Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:09

Абактагы журналист Алсу Курмашеваны колдогон орусиялык активистке айыппул салынды


Искандер Ясавеев. Акция учурунда тартылган сүрөт.
Искандер Ясавеев. Акция учурунда тартылган сүрөт.

Орусияда «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун татар-башкыр кызматынын кабарчысы, журналист Алсу Курмашеваны колдогон акцияга катышкан социолог жана журналист Искандер Ясавеевге айыппул салуу тууралуу сот чечими кайра бекитилди.

Татарстандын борбору Казан шаарынын Вахитов райондук сотунун чечими менен быйыл 1-февралда Ясавеевге «митинг өткөрүү тартибин бузду» деген негизде 15 000 рубль (160 доллар) айыппул салынган. Бирок ал Татарстандын Жогорку сотуна апелляциялык арыз менен кайрылып, ал жактан райондук соттун чечими жокко чыгарылган жана иш кайра кароого жөнөтүлгөн.

22-апрелде Казан шаардык соту баштапкы чечимди калабына келтирип, Ясавеевге 15 000 рубль айыппул салды. Адвокаттар кайрадан арызданарын айтышты.

2023-жылдын 10-декабрында Казанда журналисттерди куугунтуктоого каршы акция өткөн. Пикет жергиликтүү бийлик менен макулдашылган. Искандер Ясавеев анда «Алсу Курмашева – журналист, ал кылмышкер эмес» деген плакат кармап турган. Анын айтымында, шаар башкармалыгынын өкүлү плакаттагы жазуу пикеттин максаты тууралуу бийликке берилген билдирмеге канчалык дал келери тууралуу суроо койгон.

«Мен Алсу Курмашева журналист экенин, ал түрмөдө отурганын, демек, плакаттын мазмуну пикеттин максатына дал келет деп эсептей турганымды айттым. Бирок акциянын уюштуруучусу үчүн жазалоо коркунучун жаратпаш үчүн плакатты алып коюга даяр экенимди айтып, алып койгом», - деген Ясавеев.

Бир нече күндөн кийин полиция пикеттин уюштуруучусу Дарина Лунцовага 20 миң рубль айыппул салган.

Курмашева 2023-жылдын октябрындан бери Казанда камакта отурат. Аны «чет элдик агент» катары каттоого алуу керектигин бийликке билдирген эмес деп айыптап жатышат. 2023-жылдын 11-декабрында ага "Нет войне. 40 историй россиян, выступающих против вторжения в Украину" деген китеп үчүн орус армиясы тууралуу фейк маалымат тараткан деген негизде дагы бир иш козголгону маалым болгон. Андан мурдараак, 11-октябрда Казан соту Курмашеваны «экинчи жарандыгы бар экени тууралуу тийиштүү органдарды кабардар кылган эмес» деген айып менен соттоп, 10 000 рубль (110 доллар) айыппул салган.

"Мемориал" укук коргоо долбоору Курмашеваны саясий туткун деп жарыялаган.

«Чек арасыз кабарчылар» (Reporters Without Borders - RSF) эл аралык уюму Курмашева жарым жылдан бери адам чыдагыс жана басынтуучу шартта кармалып турганын белгилеп, орус бийлигин аны тез арада бошотууга чакырган.

АКШнын жана Орусиянын жараны, Чехиянын борбору Прагада жашаган Алсу Курмашева былтыр май айында үй-бүлөлүк иштери менен Орусияга барган. Июнда кайра кайтып жаткан учурда аны аэропорттон кармап, эки паспортун тең алып коюшкан.

Курмашева өзүнө тагылган айыптарды четке кагууда. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG