Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:18

Украина Орусиянын дрон жана ракета чабуулу уланганын билдирди


Украина. 2024-жылдын 23-апрели.
Украина. 2024-жылдын 23-апрели.

Орусия 23-апрелге караган түнү Украинанын аймагына жанкечти дрондор жана баллистикалык ракеталар менен чабуул койгонун украин аскерлери билдиришти. Өлкөнүн Аскердик-аба күчтөрүнүн маалыматына караганда, 16 учкучсуз учактын 15и атып түшүрүлдү, «Искандер-М» баллистикалык ракеталарынан экөө учурулду, алар кармалбай калды.

«Шахед» дрондору Киевди жана Одессаны бутага алганы маалымдалды. Одессада, Украинанын Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматы билдиргендей, үйлөр жана башка социалдык инфраструктура объектилери талкаланды, 34 адам куткарылып калды, ал эми жараат алган тогуз кишинин төртөө балдар.

Харьков шаарында дүйшөмбү күнү телемунара Х-59 ракетасы менен бутага алынган. Бүгүнкү күндө санарип эфир сигналдары калыбына келтириле элек экенин облустук аскердик администрациянын башчысы Олег Синегубов билдирди. Анын айтымында, радио, интернет жана мобилдик байланыш үзгүлтүккө учураган жок.

Украин президенти Владимир Зеленский телемунарага чабуулду "террор эмне экенин көбүрөөк адам билиши жана Харьков шаарынын маалымат алуусун чектөө үчүн" жасалган сокку деп атады:

«Харьков сыяктуу эле бардык шаарлар, калктуу пункттар жардамга муктаж. Аларга «Патриот» системалары зарыл болууда. Орусия террордун базасы жана аскердик логистикасы катары колдонуп жаткан нерсенин баарына болушунча чоң залака тийгизүү керек. Бизге жардам берип жаткандардын баарына ыраазыбыз».

Украина Орусиянын толук масштабдуу согушуна кабылган алгачкы жылы Батыштагы өнөктөштөрүнөн курал-жарак жагынан жардам алып, күрөшүн жүргүзгөн. Бирок былтыртан бери андай жардам дээрлик токтогон. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG