендер өткөрүү - кирешени жаап-жашырууга жол бербөө үчүн керек деди:

- Компаниялар биринчи айлампага коюлган мунай кендер үчүн чын жана адилет атаандашкан бул күндү алкайм. Мунай министрлиги мунайдын кирешесин ишенимдүү коргоодо транспаренттүүлүккө жетишүү үчүн бул жолду тандады.

Тендер Ирактын мурдакы БААС партиясы 1972-жылы отун-энергия секторун улутташтырып, четэлдик компаниялардын өлкөгө кирүүсүнө бөгөт койгондон 40 жылга жакын убакыттан кийин өткөрүлдү. Андан жети жылдан кийин Саддам Хусейн бийликке келген.

Улуттук телеканал түз алып көрсөткөн сатыкка АКШлык “ExxonMobil”, англо-нидерландиялык “Shell”, кытайлык “Sinopec”, франциялык “Total”, россиялык “Лукойл” компаниялары, ошондой эле Индонезия, Индия, Түштүк Кореядан болуп, бардыгы 31 кардар-компания катышты.

Сатыкка баары алты мунай кени жана эки газ кени коюлган. Ирак өкмөтү четэлдик инвесторлорго таянып, келерки беш жылда күнүмдүк мунай өндүрүүнү 4 миллион баррелге жеткирүүнү каалайт. Согушка, эларалык санкцияларга, ички саботажга байланыштуу мунай өнөр жайынын абалы оор жана азыр Иракта күнүнө 2, 4 миллион баррел карай май өндүрүлөт.

Ирак парламентинин кээ бир мүчөлөрү жана айрым адис-жетекчилер четэлдиктерди тармакка киргизүү мыйзамсыз дешип, тендерге каршы.

Фарук Мухаммед Садык - Ирактагы эң ири кара май өндүргөн Түштүк мунай компаниясынын директору. Садык кендер мунайга мол, ошон үчүн жергиликтүү ишканалар тарабынан өнүктүрүлүш керек деген пикирде:

- Азыр сөз болуп жаткан кендердин өнүмү мол жана Ирак экономикасынын тиреги саналат. Бизде өндүрүлгөн кара майдын 80 проценти бул кендерден алынат. Мунай жана финансы министрликтери бизди финансылык жана логистикалык жактан колдосо эле бул кендерди четэлдик компанияларсыз эле өнүктүрө алабыз.

Садык четэлдик компаниялар 1920-жылдардагыдай бүтүндөй тармакты монополиялап алат деп кооптонот.

Шейшемби күнкү тендерде “Бритиш петрелиум”- атаандаштарынан чоң сумманы сунуш кылып, Ирактын түштүгүндөгү Румайла мунай кенин 20 жыл бою өздөштүрүүгө укук алды.

Шарт боюнча, жеңүүчү компания мунай кенин инвестициялоону баштагандан мурда казынага 2, 6 миллиард доллар аманат салышы, кенди Ирак өкмөтүк компаниясы менен чогуу иштетүүсү жана ар бир баррел мунайдан белгиленген сумманы казынага чегерип туруусу абзел. Өлкөдө коопсуздук да чоң проблема. Ага карабай, мунай-газ кендеринин кирешелүүлүгүнө жана келечегине ишенген четэлдик инвесторлор Ирактын отун-энергия өнөр жайын өздөштүрүүгө макул. Ирак мунай кору боюнча дүйнөдө үчүнчү орунда турат.

XS
SM
MD
LG