Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:29

Кытайдын мааракеси


Тянанмендеги аскерий парадда эң алдыңкы согуштук техника көргөзүлдү, Бээжин, 1-октябрь 2009-жыл
Тянанмендеги аскерий парадда эң алдыңкы согуштук техника көргөзүлдү, Бээжин, 1-октябрь 2009-жыл

Кытай коммунисттик бийликтин 60 жылдыгын белгилөөдө. Бээжиндин Тянанмен аянтында өткөн парадга эң алдыңкы аскерий техниканын коштоосунда Элдик армиянын 56 полку, катардагы жарандар катышты. .

Кытай Эл жумуриятынын 60-жылдык мааракесине арналган майрамдык иш-чаралар аскерий параддан башталды. Бээжиндеги Тянанмен аянтынан адегенде 5 миңге жакын аскер өттү. Алардын артынан танктар, эң алдыңкы артиллериялык жабдыктар, көчмө ракета комплекстери, тик учактар, согуш учактары көргөзүлдү.

Адистердин айтымында, Донфенг-31 деген жаңы ракеталар ядролук дүрмөттү 10 миң километр алыстыкта жайгашкан буталарга жеткирүүгө кудуреттүү. Бардыгы болуп парадга 56 полк жана 52 даана техника катышты.

Мао Цзедундукундай аскерий униформа кийген мамлекет башчы Ху Цзинтао Элдик Боштондук армиясынын бөлүктөрү алдында ачык лимузинде өтүп, аскерлерди куттуктады.

Аскерлердин парадынан кийин аянтта демонстрация, оюн-зооктор башталды. Колдоруна кызыл желектерди желбиретип кармаган катардагы жарандар өлкөнүн космос, соода, өнөр-жай, айыл-чарба тармактарындагы жетишкендиктерин даңазалашты. Оюн-зоокту уштурууга Бээжин олимпиадасынын салтанаттуу ачылышынын режиссеру тартылган.

Коммунисттик Кытайдын 60 жылдыгы
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:13 0:00



Тасма. Коммунисттик Кытайдын 60 жылдыгы.




Кыскасы, майрамдык иш-чаралар пландалгандай, үзгүлтүксүз өттү. Жамгыр жаабасын деп, жадакалса асмандагы булуттар атайлаган химиялык заттар менен таркатылып турду.

Ху Цзинтао Мао Цзедун 1949-жылы Кытай Эл Жумуриятынын түптөлүшү жөнүндө жарыялаган трибунадан чыгып сүйлөп, коммунисттик партия “социализм жолунан” тайбайт деп билдирди. Кытайдын экономикалык саясаты капиталисттик элементтерди камтыганы белгилүү, андыктан президент өлкө модернизация, дүйнө, келечек үчүн ачык,- деди.

Баса, аянттагы борбордук трибунага Цзинтао менен бирге өлкөнүн мурдагы лидерлери да көтөрүлүштү.

Кабарчылардын маалыматтарына караганда, Тянанмен аянтынын айланасында коопсуздук чаралары 1-октябрда өзгөчө күчөтүлдү. Оюн-зоокторду көргүсү келген катардагы адамдарды полиция артка буруп жатты.

Коммунисттик бийлик майрам ички оппоненттер үчүн өз добушун элге жеткирүү үчүн жакшы мүмкүнчүлүк экенин жакшы түшүнөт. Шинчжан уйгур автономиялуу аймагында жана Тибетте этникалык чыңалуу күчтүү бойдон кала берүүдө. Калк арасында социалдык кырдаалга, коррупция, айлана-чөйрөнүн булганышына нааразы болгондор да бир топ.

Бээжин тургундарынын айрымдары аянттагы майрамды көрбөй калышканына кыжырданышса, бир аял бийликти түшүнүү керектигин айтат:

- Менимче, коопсуздук чараларын күчөтүү зарылчылыгы бар. Кытайда эл көп. Бээжин – бул борбор шаар, ар кандай адамдар бар. Коопсуздукту камсыздаш керек. Эл көп болсо, баш аламандык болуп кетет. "Биринчи кезекте коопсуздук" деген ураан маанилүү деп ойлойм.

Тянанмендеги оюн-зоок кечке чейин уланып, дүйнөдө буга чейин болуп көрбөгөндөй фейерверк уюштурулду.

XS
SM
MD
LG