Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:43

ЕБ Грузияны "чет элдик агент" долбоорун чакыртып алууга үндөдү


«Чет элдик өкүл» мыйзамына каршы акция. Тбилиси. 23-апрель, 2024-жыл
«Чет элдик өкүл» мыйзамына каршы акция. Тбилиси. 23-апрель, 2024-жыл

Европа Биримдиги Грузиянын бийлигин «чет элдик агент» тууралуу мыйзам долбоорун чакыртып алууга үндөдү. Кризистерди башкаруу боюнча комиссар Янез Ленарчич шейшембиде Европарламентте сүйлөгөндө аталган документ европалык баалуулуктарга жана ченемдерге каршы келерин, Грузиянын евроинтеграциясына коркунуч жаратарын белгиледи. Бул тууралуу «Немис толкуну» жазды.

Былтыр мартта өлкөнүн башкаруудагы партиясы ушундай маанидеги мыйзамды кабыл алууга аракеттенип, бирок массалык нааразылык акцияларынан кийин андан баш тарткан. Ошондо «жарандарга мындай мыйзам экинчи каралбайт» деп убада кылынган.

Демилгеге каршы чыккандар ал Орусиядан көчүрүп алынганын айтышат.

Декабрда Европа кеңеши Грузияга шаркетке мүчө болууга талапкер деген макам ыйгарган. Ленарчич: «Грузиянын келечеги Евробиримдикте. Биздин эшиктер ачык», - деп айтып, өлкөнү «Европа жолунан тайдырбоого» чакырды.

Мыйзам долбооруна ылайык, сырттан алган каржылоосу 20% ашкан бейөкмөт уюмдар менен жалпыга маалымдоо каражаттары чет өлкөлөрдүн кызыкчылыгын жактаган уюм катары катталууга тийиш.

17-апрелде грузин парламенти мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алган. Документке каршы акциялар уланууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG