Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:50

Жалал-Абаддын Аксы районунда да үйлөрдү суу каптады


Жалал-Абаддын Аксы районундагы айылдар. ӨКМ тараткан сүрөт.
Жалал-Абаддын Аксы районундагы айылдар. ӨКМ тараткан сүрөт.

23-апрелдин кечинде нөшөрдөн улам Жалал-Абаддын Аксы районундагы Кош-Дөбө айыл аймагынын Атана айылында 11 үйдүн чарбагын суу каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Мындан сырткары Кара-Камыш айыл аймагынын Кара-Жыгач – Сары-Челек унаа жолунун 3-чакырымына кум-шагыл аралаш сел жүргөн. Кара-Суу айылынын Бөктөр тилкесинде Топ-Жаңгак – Кара-Суу унаа жолунун 3-чакырымына, Кызыл-Туу айылындагы Кара-Жыгач – Сары-Челек унаа жолуна, Жаңы-Айылда бир турак үйдүн чарбагы, ички чарбалык жолдор кум-шагыл аралаш селге толгон. Автоунаалардын каттоосуна кыйынчылык жаралган.

Маалыматты тактоо жана селдин кесепеттерин жоюу үчүн окуя болгон жерлерге облустук Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын Аксы райондук бөлүмүнөн ыкчам топ, үч куткаруучу, бир мотопомпа, Кара-Камыш айылынан бир жүктөгүч, беш кызматкер, №12 жол тейлөө ишканасынан бир жүктөгүч тартылды.

ӨКМ сел кесепеттерин жоюу иштери туурасында кошумча маалымат берилерин маалымдады.

20-21-22-апрель күндөрү нөшөрдөн улам Ош облусунун Алай, Кара-Кулжа, Өзгөн, Кара-Суу жана Ноокат райондорунда, Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон, Ноокен, Сузак жана Токтогул райондорунда сел жүрүп, бир катар автоунаа жолдору жабылган. Ондогон тургундар эвакуацияланды.

Ошто селден бир киши, чагылгандан дагы бир адам каза тапты. Селден улам Ош облусунда өзгөчө кырдаал режими киргизилди.

Талас облусунун Талас районуна караштуу Беш-Таш айыл аймагынын Көк-Кашат айылында, Кең-Кол айыл аймагынын Ак-Жар жана Чоң-Алыш айыл аймагынын Кара-Суу айылдарында сел жүрдү. Талас районунда өзгөчө кырдаал режими киргизилди. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG