Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:20

Эл үнү: Насыя, каада-салт...


Нарын шаарынын тургундары.
Нарын шаарынын тургундары.

“Эл үнү” программасына кайрылган угармандар коомдогу көйгөйлөрдү айтып, өздөрүнүн сунуштарын, көз караштарын билдиришти.

Кара-Кулжа району Кеңеш айылы, Исматулла Парпиев: - Айылдагылар өздөрү менен өздөрү болуп, эптеп жашоо кечирип жаткан учур. Дыйкандар өз арбайын өзү согуп жатышат. Жанагы «Финка» деген эме билгизбей каныңды сыгып ала турган неме экен. Айылда далайлары «Финка» деп акча алып алышып, малын сатып, тамын сатып азабын жеп жүргөндөр көп. Алар алган сумманы пайызы менен биринчи айдан баштап акырына чейин бирдей өлчөмдө төлөй берет экен. Негизги сумма азайганына карабастан, ошол эле өлчөмдө төлөй берет. Справкасы дагы 50 сом турат экен. Деги бизде бул «Финканы» көзөмөлдөй турган орган барбы? Эми Өмүрбек Бабановдун насыясын айтсак, ал деле жарытарлык эмес. Дыйкандарга жакпай калды. Он бир айда үч бөлүп төлөйт. Мүнөзү так эле ушул «Финкадай». Айла жок алууга туура келди. Албагандар баш тартты. Айыл эли эми ак үй менен көк үйгө ыйман тилеп отурушат.

Бишкек шаары, Зайнаш: - Депутат балдар, өкмөттөгү балдар өздөрүнчө ынтымакка келишип жакшы иштеп кетишсе болот эле. Баякүнкү парламент депутаттарынын бири-бири менен кармашып кеткени жосунсуз жорук болду. Булар эми элдин атынан келгенден кийин өздөрү тартиптүү болуп, эл үчүн иштеп беришсе болмок. Эми бири-биринин сөзүн угуп, бир пикирге келишип, көйгөйлөрдү чечип, биримдикте жакшылап иштешсе деген тилек.

Шопоков шаары, Алтынбек: - Мен Кыргызстандын Орусия, Казакстан менен Бажы биримдигине киргенине каршымын. Анткени, кечээ эле Курманбек Бакиевди калкалап, жашырып жаткан Беларусия кирген Бажы биримдиги эмне жакшылык кылат. 7-апрелден кийин Казакстан чек арасын жаап салган, Орусия жарытылуу жардам бере албаса андай биримдикке кирүүнүн кажети жок. Андан көрө Кытай мамлекети менен кызматташканыбыз оң. Эмне үчүн «Орусия, Орусия» деп эле жатышат. Анда Орусиянын курамына бир губерния болуп кирип алалы? Эгемен мамлекет болгондон кийин, башка өлкөлөр менен тең ата болушубуз керек.

Бишкек шаары, Сайра: - Телевизордон «Азаттыктын» «Ыңгайсыз суроолор» берүүсүндө ырым-жырымдар тууралуу абдан жакшы маселе козгошту. Мен жанагы депутат Каныбек Осмоналиевдин «ыгым-чыгымдарды жөнгө салуу жөнүндө мыйзам долбоору иштелип жатат, каза болгонго бодо мал союлбайт» дегенине каршымын. Кыргыздын өзүнүн каада-салты бар. Жакшылык-жамандыкта куда-сөөгү, жек жаат, жоро-жолдош, тааныштар келишет. Анан ошолорго мал сойбой, ачка узатмак беле. Илгертен келе жаткан салт боюнча бир бодо союп, өлүк каадасын кылганы жөндүү. Анан жетишпейт, чыгым көп деген болбойт. Мисалы, жамандык деген жамандык. Сөөк коюунун, акыркы сапарга ызааттап узатуунун өзүнчө каадасы болот. Алыстан келгендерге аш берген кыргыздын илгертен келе жаткан салты. Салтты жасабай, уят болууну эч ким деле каалабайт болуш керек.

Аксы району, Эркин:
- Мен телевизордон «Ыңгайсыз суроолорду көрүп, депутат Каныбек Осмоналиев менен жазуучу Кален Сыдыкованын пикирин уктум. Мен бул берүүнү көрүп отуруп жүз пайыз Кален Сыдыкованы колдойм. Той-ашка мыйзам чыгарып чектөө киргизүүнүн зарылдыгы жок. Мен бир нерсеге түшүнбөйм. «Мынча чыгым болуп жатат, анча чыгым болуп жатат»,-дейт. Ал чыгым каякка кетип жатат? Ошол той-ашка келген катыш кишилериңе, коңшу-колоң, жек жаатыңа эле кетип жатпайбы. Мисалы, мен дагы бирөөлөрдүн той-топуруна барып сый көрүп, тамагын жеп келгем. Эмне үчүн мен аларга дасторкон жайып, той бербешим керек. Мен дагы той берип, катыш кишилеримди тартышым керек. Кыргыздын мындай каада-салтын туура түшүнүш керек.

Бишкек шаары, Бакай Кашкарбаев:
- «Мекен Туу» партиясынын лидери Урмат Барыктабасовго сот жараяны 27-декабрда башталган. Процесске башынан бери эле катышып келатам. Жакында сот жараянында Урмат Барыктабасовго прокурор 18 жыл, Курманбек Секалиевге 15 жыл, Урмат Барыктабасов менен соттолуп жаткан он беш адамдын бешөөнө айып угузулду. Прокурор соттон он эки жылдан өйдө сурады. Эч күнөөсү жок адамдарды ушундай катуу жазалоо – бул саясий заказ деп эсептейм. Мурдагы бийликте кандай болсо азыр деле соттор жогору жактын тапшырмасын аткарып жатат. Ошондуктан мен бийликтен, соттон адилеттикти талап кылат элем.

Эгерде сизди түйшөлткөн маселелер, кызыктырган суроолор болсо, кубанычтуу кабарларды же жеке көз карашыңызды билдирем десеңиз Бишкектеги кеңсебизге (0312) 31-61-65 номурлуу телефонуна чалып, "Эл үнү" программасына деп аты-жөнүңүздү айтып туруп, авто жоопко пикириңизди жаздырып коюңуз. Ал эми бирөөнү каралаган, кимдир бирөөнүн аброюна шек келтирген же далилсиз маалыматтар болсо эфирге чыгарылбайт.
XS
SM
MD
LG