Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:06

Улуу Британия Украинага эң ири аскердик колдоо пакетин жарыялайт


Риши Сунак.
Риши Сунак.

Улуу Британия өзүнүн тарыхында алгачкы жолу ири көлөмдө аскердик жардам көрсөтүү чечимин кабыл алды. Британ өкмөтүнүн 23-апрелдеги билдирүүсүндө айтылгандай, премьер-министр Риши Сунак Украинага 617 миллион долларлык колдоо чечимин Польшага сапары учурунда жарыялайт.

"Украина экзистенциалдык коркунучка кабылды, себеби Орусия өзүнүн варвардык кол салуусун улантып, бүтүндөй Европанын коопсуздугуна жана туруктуулугуна коркунуч жаратууда", - деп белгиленди билдирүүдө.

Улуу Британия Украина Орусиянын толук масштабдуу агрессиясына кабылгандан бери украин бийлигинин эң туруктуу тарапташтарынын бири болуп келе жатат. Жаңы каржылоо кошулса, быйылкы каржылык жылы Улуу Британиянын Украинага берген жардамынын жалпы суммасы 3,71 миллиард долларга жетет.

Бүгүн 23-апрелде АКШ Конгрессинин Сенатында да Украина үчүн дээрлик 61 миллиард долларлык жардам бөлүү тууралуу мыйзам долбоору боюнча добуш берүү болот. Беш айлык талкуудан кийин бул долбоор 20-апрелде Конгресстин Өкүлдөр палатасында колдоо тапкан. Президент Жо Байден аталган мыйзамга "Сенат жактырар замат" кол коёрун айтты. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG