Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:43

Талиптер менен элдешүүнү Ооганстандын коңшулары колдоду


Ооган президенти Хамид Карзай пресс-конференцияда. Чариган сарайы, Ыстамбул. 26-январь, 2010
Ооган президенти Хамид Карзай пресс-конференцияда. Чариган сарайы, Ыстамбул. 26-январь, 2010

26-январда Ыстамбулда Ооган жеринде тынчтыкты орнотууга көмөктөшүү жана коопсуздук маселесине арналган жыйын өттү.

Ыстамбулдагы жыйын Ооганстан жана анын коңшулары үчүн 28-январда Лондондо ачылчу жыйын алдындагы дипломаттык иш-чара болду. Түркиянын президенти Абдулла Гүл төрагалык кылган жолугушууга Ооганстандын президенти Хамид Карзай жана Пакистандын лидери Асиф Али Зардари, Ооганстанга чектеш Иран, Кытай, Тажикстан, Түркмөнстандын өкүлдөрү, ошондой эле АКШ, Британия, Орусиянын байкоочулары катышты.

Маалыматтарга караганда, жабык эшик артында өткөн бул кездешүүдө Ооганстандагы стабилдүүлүккө жардамдашуу маселеси
Түркиянын президенти Абдулла Гүл (солдо) жана Пакистандын президенти Асиф Али Сардари Ыстамбулдагы конференция учурунда. 26-январь 2010
талкууланган. Серепчилер Ооган жеринде тынчтык орнотууда Кабыл-Исламабад ортосундагы кызматташуу абдан маанилүү дешет. Себеби коңшулаш эки өлкөдөгү коопсуздуктун коркунучу бирөө - талиптер.

Азыр Кабыл Исламабадга көп ишене бербейт. Ооган тарапка Исламабаддын өлкөнүн Түндүк Батышын пааналаган ооган талиптерин сүрүп чыкпай, аларга жумуп койгону түшүнүксүз. Дипломаттардын боолгошунча, Пакистан келечекте ооган талиптерин Индиянын Кабылга болгон таасирине каршы коюшу мүмкүн.

Карзай жана Зардари 25-январда Түркия президентинин арачылыгы менен өткөн кездешүүдө тынчтыкты каалаган талиптер менен элдешүү жөнүндөгү Ооган жетекчилигинин планын талкуулашкан. Бул талкуудан кийин Карзай анын планын эл аралык коомчулук колдоорун билдирген:

- Бул (план) талиптерди коомдук турмушка тартуу аракети. Эгер бул аракетибизди өнөктөштөрүбүз, өзгөчө, Кошмо Штаттар жана Европа колдогонун айтсам, бул мурдатан берки аракетибиз болот.

Карзайдын берегидей демилгесин Кошмо Штаттар колдоду. 25-январда Ак Үйдүн өкүлү Роберт Гибс эрегишчилер менен элдешүү
АКШлык аскерлер жанкечти бомба жардырган жерди көрүшүүдө."Phoenix" базасы. Кабыл. 26-январь 2010
Иракта жемиштүү болгонун айтып, Ооганстандын Конституциясын тааныган, куралын таштаган жана экстремистчил топторду ачык чанган тараптар менен кызматташууну Вашингтон колдоорун маалымдаган.

Пакистандын президенти Зардари да козголоңчулар менен элдешүүнү жактады:

- Демократиялык эмес бийлик же демократиясыз партия согуш тууралуу гана кеп кылат. Биз тынчтык жөнүндө сүйлөшүбүз зарыл. Биз элдешүүнү кааласак же адамдар эски жолоюнан баш тартса, эл муну дайыма колдойт.

Ыстамбулдагы жыйындын катышуучулары 26-январда Ооганстан боюнча орток коммюнике жарыялашты. Билдирүүдө тараптар Ооганстандагы козголоңчу күчтөр менен элдешүүнү жактырышып, мындай “жараянды оогандар өздөрү жетектөөгө тийиш”, деп белгилешти.

Улуттар Уюму Ооган өкмөтүнүн кээ бир талиптердин ысмын уюмдун кара тизмесинен чыгаруу өтүнүчүн карап көрүүгө макулдук берген. Карзайдын өтүнүчү аткарылса, Ооган жетекчилиги кара тизмеден чыгарылган талиптер менен элдешүү жагын ырасмий түрдө сүйлөшүүгө жана аларды бийликке аралаштырууга мүмкүндүк алмак.

XS
SM
MD
LG