Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:17

БШК Жусупбек Коргонбай уулун депутаттык мандаттан ажыратты


Жусупбек Коргонбай уулу
Жусупбек Коргонбай уулу

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 23-апрелде Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулунун мандатын тапшыруу боюнча арызын карап, анын ыйгарым укуктарын токтотту. Чечимге БШКнын 12 мүчөсү тең “макул” деп добуш берди.

Натыйжада №5 Ноокат шайлоо округу боюнча шайлоо жарыялоо чечими кабыл алынды.

Коргонбай уулу арызын 22-апрелде жазган. Анын мандатын тапшыруусунун себеби айтыла элек.

Жусупбек Коргонбай уулу парламенттин 3-апрелдеги жыйынында саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев байлыгы жөнүндө билдирүү жасаган. Ал Бейшеналиевдин жана жакындарынын мүлкү 2 млрд сомдон ашарын айтып, президентке, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылган. Анын мүлкүн, байлыгын текшерип, коррупциялык иштерге аралашканын иликтөөнү суранган. Жыйынтыгында министрдин ишин иликтөө боюнча депутаттык комиссия түзүлгөн.

Алымкадыр Бейшеналиев депутаттын айткандарын четке кагып, сотко кайрылганын билдирген.

Президент Садыр Жапаров бул маселеге "Кабар" агенттигиндеги кезектеги маегинде кайрылып, “министрдин туура эмес иштери аныкталса жазага тартыларын” айткан. Мамлекет башчы кийинчерээк маекке “депутаттын айыптоолору тастыкталбаса, ал дагы тийиштүү жазасын алат” деп айтканы толуктоо катары киргизилген.

44 жаштагы ишкер Жусупбек Коргонбай уулу парламенттин 7-чакырылышына №5 Ноокат шайлоо округунан мандат алган. Анын ысымы буга чейин көмүр кен чырында аталган. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG