Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:50

Порнографиялык актриса Трампты шайлоодон жыгабы?


Нью-Йоркто АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамптын порнографиялык тасмаларга тартылган актриса Сторми Дэниелске 130 миң доллар төлөп бергени боюнча иши карала башталды.

22-апрелдеги жараянда Манхэттен прокуратурасынын өкүлү билдиргендей, порноактрисага акча берүү менен Трамп 2016-жылкы шайлоонун жыйынтыгына таасир этүүгө аракет кылган. Бул Американын 45-президенти, 77 жаштагы Трампка каршы козголгон төрт иштин алгачкысы. Ал быйылкы президенттик шайлоого катышууга ниеттенип жатат.

Дональд Трамп эмнеге айыпталууда?

Прокурорлордун версиясы боюнча, Трамп 2016-жылкы президенттик шайлоонун алдында порноактриса Сторми Дэниелске 130 миң доллар төлөп бергенин жашырууга аракет кылган.

Муну менен ал Дэниелс экөөнүн ортосунда он жыл мурда болгон интимдик катнаш тууралуу порно жылдыздын оозун жабууну көздөгөн.

Акчаны Трамп адвокаты жана жардамчысы Майкл Коэн аркылуу бердирген. Бул каражат мурдагы президенттин шайлоо фондунан юридикалык кызматтар үчүн чыгым катары бөлүнгөн. Айыптоочулардын айтымында, документти бурмалоо кылмышка тете.

22-апрелдеги жараянда Манхэттен прокуратурасынын өкүлү Элвин Брэгг Дональд Трамптын аракетин шайлоочулардан маанилүү маалыматты жашыруу боюнча кутумдун бир бөлүгү катары сыпаттады.

Прокуратуранын версиясына караганда, Трамп ошондой эле шайлоо кампаниянын жүрүшүндө дагы эки адамдын оозун басууга аракет кылган.

Алар Playboy журналынын фотомодели жана үй кызматчыларынын бири. Алар өз окуяларын жарыялоо укугун The National Enquirer басылмасына сатышкан. Ал басылманы Трамптын досу Дэвид Пекер жетектейт.

Укукту алгандан кийин The National Enquirer экөөнүн окуяларын жарыялоодон баш тарткан.

Пекер ошондой эле дүйшөмбүдө сотко күбө катары катышып, Дональд Трамп үчүн зыяндуу маалыматты жашырууга аракет кылганын билдирди.

Сотто Майкл Коэн менен Сторми Дэниэлс дагы көрсөтмө берери кұтүлүүдө. Мыйзамга ылайык, Дональд Трамп баардык жараяндарга катышууга милдетүү.

Жараян алтыдан сегиз жумага чейин созулары күтүлүүдө.

Дэниэлске акча төлөнгөнү тууралуу маалымат 2018-жылы эле ачыкка чыккан. Юстиция министрлиги бул ишти ошондо эле караган. Коэн шайлоо кампанияларын каржылоо тууралуу федералдык мыйзамды бузганын мойнуна алып, үч жылга кесилген.

Федералдык прокурорлор ишти иликтөөнү 2019-жылы жыйынтыктап, Трампка айып тагуудан ал кезде карманышкан.

Негизи документтерди бурмалоо Нью-Йоркто анча деле чоң кылмыш эмес. Бирок документтер башка кылмышты жашыруу үчүн бурмаланса, прокурорлор муну олуттуу берене катары колдонушу мүмкүн.

Сторми Дэниелс деген ким?

Сторми Дэниелстин айтымында, ал Трамп менен 2006-жылы атактуулар арасындагы гольф мелдешинде таанышкан. Ал кезде 27 жаштагы Стефанни Клифорддун порно индустрияда жылдызы жаңыдан жанып келаткан. Экөөнүн окуясы ачыкка чыгып кеткенден кийин ал социалдык тармактарда Трамптын жактоочуларынын төө бастысында калган.

Трамп өзү жана адвокаттары эмне дешет?

77 жаштагы Трамп бул иштеги 34 пункттун бири боюнча да өзүн күнөөлүү деп эсептебейт.

Экс-президенттин адвокаты шайлоонун жыйынтыгына таасир этүү аракети тууралуу айыптоолорду олутсуз деп атады.

“Шайлоонун жыйынтыгына таасир этүү аракетинде мыйзамсыз эч нерсе жок. Бул демократия. Прокуратура муну тири укмуш бир нерседей көрсөтүүгө аракет кылууда. Бирок силер жараяндын жүрүшүндө андай эмес экенине күбө болосуңар”, - деди Тодд Бланш.

Трамптын адвокаты иш кагаздарды бурмалаганы үчүн күнөөнү экс-президенттин мурдагы адвокаты, документ иштерин жүргүзгөн Майкл Коэнге оодара салды.

Бланш ишендиргендей, мыйзамсыз төлөмдү Коэн уюштурган. Ал эми Трамп чоо-жайы менен таанышпастан эле кагаздарга кол коюп берген.

Трамптын адвокаты Коэн алдамчылык үчүн федералдык сот тарабынан соттолгонун эске салып, "бир нече жолу, анын ичинен көрсөтмө берип жатып да калп айткан адамга ишеним артууга болбостугун" билдирди.

Андай мамилеси болгонун четке каккан Трамп порно жылдызга акча анын жалган маалыматтарын токтотуу үчүн берилгенин айтууда.

АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп Нью-Йорктогу соттон кийин. 22-апрель, 2024-жыл.
АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп Нью-Йорктогу соттон кийин. 22-апрель, 2024-жыл.

Трамп күнөөлүү деп табылса эмне болот?

Эгер сот арачылары Трампты күнөөлүү деп тапса, 34 эпизоддун ар бири боюнча мурдагы президент төрт жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Ошентип, жалпысынан айтканда республикачыл саясатчы 136 жылга кесилиши ыктымал. Бирок Нью-Йорк штатында мурда соттолбогондорду реалдуу мөөнөткө кескен учурлар сейрек кездешет.

Айрым политтехнологдордун пикиринде, Трамп бул кылмыш иши боюнча күнөөлүү деп табылса, анын президенттик кампаниясына кедергисин тийгизиши ыктымал.

Reuters/Ipsos февраль айында жүргүзгөн сурамжылоодо өзүлөрүн республикачы деп атагандардын төрттөн бир бөлүгү жана көз карандысыздардын теңи Трамп күнөөлүү деп табылса ага добуш бербестигин айтышкан. Бул алдыдагы азыркы президент Жо Байден менен айыгышкан жарышта чоң мааниге ээ болушу мүмкүн.

Виржиния Университетинин саясат борборунун саясат таануучусу Кайл Кондик Трамптын шайлоо өнөктүгүнө бул иш таасир этеринен күмөн санайт. Анткени анын эсебинде Трамптын мыйзам бузганына көптөр көнүп калышкан.

Дональд Трамптын мурдагы адвокаты жана жардамчысы Майкл Коен Өкүлдөр палатасында күбө катары ант берип жатат. 27-февраль, 2019-жыл.
Дональд Трамптын мурдагы адвокаты жана жардамчысы Майкл Коен Өкүлдөр палатасында күбө катары ант берип жатат. 27-февраль, 2019-жыл.

Судья жана сот арачылары кимдер?

Бул ишти карап жаткан Судья Хуан Мерчан 2022-жылы да Трамптын корпорациясына каршы ишти жүргүзгөн. Анда сот арачылары компанияны 17 эпизод боюнча салык шылуундугу деген айып менен күнөөлүү деп таап, 1,6 миллион доллар айып пул салган.

Мерчандын кызы - демократ саясатчыларга кеңеш берүү менен алектеген Authentic Campaigns компаниясынын ээлеринин бири. Ал ошондой эле Камала Харристинин штабынын онлайн-агитация боюнча кеңешчиси болгон. Трамптын адвокаттары кызыкчылыктар кагылышынан улам иштен баш тартууну судьядан талап кылышты. Ал эми президент өзү Truth Social социалдык тармагында судьянын кызын айыптаган кескин билдирүүлөрдү жазды.

Ишти алып барган Хуан Мерчан Трампка сот процессинин катышуучулары жана алардын үй-бүлөлөрү тууралуу ачык комментарий берүүгө тыюу салды.

Сот арачыларын тандоо иши толук бир жумага созулуп, 19-апрелде жыйынтыкталды. Жалпысынан жүздөй адамдын ичинен тараптар 12ни тандап алышкан. Коллегиянын курамында жети эркек, беш аял бар.

Катарында финансистер, айтишниктер, логопед жана мугалим бар.

Трамптын адвокаттары жараянды токтотуу туруу аракетин көрүп, соңку айларда бир нече арыз жазышкан. Сот ошондой эле Трамптын соттук териштирүүнү Жогорку сот анын соттук куугунтуктоодон коргоо боюнча президенттик иммунитети тууралуу арызын карагыча токтото туруу сунушун четке какты.

Трамптын ишин караган Манхеттен округунун прокурору Элвин Брэгг. 4-апрель, 2023-жыл.
Трамптын ишин караган Манхеттен округунун прокурору Элвин Брэгг. 4-апрель, 2023-жыл.

Трампка каршы козголгон башка кылмыш иштер

АКШнын 45-президенти, бул өлкөнү 2017-2021-жылдары башкарган республикачы, 77 жаштагы Трампка каршы жалпысынан төрт иш козголгон.

2020-жылдагы президенттик шайлоодо утулгандан кийин анын тарапкерлери 2021-жылы 6-январда конгрессмендер отурган имаратка кирип барган. Трамптын бул окуядагы ролу канчалык болгону териштирлип жатат.

2020-жылдын аягында Трамп кызматын тапшырып жатып бир нече кызматтык документти жеке архиви үчүн алып кеткени кабарланган. Улуттук архив ал документтер жашыруун болгондуктан архивге тапшырууну өтүнүп, прокуратурага кайрылган.

Төртүнчү иш Трамп 2021-жылы январда Жоржия штатынын республикачыл мамлекеттик катчысы Брэд Раффенспергерге телефон чалуусуна байланыштуу козголгон. Анда экс-президент өз пайдасына 11 780 добуш таап берүүгө жардамдашууну суранганы айтылган.

Быйыл күзүндө АКШда президенттик шайлоо өтөт. Трамп ага катышуу аракетин көрүүдө.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG