Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:03

Шаңкай кызматташуу уюмунун Ташкен жыйыны


ШКУ жыйыны алдында Кытай жетекчисинин Ташкендеги расмий иш сапары болду
ШКУ жыйыны алдында Кытай жетекчисинин Ташкендеги расмий иш сапары болду

Шаңкай кызматташуу уюмунун Ташкендеги 10-11-июнда өтө турган жыйынында каралчу саясий-экономикалык маселелердин катарында Кыргызстандагы кырдаалды жөнгө салуу демилгеси көтөрүлгөнү турат. Айрым маалымдоо каражаттарында бул маселе боюнча атайын билдирүү кабыл алынышы мүмкүн экендиги болжолдонууда.

Чоң уюм, майда таарынычтар

Шаңкай кызматташуу уюмуна кирген өлкөлөр жайында кеп болгондо алардын Евразиянын теңинен көп жерин ээлеп тургандыгы, калк саны жагынан жаамы дүйнөнүн төрттөн бирин түзөрү айтылат. Уюмду түзүүнүн демилгечилеринин бири Кытайдын кийинки жылдары экономикалык кубаты жагынан АКШдан кийинки экинчи орунду ээлей баштагандыгы мактаныч катары белгиленет

Шаңкай кызматташуу уюмунун 10-жыйынына Кыргызстан атынан Тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Руслан Казакбаев баштаган делегация катышат. Ушу тапта Кыргызстан башынан кечирип жаткан саясий кысталыш кырдаалда өлкө атынан Тышкы иштер министринин чоң жыйынга катышуусу уюмдун мүчөлөрү тарабынан макулдашылган.

Кыргызстандын мурдагы Тышкы иштер министри Эднан Карабаевдин ырасташынча, Шаңкай кызматташуу уюмунун жыйындарында биртоп маанилүү макулдашуулар кабыл алынат, бирок да алардын реалдуу натыйжасы азырынча ачык-айкын көрүнө элек.

- Шаңкай кызматташуу уюмуна мүчө өлкөлөрдүн президенттери деле көп эле макулдашууларды, документтерди кабыл алышканын айтып калышат. Бирок аларды ишке ашыруу жагын мактанарлык деп айтыш кыйын. Тышкы иштер министрлигинде иштеп жүргөндө мен өзүм деле ушундай сөздөрдү Өзбекстан президенти Ислам Каримовдун айтканын уктум.

Көпчүлүк эларалык уюмдардын ишине мүнөздүү үлкөн максат-милдеттерди жарыя кылып, бирок аны ишке ашыруу механизмдерин унутта калтыруудан Шаңкай кызматташуу уюму деле кутула элек. Уюмдун мүчөлөрү мындай мүчүлүштүктү калыптануу жолундагы мыйзамченемдүү нерсе катары баалашат.

Чек арадан чек араларга

Негизи Шаңкай кызматташуу уюму чек ара коопсуздугун сактоо, коңшулар ортосундагы түшүнүүчүлүктү бекемдөө максатында 1996-1997-жылдары “бешилтик” катары түзүлгөн. 2001-жылы уюмга Өзбекстан мүчө болуп киргенден кийин ал бешилтик саясий-экономикалык кызматташтыкка көчүп, жаңы уюмга айландырылган. Ташкендеги жыйында уюмга жаңы мүчөлөрдү кабыл алуу маселеси козголору маалымдалган. Мүчөлүккө Индия, Пакистан, Иран мамлекеттери кызыкдар.

Антип уюм мүчөлөрүнүн карааны калың тартып, тамыры тереңдеп баратканы менен ШКУнун алдына коюлган эларалык террорчулукка, жикчилдикке, баңги жолдорго бөгөт коюу, чаарбаштыкка каршы туруу милдеттери өзгөрүүсүз кала бермекчи. Кытай үчүн жикчилдикдикке каршы туруу өзгөчө мааниге ээ маселелерден. Тибет менен Шиңжаң-уйгур автоном районундагы түпкүлүк калктардын улуттук-боштондук кыймылдарын кандай да болсо басып турууга кызыкдар расмий Бээжиндин улуттук азчылыктарга карата катаал мамилесин уюмга мүчө өлкөлөр такай колдоп келатышат.

“Келечек долбоору” коомдук фондунун жетекчиси Ишенбай Абдыразаковдун пикиринде, расмий Бээжин ШКУ жалаң экономикалык максат-мүдөөнү көздөгөн уюм экенин айтууну жакшы көрөт.

- Муну кээ бирлер туура эмес түшүнүп жүрөт. Муну тиги аскерий деп. Аскерий жагын кытайларга айтсаң чочуп кетет, андай эмеспиз деп.

Шаңкай кызматташуу уюмуна мүчө болушка куштар өлкөлөр эле эмес, ага мүчөлөрдүн ортосунда деле ортолук мамиле-катнаштарды өнүктүрүү, экономикалык алакаларды күчөтүүгө кызыккан күчтөр аз. Аны Борбор Азиядагы суу-энергетикалык проблемалар, Индия менен Пакистандын үзүлүп кайра тутанып келаткан чатагы, Ирандын Батыш өлкөлөрү менен кылоосунан жанбай турган курч мамилеси деле ырастап турат.

XS
SM
MD
LG