Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:19

Трамптын сотунда сөз прокурорго жана адвокатка берилди


Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

АКШда мурдагы президент Дональд Трампка козголгон кылмыш иштеринин бири боюнча сот башталды. Бул АКШ тарыхында мурдагы президенттин үстүнөн уюштурулуп жаткан алгачкы сот жараяны.

Трамп 2016-жылдагы президенттик шайлоонун жыйынтыгына таасир этүү максатында документтерге байланыштуу каржылык алдамчылыкка барган деп айыпталып жаткан процесс алкагында 22-апрелде өткөн отурумда сөз прокурор менен адвокатка берилди.

Манхэттен прокурорунун жардамчысы Мэтью Коланжело порноактриса Сторми Дэниэлске байланыштуу окуядан тышкары Трамптын шайлоо өнөктүгү маалындагы мыйзам бузуу катары бааланышы ыктымал дагы эки окуясы бар экенин айтты. Алардын бири – Playboy журналынын фотомодели Трамп менен жакын байланышта болгон, экинчиси – Трамптын үйүндө иштеген швейцар жумушчу анын никесиз төрөлгөн баласы тууралуу кабары бар болгон.

Трамптын жактоочусу «шайлоонун жыйынтыгына таасир этүү аракети» деп айып коюунун өзү мыйзамсыз экенин айтты. "Шайлоонун жыйынтыгына таасир кылуу аракетинде эч кандай мыйзам бузуу жок. Бул демократия деп аталат. Прокуратура бул идеяны терс кылып көрсөтүүгө аракет кылып жатат, бирок процесстин соңунда андай эмес экенин өзүңөр көрө аласыңар", – деди Тодд Бланш.

Териштирүүнүн тыянагы Нью-Йорк прокуратурасы документтерди бурмалоо чынында шайлоого таасир этүү максатында жасалганын канчалык далилдей аларына жараша болот.

Алты апта уланат деп болжолдонуп жаткан сотко Трамп өзү да катышууда, себеби ал бардык сот отурумдарына катышышы зарыл деген талап бар.

Соттун өкүмү Трамптын президенттик шайлоого катышуусуна да, эгер ал негизги атаандашы болгон азыркы президент, демократ Жо Байденди утса, мамлекет башчылык кызматка киришүүсүнө да тоскоолдук боло албайт.

Иш Нью-Йоркто Манхэттендин кылмыш сотунда каралууда. Тергөө Трамп 2016-жылкы шайлоо алдында порноактриса Сторми Дэниэлстин оозун жабуу үчүн адвокаты аркылуу 130 миң доллар бергенин, бирок аны жактоочунун юридикалык кызматы катары каттаганын, Нью-Йорк штатында бул мыйзам бузуу деп эсептелерин билдирүүдө.

2018-жылы Трамптын адвокаты Майкл Коэн бул иш боюнча үч жылга абакка кесилген, ошол кезде мамлекет башчысы болуп тургандыктан Трампка айып тагылган эмес.

Трамп журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, эч кандай кылмыш кылбаганын айткан.

АКШнын 45-президенти, бул өлкөнү 2017-2021-жылдары башкарган республикачы, 77 жаштагы Трампка каршы жалпысынан төрт иш козголгон.

2020-жылдагы президенттик шайлоодо утулгандан кийин анын тарапкерлери 2021-жылдын 6-январында конгрессмендер отурган имаратка кирип барышкан. Трамптын бул окуядагы ролу канчалык деген териштирүү жүрүүдө. Териштирүү 25-апрелде АКШнын Жогорку сотунда карала турган президенттик иммунитет боюнча маселенин чечилишине жараша уланат.

2020-жылдын аягында Трамп кызматын тапшырып жатып бир нече кызматтык документти жеке архиви үчүн алып кеткени кабарланган. Улуттук архив ал документтер жашыруун болгондуктан архивге тапшырууну өтүнүп, прокуратурага кайрылган.

Төртүнчү иш Трамп 2021-жылы январда Жоржия штатынын республикачыл мамлекеттик катчысы Брэд Раффенспергерге телефон чалуусуна байланыштуу козголгон. Анда экс-президент өз пайдасына 11 780 добуш таап берүүгө жардамдашууну суранганы айтылган.

Быйыл күзүндө АКШда президенттик шайлоо өтөт. Трамп ага катышуу аракетин көрүүдө. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG