Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:05

Римде Рахмондун сапары учурунда оппозициялык топтун мүчөлөрү кармалды


Эмомали Рахмон Рим аэропортунда. 22-апрель, 2024-жыл
Эмомали Рахмон Рим аэропортунда. 22-апрель, 2024-жыл

23-апрелде Римде тажикстандык «Группа 24» уюмунун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу уюмдун өкүлдөрү билдиргенин «Озоди» радиосу жазды. Маалыматка караганда, сегиз активист тажик өкмөтүнө каршы акцияга катышуу үчүн Европанын жер-жеринен Италияга барганда кармалган.

Сөз болгон уюмга Тажикстанда тыюу салынган.

Кошуна өлкөнүн президенти Эмомали Рахмон 22-апрелден тарта Италияда расмий сапарда жүрөт. Бир күн мурда премьер-министр Жоржиа Мелони менен жолугушуудан кийин кызматташуу тууралуу бир нече документке кол коюлду.

«Группа 24» кармалган активисттер сапардын аягына чейин чыгарылбайт деп болжолдойт. Италиянын медиасы Рахмон 26-апрелде Ватиканга барарын кабарлады.

Оппозициялык уюмдун жетекчисинин милдетин аткарып жаткан Хусейн Ашуровдун айтымында, активисттерди алар Италия президентинин сарайынын алдында Рахмондун кортежин күтүп турганда кармашкан. Алардын телефон, документтерин алып коюп, кийин телефон чалууга уруксат беришти.

«Группа 24» Италиянын полициясын кармалгандарды дароо бошотууга чакырды. «Озоди» Италиянын тартип коргоочуларынан комментарий ала албаганын жазды.

Уюм 22-апрелде Литвада өткөргөн акцияда Италияны жана европалык башка өлкөлөрдү авторитардык лидерлерди, асыресе тажик президентин кабыл албоого чакырган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG