Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:49

Сүлүктүдө жаандан улам жолдорду сел каптады


Сүлүктү шаары, Баткен облусу. 5-майдын кечи, 2024-жыл.
Сүлүктү шаары, Баткен облусу. 5-майдын кечи, 2024-жыл.

6-майга караган түнү Баткен облусунда катуу жааган жаандан улам, Сүлүктү шаарынын Раззаков көчөсүндө сел жүрүп, үйлөрдү жана ички чарбалык жолдорду суу басты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) кабарлады.

Селдин кесепеттерин жоюуга министрликтин Баткен облусу боюнча башкармалыгынын башчысы жетектеген 26 куткаруучу жана жарандык коргонуу кызматынан 1 техника тартылды. Жеринде суунун нугун буруу жана арыктарды тазалоо иштери түн жарымга чейин уланды.

Суу каптоо 5-май күнү, кечки саат 18:30 чамасында башталган.

20-апрелден 25-апрелге чейинки нөшөрдөн улам Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй облустарынын жана Ош шаарынын аймактарында миңден ашык үйдү суу басып, бир катар автоунаа жолдору жабылган.

Селден улам Ош облусунда, Талас облусунун Талас районунда, Жалал-Абад облусунун Сузак районунда жана ушул эле облустун Ноокен районунун Момбеков айыл аймагында өзгөчө кырдаал режими киргизилген. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG