Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:16

Мадумаровдун адвокаттары райондук соттун чечимине каршы арызданбайт


Адахан Мадумаров. 26-март, 2024-жыл.
Адахан Мадумаров. 26-март, 2024-жыл.

Жогорку Кеңештеги оппозициялык “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери, камактагы Адахан Мадумаровдун адвокаттары саясатчыга Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарган чечимге каршы Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз жазбайт.

Бул тууралуу “Азаттыкка” саясатчынын адвокаты Кубанычбек Туманов билдирди. Ал “шаардык сотко арыз берүүнүн мөөнөтү аяктап баратканын, прокуратура эле кийинки инстанцияга кайрылбаса, Адахан Мадумаровдун жактоочулары арызданбай” турганын айтты. Саясатчынын дагы бир адвокаты Юлия Богданова “анын ден соолугу начар экенин, адвокаттар шаардык сотко арыз жазбай турганын” кабарлады.

26-мартта Биринчи Май райондук соту Адахан Мадумаровду коюлуп жаткан айыптар боюнча күнөөлүү деп таап, мөөнөтү өтүп кеткендиктен жаза чегерген эмес жана чечим мыйзамдуу күчүнө киргичекти абакта калган.

Эгерде саясатчынын жактоочулары шаардык сотко апелляциялык арыз жазбаса Адахан Мадумаров Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагынан чыгышы мүмкүн.

Мыйзам боюнча райондук соттун чечимине каршы тараптар өкүм чыккандан кийин 30 күндүн ичинде кийинки инстанцияга кайрылышы керек.

Адахан Мадумаровго эки кылмыш иши козголуп, бир өндүрүшкө бириктирилген.

Биринчиси - Кыргыз-тажик чек арасындагы тилке боюнча 2009-жылы протоколго кол койгону үчүн ага “Мамлекеттик чыккынчылык” деген берене менен айып тагылууда. Президент Садыр Жапаров буга чейинки маектеринде ошол протоколдун айынан Баткендеги Төрт-Көчө талашы жаралып жатканын билдирген. Саясатчы ал протоколдун юридикалык күчү жок экенин айтып келет.

Экинчиси - Чыңгыз Абдымомунов аттуу адам 2015-жылы “Бүтүн Кыргызстан” партиясына 50 миң доллар бергенин айтып, аны кайра кайтарып берүү өтүнүчү менен милицияга арыз жазган. Бул факты боюнча “Алдамчылык” беренеси менен кине коюлган. Бул ишке байланыштуу “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Акыл Айтбаев да айып коюлган.

Адахан Мадумаровду 2023-жылы 2-сентябрда кармалган. Ошондон бери Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) убактылуу кармоочу жайында жатат. Ал өзүнө коюлган айыптарды четке кагып, соттун чечимин “жапайычылык” деп баалаган. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG