Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:28

Акыйкатчы балдарга карата зомбулуктун алдын алууга чакырды


Жамиля Жаманбаева
Жамиля Жаманбаева

Кыргызстандын акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева 24-апрелде мамлекеттик органдарды балдарга карата зордук-зомбулукту болтурбоо жана алдын алуу чараларын көрүүгө чакырды. Ал буга мисал катары Бишкектеги мектептердин биринде 1-класстын окуучусу сабалган окуяны белгилеп, анда баланын укугу одоно бузулганын айтты.

“Эч бир жагдайда чоң адамдардын балдарга зомбулук көрсөтүүсүнө жол берилбейт. Мамлекеттик органдар зордук-зомбулукка жол бербөө үчүн бардык чараларды тез арада кабыл алуусу зарыл. Тергөө органдары айыпталуучунун аракеттерин квалификациялоодо жана кылмыш ишин сотко жөнөтүүдө Кылмыш-жаза кодексинин 74-беренесинин нормаларын унутпоого тийиш. Ага ылайык балага жасалган кылмыш - ишти оорлотуучу жагдай болуп саналат”, - деди Жамиля Жаманбаева.

Укук коргоо институтунун басма сөз кызматы кабарлагандай, сабалган баланын апасы акыйкатчыга кайрылып, баласынын укугун коргоп берүүнү өтүнгөн жана элдин көзүнчө жети жаштагы баласын сабаган адам ээн-эркин жүргөнүнө нааразы болгон.

Ал арызды карап жаткан милициянын тергөөчүсү кайдыгер мамиле кылып, мектеп мугалимдери жазып берген арызды албай койгонуна даттанган.

Акыйкатчы жабырлануучу бала менен энеге акысыз жактоочу жана психологдун кызматын көрсөтүүгө жардам берди.

Бир нече күн мурун социалдык тармактарга мектепте жаш баланы чоң киши сабап жатканы тартылган тасма тараган.

Көп өтпөй, 12-апрель күнү милицияга Ленин районунун тургуну кайрылып, жети жаштагы баласын сабаган кишиге чара көрүүнү өтүнгөн. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси “Бейбаштык” боюнча кылмыш иши козголуп, 34 жаштагы адам кармалганы кабарланган.

14-апрелде сот аны үй камагына чыгарган. Соттун катчылыгы мындай чечим тергөөчүнүн өтүнүчү менен чыгарылганын "Азаттыкка" билдирген. ​Жабырлануучу тарап сот чечимине нааразы экенин билдирип, президентке кайрылган. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG